Майлуу-Суу заводундагы кырдаал: Өкмөт айлык маселесин чечерин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев 2-январда Жалал-Абад облусунда заводдун кызматкерлери менен жолукту

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2-январда Жалал-Абад облусунда Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолукту

Би-Би-Синин жаңылыктарын жана эксклюзивдүү баяндарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлеринин айлык маяналары 2026-жылдын яварь айынын аягына чейин толук төлөнөрүн билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 2-январда Жалал-Абад облусунда заводдун кызматкерлери менен болгон жолугушууда айтты.

Минкабдын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, президент Садыр Жапаровдун ыкчам тапшырмасынын негизинде өткөрүлгөн отурумда ишкананын учурдагы абалы, өндүрүштүн көлөмү, кызматкерлердин эмгек акысы жана заводду сактап калуу боюнча келечектеги иш-аракеттер талкууланды.

Завод кызматкерлерине төлөнбөй келген акыркы үч айлык эмгек акыны төлөө боюнча өкмөт маселени чечери айтылды.

"Өндүрүш толук жанданганга чейин заводдун кызматкерлери убактылуу эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгарылары маалымдалды. Өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү каалаган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык компенсациялар төлөнүп берилээри кошумчаланды",-деп берилет Министрлер кабинетинин тараткан маалыматында.

Бакыт Төрөбаев заводдун ишин жандандыруу максатында атайын жумушчу топ түзүлөөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал учурда заводдо чыгарылып жаткан лампаларды (лампа накаливания) өндүрүү токтотуларын айтып, мындай продукция дүйнө жүзүндө колдонулбай калганын билдирди.

Буга чейин аталган ишкананын кызматкерлеринин жарымы кыскарууга дуушар болгону белгилүү болгон

Сүрөттүн булагы, courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буга чейин аталган ишкананын кызматкерлеринин жарымы кыскарууга дуушар болгону белгилүү болгон

Буга чейин аталган ишкананын кызматкерлеринин жарымы кыскарууга дуушар болгону белгилүү болгон. Жумушчулар бийликке кайрылып, заводдо иш токтоп, жумушчулар үч айдан бери маяна ала электигин, иштен кетүүгө мажбурланып жатышканын билдиришкен.

Майлуу-Суу заводундагы кырдаал төртүнчү 25-26-декабрда өткөн элдик курултайда да көтөрүлгөн. Аймактан келген делегат заводдо кырдаал оор экенин айткан. Президент Садыр Жапаров заводго каражат бөлүнгөнүн, аны сактап калуу керектигин билдирген:

"Жарым жыл мурун иш баштаганбыз. Бир миллиард сом бердик. Биз ушуну өлтүрбөй жандандырып, тирилтип, өнүктүрүп кеткиле деп айттык. Мамлекеттик компаниялар негизи жакшы иштечү эмес да, банкрот кылып туруп, жеке менчикке сатылып кетчү. Биз болсо, тескерисинче, кайра жандандырып жатабыз. Кудай буюрса, иштеп кетет го деп ойлойбуз, бир миллиард сом менен иштете албаса анда ал өлүк адам, өлүк жетекчи болот", – деген Жапаров.

Майлуу-Суу заводу 1967-жылы ишке кирген. Көп жылдар бою Борбор Азияда лампанын 40тан ашуун түрүн чыгарган белгилүү өндүрүш жайы болгон. 2009-жылы кризистик абалга кептелген. 2021-жылы Каржы министрлигине өтүп, 2022-жылы ишкананы колдоого бир миллиард сом бөлүнгөн.