Путиндин резиденциясына ким сокку урду? Орусиянын "далили", АКШнын бүтүмү

Сүрөттүн булагы, Министерство обороны РФ/EPA/Shutterstock
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
Орусиянын Коргоо министрлиги бейшемби күнү АКШнын элчилигине украиналык дронду башкарган шайман делген предметти тапшырды. Алардын ырасташынча, бул шайман 29-декабрга караган түнү Украина Путиндин Валдайдагы резиденциясына дрондор менен чабуул койгонун далилдейт. Мунун алдында америкалык алдыңкы гезиттер АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) бир нерсени аныктаганын жазып чыгышкан: Украина Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке өзүнө да, анын резиденциясына да кол салууга аракет кылган эмес.
Бейшембиде орусиялык аскерий мекеме тараткан видеодо аскердик чалгын кызматынын башчысы адмирал Игорь Костюков тунук баштыкка салынган буюмду АКШнын Москвадагы элчилигинин аскер атташесинин аппаратына өткөрүп берип жатканын көрүүгө болот.
"Биз силерге бул дронду башкаруучу шайманды жана биздин адистердин сүрөттөмөсүн бергибиз келет. Бул кадам бардык суроолорго жооп берип, чындыкты аныктоого салым кошот деп ишенебиз", - дейт видеодо Орусиянын Башкы штабынын башкы башкармалыгынын (ГРУнун) жетекчиси:
"Орусия Федерациясынын атайын кызматтарынын адистери дрондогу маалыматтардын навигациялык башкаруучуларынын эс тутумунун мазмунун чечмелеп чыгып, бир нерсени так аныктады: Орусия Федерациясынын президентинин Новгород облусундагы резиденциясы чабуулдун бутасы болгон", - деп билдирди адмирал Костюков.

Сүрөттүн булагы, Russian Defence Ministry Press Service via EPA
Мунун алдында Орусиянын Коргоо министрлиги атайын кызматтардын адистери атып түшүргөн украиналык дрондордун биринин сыныктарынан "учуунун миссиясынын файлын" тапканын билдиришкен. Алардын ырасташынча бул файлды чечмелей келгенде украиналык дрондордун бутасы "Орусия президентинин резиденциясынын объектилеринин бири" болгонун көрсөткөн.
The New York Times гезити америкалык аткаминерлерге таянып, мындан бир күн мурда Кошмо Штаттардын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Жон Рэтклифф АКШ президенти Дональд Трампка америкалык чалгын кызматынын тыянактары тууралуу маалымат берген. Бул тыянактарда Украина Путиндин резиденциясына чабуул коюуга аракет кылган эмес деп айтылат.
ЦРУ комментарий берүүдөн баш тартты, ал эми Ак үй бул суроого жооп АКШ президентинин соцтармактардагы билдирүүсүнөн табууга болорун билдирди.
Трамп чалгын кызматынын маалыматтары ынандырарлык деп түз мойнуна алган жок, бирок шаршемби күнү, 31-декабрда, ал өзүнүн Truth Social соцтармагында New York Post гезитиндеги макалага шилтеме жасады. Бул макалада Украина сокку жасабаса керек деп ырасталат. Трамп соцмедиага макаланын аталышын чыгарды:
"Путинге коюлган "чабуул" тууралуу дүңгүрөп чыккан билдирүүлөр дүйнөнү бөгөттөп жаткан дал ушул Орусия өзү экенин көрсөтүп турат".
The Wall Street Journal гезити бул пост ЦРУнун директору Жон Рэтклифф президентке кырдаал тууралуу маалымат бергенден кийин пайда болгонун жазды. Бул маалыматты Reuters агенттигинин булактары да тастыкташты.

