Эгемен Кыргызстандын эл аралык аброю кандай өзгөрдү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Венера Осмокеева
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
2026-жылы Кыргызстан эгемендигинин 35 жылдыгын белгилейт. Бул мезгилде өлкө өзүн мамлекет катары калыптандыруу жолун басып өттү, саясий жана экономикалык сыноолорду башынан кечирди. Ошол эле учурда кайталанган революциялар, туруксуз саясат жана экономикалык чектөөлөр өлкөнүн аброюна доо кетирген учурлар да болду. Кыргызстан эгемендигинин 35-жылын дүйнөдө жана чөлкөмдө кандай имиджи менен баштаганы турат? Бул убакыт аралыгында мамлекет өзүнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркын канчалык бекемдей алды? Би-Би-Си борборазиялык талдоочуларды кепке тартты.
Эгемендик алгандан кийинки 35 жыл ичинде Кыргызстан эл аралык коомчулуктун көз алдында ар түрдүү образдарды жаратты. Кээде "революциячыл өлкө", кээде "туруксуз мамлекет" катары сыпатталып келди.
"Батышта Кыргызстан тууралуу кеңири түшүнүк калыптана элек"
Карнеги борборунун Берлиндеги эксперти Темур Умаров Кыргызстан эгемендик алган 35 жыл ичинде өлкөнүн эл аралык имиджи туруктуу болбогонун айтты. Анын баамында, өлкө Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер үчүн башка, Орусия үчүн өзүнчө, Батыш өлкөлөрү, ошондой эле Чыгыш мамлекеттери жана Кытай үчүн өзүнчө образды калыптандырды.
"Бул өңүттөн караганда, Кыргызстан соңку 35 жыл ичинде олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирди. Ошол эле маалда өлкө жетекчилигинин дүйнөдө ордун табуу түшүнүгү да убакыт өткөн сайын өзгөрүп турду. Маселен, 1990-жылдардын башында Кыргызстанды Борбор Азиянын Швейцариясына айлантуу дымагы чоң эле. Бирок ишке ашкан жок. Андан кийин өлкөнү Борбор Азияда каржы жана инфраструктуралык байланыштарды бириктирген, аймактагы негизги түйүнгө айлантуу идеясы айтылып, ал деле орундалбай калды. Кийин геосаясий тең салмакты сактоого аракет кылды. Бир эле мезгилде америкалык да, орусиялык да аскер күчтөрү жайгашып, бирок 2010-жылы бул саясат да жок болду. Садыр Жапаровдун тушунда болсо, өлкө Борбор Азиядагы авторитардык башкарууга ыңгайлашууга аракет кылууда",- деди Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Темур Умаровдун айтымында, буга чейин коңшулар Кыргызстанды ашыкча саясий эркиндиктен улам туруктуулугу бузулган, башаламандыкка жакын өлкө катары сүрөттөп келген.
Башкача айтканда, Кыргызстан аймактагы демократиянын тобокелдиктерин көзгө сайып көрсөтүп турган өлкө катары сыпатталган.
Ошол эле учурда дүйнөнүн айрым мамлекеттер тарабынан "Борбор Азиядагы демократиялык аралча" катары таанылган.
Эксперт акырындап Кыргызстандын мурдагы эркин өлкө аты өчүп, аймактагы башка авторитардык мамлекеттердин ыкмасына ооп бара жатканын, мындай өзгөрүү өлкөнүн региондогу имиджине да таасир этиши мүмкүндүгүн кошумчалады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Батышта Кыргызстан кандай өлкө экени тууралуу кеңири жана так түшүнүк калыптана элек. Өлкө менен түз иш алып барган инвестициялык, саясий же дипломатиялык чөйрөдөгү айрым тармактарды эске албаганда, көпчүлүк Кыргызстанды билбейт деле. Ошондуктан жалпы эл аралык деңгээлде Кыргызстандын так калыптанган имиджи жок десек болот",- деди Борбор Азия эксперт Темур Умаров.
Бирок эгемендик жылдары Кыргызстан үчүн толугу менен ийгиликсиз болгон деп айтууга болбойт. Умаров көз карандысыздыктын эң баштапкы мезгилинде өлкө үчүн маанилүү болгон бир катар кадамдар жасалганын белгилейт. Анын айтымында, ошол учурда инвестициялык долбоорлорду тартууга аракет көрүлүп, бир катар дүйнөлүк лидерлер жана эл аралык өнөктөштөр менен макулдашуулар түзүлгөн. Бул кадамдар жаш мамлекет үчүн тышкы байланыш түзүүгө жана кадыр-барк күтүүгө негиз болгон.