Сүрөттүн булагы, RussianDefence Ministry Press Service via EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
NYT белгилегендей, Орусия резиденцияга чабуул тууралуу ырастоолорду ансыз деле оор өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө катаал позициясы менен сестендирүү үчүн колдонгон. Ошол эле учурда Москва чабуул тууралуу эч кандай ынанымдуу далилдерди бере алган жок.
Америкалык чалгын кызматынын тыянактары Москванын айыптоолорун четке кагып жаткан Украинанын позициясына дал келет.
АКШнын маалыматы боюнча, Украина Путиндин резиденциясы жайгашкан аймактагы аскерий объектиге сокку урууга аракет кылган. "Бирок резиденциянын жанында эмес", - деп билдирди чалгын маалыматтары менен тааныш болгон америкалык аткаминер.
АКШнын чалгын кызматында Орусиянын аба мейкиндигине, аскерий аракеттерине жана анын аймагындагы чабуулдарга спутниктер, радарлар жана байланышты кармап калуу жолу менен байкоо жүргүзүүнүн бир катар ыкмалары бар.
The New York Times гезити бир нече ири иликтөөлөрүндө 2014-жылдан баштап ЦРУ жана британиялык MI6 Украинанын атайын кызматтары, биринчи кезекте ГУР аскердик чалгын кызматы менен терең жана тыгыз кызматташтыкты түзө алганын жазган. Ушул аптада жарыяланган макаладагы маалыматка ылайык, Киевдин Вашингтон менен алакасындагы кыйынчылыктарга карабай Рэтклифф ЦРУнун башына келгенде бул кызматташтык Трамптын администрациясы тушунда да уланды.
Орусиянын билдирүүлөрү жана Украинанын реакциясы
Орусиянын Аба-космос күчтөрүнүн зениттик-ракета аскер башчысы Александр Романенков 29-декабрга караган түнү Путиндин Новгород облусундагы резиденциясына чабуул алыс аралыкка учкан дрондор менен коюлганын билдирди.
Орусия Путиндин резиденциясына карай 91 дрон учурулганын, бирок алар Брянск, Смоленск, Тверь жана Новгород облустарынын аймактарында атып түшүрүлгөнүн ырастайт.
Орусиялык аскерлердин айтымында, Украина дрондорду Сумы жана Чернигов облустарынын аймактарынан учуруп, алар көп өтпөй атып түшүрүлгөн. Орусиянын аймагында курмандыктар жана кыйроолор болгон жок.

Сүрөттүн булагы, Министерство обороны РФ/EPA/Shutterstock
Владимир Зеленский мунун алдында "Украинанын куралдуу күчтөрү Путиндин резиденциясына чабуул койду" деген билдирүүнү жалган деп атаган. Ал ошондой эле орусиялыктар Украинанын баш калаасынын борборундагы мамлекеттик имараттарга кезектеги чабуулун даярдап жатышы мүмкүн экенин эскертти.
Ал ушундай чабуулдар болгонун да эске салды – 7-сентябрга караган түнү, Орусиянын масштабдуу чабуулу учурунда Министрлер Кабинетинин имаратына "Искандер" ракетасы учурулган. Украинанын Ички иштер министрлиги ошондо Би-Би-Синин Украин кызматына билдиргендей, орусиялык "Искандер" Украинадагы өкмөттүк кварталды атайлап бутага алган.

Сүрөттүн булагы, ДСНС Киева
Украинанын президенти ошондой эле Москва Путиндин резиденциясына чабуул тууралуу Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусунан кийин эле айта баштаганын баса белгиледи.
"АКШ менен тирешпесек, бирок мамиледе жылыш болсо да, орусиялыктар үчүн бул жаман жышаан. Алар бул согушту токтотууну каалашпайт", - деди президент.
Көп өтпөй орусиялык медиа каражаттары Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковго таянып жазгандай, Трамп телефон аркылуу сүйлөшүү маалында Путинден Киев Орусиянын президентинин резиденциясына чабуул коюуга аракет жасаган деген маалыматты укканда нес абалда калган.
"Ал мындай алаңгазар аракеттерди элестете да албай турганын айтты", - деди Ушаков.
Дональд Трамп Путин ага Новгород облусундагы резиденциясына чабуул коюу аракеттери болгону тууралуу айтканын ырастады.
"Бул тууралуу мага ким айтканын билесиңерби? Президент Путин эртең менен ага кол салуу болгонун айтты. Бул жаман", - деди Трамп.
Ошол эле маалда Трамп кол салуу тууралуу айтылгандар жалган чыгып, кол салуу болбошу мүмкүн экенин да мойнуна алды. (ZMa)