Ошондой эле ал кыргыз активисттеринин эл аралык деңгээлдеги жигердүү ишмердүүлүгү, өлкөнүн чет элдик институттардан олуттуу колдоо таба алганы Кыргызстанды тышкы аренада белгилүү бир деңгээлде таанылуусуна өбөлгө түзгөнүн белгиледи.
"Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстан мындай мүмкүнчүлүктөрдү кеңири пайдалана алды. Бирок бул көрүнүштү баары эле жетишкендик катары баалай бербейт. Айрымдар муну тескерисинче, мамлекеттин тышкы колдоого көз карандылыгынын белгиси катары көрүшөт",- деп кошумчалады Умаров.
"Реалдуу мүмкүнчүлүктөрү болду"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Казакстандык талдоочу Димаш Алжанов эгемендик алган жылдар ичинде коңшу өлкөлөр арасында да, эл аралык деңгээлде да Кыргызстандын өзүн оң жактан таанытууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрү болгонун айтат. Бирок аны туруктуу жана толук кандуу ишке ашыра алган жок.
Эксперттин баамында, саясий да, экономикалык да реформалар күткөндөй деңгээлде ишке ашкан эмес. Кайсы бийлик болбосун өлкөдө адилеттүү оюн эрежелерин түзө алган жок, мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшырта алган эмес, ошондой эле коррупцияны жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну ооздуктоого кудурети жеткен жок.
"Натыйжада туруктуу либералдаштыруу да, экономика жана башкаруу тармагында да көзгө көрүнүктүү реформалар ишке ашпады. Авторитаризм жагынан салыштырмалуу жумшагыраак болгон режим элитанын жана коомдун басымдуу бөлүгүнүн нааразылыгына туруштук бере алган жок. Бирок Кыргызстандагы революциялык окуяларды толук терс көрүнүш катары кабыл алуу туура эмес. Дал ошол революциялардан кийин (Бакиев бийликтен четтетилген соң) кыргыз коому жана саясий күчтөр президенттин ыйгарым укуктарын чектөөгө жетишти. Парламенттин укуктарын кеңейтти. Кыска убакытка болсо да саясий атаандаштыкты камсыздап, жарандык коомдун институттарын бекемдей алды",- деди ал.
Бул жагынан алганда, өлкө коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Борбор Азиядагы эркин өлкө катары эл аралык коомчулукка тааныла алганын айтты.
Бирок учурдагы кырдаалга токтолуп, Кыргызстан мурдагыдай демократиялык өлкө деген репутациясын жоготконун баса белгиледи. Анын баамында, бүгүнкү күндө өлкө авторитардык коңшуларынан дээрлик айырмаланбайт, эл аралык аренада да Борбор Азия аймагына мүнөздүү негизги тенденцияларды ээрчип келе жатат.
"Жалпылап алганда региондогу өлкөлөр саясий, экономикалык институттарынын туруктуулугу жана натыйжалуулугу жагынан айырмаланбайт. Регионалдык контекстте Кыргызстан авторитардык коңшулары менен бир катарда келе жатат. Алар менен кызматташтыкты күчөттү. Украинадагы согуштан улам жаралган коопсуздук коркунучтарынын шартында мындай ыкма оң көрүнүш катары кабыл алынууда. Эл аралык аренада Кытай, Орусия жана башка мамлекеттер өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн саясий туруктуулукту күтөт. Учурда дүйнө өлкөлөрү Борбор Азия менен мамиле түзүүгө көбүрөөк ыктап жатат. Ошол эле учурда бул мамлекеттерде башкаруу кандай жүргүзүлүп жатканына анчейин көңүл бурган жок. Негизги басым Борбор Азия өлкөлөрүн эл аралык саясатта өз алдынча оюнчу, өз кызыкчылыгы бар субъект катары кабыл алууга жасалууда. Мындай мамиле бурмаланган, жалган элес жаратышы мүмкүн. Эми Кыргызстан коңшу өлкөлөр сыяктуу сырткы кызыгууларды колдонуп экономикага инвестиция, технология тартууга, көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана өнүгүүгө жол ачкан мүмкүнчүлүккө жете алабы? Ушу маанилүү. Саясатта өлкөнүн аброю чоң роль ойнойт. Ал экономикалык, саясий жана маданий жетишкендиктерге негизделиши керек. Бирок Кыргызстанда бул нерселер азырынча жок",- деди эксперт.
"Чет өлкөдөн инвестиция тартуу өлкө экономикасынын эң алсыз бөлүгү бойдон калды"

Сүрөттүн булагы, screenshot
Өзбекстандык саясат талдоочу Алишер Илхамов Кыргызстан экономикасынын соңку 35 жылдагы абалына токтолду. Айтымында, өлкө экономикалык өсүштү Сооронбай Жээнбековдун убагын эске албаганда бардык президенттик режимдин тушунда камсыздай алды.
"Ал учурда пандемия башталып кетти. Азыр да президент Жапаровдун тушунда ИДӨ (ички дүң өндүрүм) олуттуу өсүүдө. Менин оюмча, бул Кыргызстан Өзбекстанга караганда рыноктук экономиканы тезирээк өздөштүргөнү менен байланыштуу болду. Казакстан да ушундай жол менен алдыга чыкты. Натыйжада өлкө бул өзгөрүүлөрдөн пайда көрдү. Мына ушул ишкердик демилгеси өлкөнүн экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизди",- деди ал.
Илхамов Кыргызстандын географиялык абалын дагы экономика үчүн маанилүү фактор катары карады.
"Кыргызстан Кытай сыяктуу чоң экономика менен чектеш жайгашканы бул чоң артыкчылык. Өлкөнүн Борбор Азиянын башка мамлекеттери үчүн транзиттик аймак болушу да экономиканын олуттуу өсүшүнө өбөлгө түздү. Бирок Евразия экономикалык биримдигине кошулуу Кытай менен болгон байланыштарды чектеп, бул таасирди азайтты. Деген менен Евразия өлкөлөрү менен эркин соода-сатык жүргүзүү, төмөн бажы алымдарын камсыздоо сыяктуу артыкчылыктарга ээ болду",- деди эксперт.
Ошондой эле ал Кыргызстандын Европа базарларына жана деңиз соода жолдоруна чыгуу мүмкүнчүлүгү Өзбекстан сыяктуу эле чектелүү экенин белгиледи. Европалык жана башка Батыш өлкөлөрүнүн базарына жетүү кыйын болгондуктан инвесторлор Кыргызстан рыногуна анчалык кызыкпайт.
"Бул көрүнүш Кыргызстанга гана эмес, Өзбекстанга да тиешелүү. Мындан тышкары, чет элдик инвесторлордун укуктарын бузган эксцесс окуялар да экономикалык өнүгүүгө терс таасирин тийгизди",- деди ал.
Эксперт белгилегендей, учурдагы экономикалык өсүш негизинен инфраструктуралык долбоорлордун эсебинен камсыздалууда. Аларга Кытайдан Европа базарына чейин жол ача турган "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун, гидроэлектростанциялардын, турак-жайлардын курулушу кирет.
"Өкмөт "Кумтөр" алтын кенин өз көзөмөлүнө алды. Бул экономиканы жакшыртууга оң таасир берип, экспорттун өсүшүндө негизги ролду ойноду. Экинчи жагынан алып калаганда, бул жагдай чет өлкөдөн инвестиция тартууга канчалык шарт түзөт деген суроо жаратат. Менин оюмча, Кыргызстан азаттык алган жылдардан бери чет өлкөдөн инвестиция тартуу өлкө экономикасынын эң алсыз бөлүгү бойдон калууда",- деди Илхамов.
Ошондой эле ал колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз кылып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бири да, алардын арасында Кыргызстан мыйзам үстөмдүгү жана сот адилеттигинин көз карандысыздыгы багытында олуттуу ийгиликке жетише албаганын белгиледи.
Чөлкөмдү жакшы билген айрым эксперттер "Кумтөрдү" 1990-жылдардагы Кыргызстандын эң ийгиликтүү инвестициялык долбоорлорунун бири катары баалашат. Темур Умаровдун айтымында, бул өз убагында Борбор Азиядагы эң ири алтын өндүрүүчү ишкананы курууга шарт түзгөн долбоор болгон.
"Ишкана бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн болжол менен 10 пайызын камсыздап келет. Эгер эл аралык мамилени ала турган болсок Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан дүйнөлүк экономикага салыштырмалуу эртерээк жана ийкемдүү интеграцияланып кетти. Борбор Азиянын ичинде гана эмес, Азия аймагындагы соода байланыштарды бири-бири менен туташтырып турган маанилүү чынжырчага айланды. Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна, кийинчерээк Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу экономикалык жактан маанилүү чечимдерди бири болду. Айрыкча соңку жылдары алардын таасири даана сезиле баштады",- деди ал.
Кыргызстан Борбор Азиядагы эң жагымдуу инвестициялык өлкөгө айланабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал ортодо жыл жыйынтыгын чыгарып жатып кыргыз бийлиги соңку төрт жылда өлкө экономикасы мурда болуп көрбөгөндөй ылдам темп менен өскөнүн айтты.
Бул тууралуу IV элдик курултай маалында президент Садыр Жапаров да баса белгилеп, муну негизги тармактарды комплекстүү өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун жемиши катары баалады.
"Соңку үч жылда ИДПнын орточо өсүү темпи 9,8 пайызды түздү. Быйыл да экономикалык активдүүлүк жогору бойдон сакталды. 2025-жылдын 11 айында ИДПнын реалдуу өсүшү 10,2 пайызга жетип, эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү. Эл аралык валюталык фонддун маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдынкы үч өлкөнүн катарына кирди. Бул биздин экономикалык саясатыбыздын натыйжалуулугун, улуттук стратегиянын туура экендигинин жана элдин тынымсыз эмгегинин айкын далили. Эгерде 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,7 млрд сом болсо, быйылкы көрсөткүч боюнча 1 триллион 93 млрд сомдун чегине жетти. Кыска тарыхый учур үчүн бул дээрлик төрт эселеген өсүш. Мындай динамикалык өсүш өлкөнүн каржылык негизинин бекемделип жатканын жана жүргүзүлгөн реформалардын тууралыгын көрсөтүүдө",- деди ал.
"Кумтөр" кенинен эле өлкө быйылкы жылы 678 миллион доллар таза киреше тапканын айтып, 2020-жылга чейин 1 миллион доллар да киреше бербеген "Кыргызалтын" быйылкы жылда 200 миллион долларлык киреше бергенин кошумчалады.
Жапаров Кыргызстан иштөөгө, өндүрүүгө жана экспорттоого ыңгайлуу өлкө болуп калды деген баасын берди.
Негизги капиталга инвестициялар өсүп, Кыргызстан эл аралык бизнес үчүн барган сайын жагымдуу өлкөгө айланып баратат деди:
"Чет элдик инвестициялардын өсүшү, ири компаниялардын кызыгуусу, ресурстарыбызга, инфратүзүмдөрүбүзгө жана реформаларыбызга көңүл бурушу биздин туура жолдо бара жаткандыгыбыздын көрсөткүчү. Инвесторлор өздөрүн мамлекет тарабынан ишенимдүү коргоодо тургандыгын сезиши үчүн бардык чараларды көрүүдөбүз. Инвестициялык процедураларды жөнөкөйлөтүп жатабыз. Макулдашууларды кыскарттык, бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салдык, санариптик кызматтарды киргиздик. Инвестициялар ар бир региондун, ар бир сектордун кыймылдаткыч күчүнө айланышы керек. Биз Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң жагымдуу инвестициялык чөлкөмдөрдүн бирине айландыруу үчүн ачык, өнөктөштүк саясатын улантабыз. Жеке жана чет элдик капитал коопсуздукта сакталган жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар өлкөнү курабыз".
Коопсуздук маселеси кантти?
Жапаров Кыргызстан эгемендик алган жылдардагы эң оор жана көп жылдык сыноолордун бири - бул мамлекеттик чек аралардын так аныкталбай келиши болгонун айтты.
Кесепетинен өлкө узак жылдар бою элдин тынчын алган татаал мезгилдерди, ал түгүл кандуу окуяларды баштан кечиргенин эске салды.
"Чек арасы такталбаган өлкө юридикалык жактан толук калыптанбаган, өз мамлекеттүүлүгүн коргоодо алсыз өлкө болуп саналат. Чек ара маселесинин толук чечилиши, жөн гана жетишкендик эмес, бул - өлкөнүн коопсуздугу жана толук көз карандысыздыгы үчүн кепилдик. Чек ара маселесинин толук чечилиши менен биз жаңы тынчтык, ынтымак жана ишеним дооруна кадам таштадык. Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен болгон чек ара көйгөйүнүн тынчтык жолу менен толук чечилиши аркылуу Кыргызстанда эле эмес, жалпы Борбор Азиядагы коопсуздук камсыздалды",- деди ал.
Эксперт Темур Умаров соңку жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамиледе олуттуу өзгөрүү болгонун белгиледи. Анын айтымында, регион ичинде мамлекеттер бири-бирин мурдагыдай атаандаш же каршылаш катары кабыл алуудан баш тартып, кызматташууга көбүрөөк көңүл бура баштады.
Бул өзгөрүү Кыргызстандын коңшуларына болгон мамилесинен да байкалууда. Умаров белгилегендей, расмий Бишкек мурдагыдай улутчул риторикадан алыстай баштады.
"Айрыкча мурда Тажикстанга карата тышкы душман катары айтылып келген айыптоолор жана касташкан билдирүүлөр азыр таптакыр жоголду. Анын баары артта калды. Бул 35 жыл аралыгындагы регионалдык саясаттагы эң негизги жана алгачкы өзгөрүү",- деди ал.
Ички коопсуздук маселесине токтолгон эксперт коопсуздукка байланышкан тобокелдиктер толук жок болуп кетпегенин, анын мүнөзү гана өзгөргөнүн белгиледи.
"Мурда Кыргызстанда негизги коркунуч саясий элитанын ичиндеги курч атаандаштык болуп келген. Бул президенттердин ортосундагы ачык тирешүүлөргө жана саясий кризистерге алып келсе, азыркы шартта абал башкача. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликти толук өз колдоруна топтогондон кийин, оппозиция катары саналган топторду дээрлик тазалады. Учурда бийлик жана чечим кабыл алуу өтө тар чөйрөдөгү адамдардын колуна топтолуп калды. Мындан улам потенциалдуу коркунуч да тыштан эмес, дал ошол башкаруучу топтун ичинен чыгышы мүмкүн. Эгер бийликтин ичинде ажырым же пикир келишпестик пайда болсо, дал ошол жагдай жаңы туруксуздуктун булагы болуп калышы ыктымал",- деди Умаров.

Сүрөттүн булагы, social media
АКШнын Бостон шаарындагы Түндүк-Чыгыш университетинин профессору Бакыт Бешимов 1990 жана 2010-жылдардагы Ош окуялары, радикал идеологиялардын жайылышы жана Ооганстандан келип чыккан "тоо ашкан" коркунучтар Кыргызстандын коопсуздук системасы канчалык алсыз болгонун даана ачып бергенин билдирди.
Айтымында, 2010-жылдан кийин бийлик коопсуздук тармагын күчөтүүгө багытталган саясатты тандап, укук коргоо органдарына жана чек ара кызматтарына инвестиция сала баштады.
Ошол эле маалда тышкы коопсуздук фактору катары Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) механизмдерине таянуу күчөдү. Бирок бул чаралар аймактагы чыңалууларды толук алдын ала алган жок.
"Жалпысынан Борбор Азия Батыш менен бир тарапта, Орусия-Кытай менен экинчи тарапта тирешкен глобалдык каршылыктын негизги аренасына айланды. Ошол эле учурда Түркия, Иран, Израил жана Перс булуңунун мамлекеттери сыяктуу регионалдык күчтөр энергия, инфраструктура жана коопсуздук демилгелери аркылуу өз таасирин күчөтүүдө. Бул актёрлор менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы саммиттер региондун өсүп жаткан стратегиялык маанисин айгинелейт. Кыргызстан үчүн бул жагдай бир эле убакта мүмкүнчүлүктөрдү да, жогорулатылган тобокелдиктерди да жаратат",- деди ал.
Адистердин айтымында, Кыргызстан соңку 35 жыл ичинде эл аралык аренада толук кандуу жана туруктуу имиджге ээ болуп кетти деп айтуу кыйын.
Адам укуктарына жана сөз эркиндигине байкоо салган эл аралык уюмдардын рейтингдеринде да Кыргызстандын көрсөткүчтөрү бир кылка эмес. Маселен, Freedom House уюмунун "Дүйнөдөгү эркиндик" аттуу жылдык баяндамасында Кыргызстан 2009-жылдан бери Борбор Азиядагы жалгыз "жарым жартылай эркин өлкө" деген макамын сактап келип, 2021-жылы "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына кошулган. Өлкө андан берки беш жыл ичинде "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарынан чыга албай келет. Кыргыз бийлиги өлкөдө адам укуктары жана сөз эркиндиги чектелгени тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.












