Футбол: Англиянын “аты” алкынып, Ирандын “ити чөп жебей” турат

Англиялык футболчу Деклан Райс жеңишти майрамдоодо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Англиялык футболчу Деклан Райс жеңишти майрамдоодо

Катар өлкөсүндө өтүп жаткан Дүйнө чемпионаты акыркы тайпалык оюндарга келип жетти. Бул айлампада плей-оффко кайсы командалар чыкканы жана кимиси эртелеп түйүнчөгүн түйүнө турганы айкын болот. Кечээ “А” жана “В” тобунда плей-оффко суурулуп чыккан төрт команда анык болду, кененирээк футбол күндөлүгүнөн кеп салайын. Этегин чейин окуп, эп көрсөңүз бөлүшө кетиңиз...

Катар өз үйүндө томсорду, кайран миллиарддар...

Катар тайпадагы бардык оюндарда жеңилди, ал эми Нидерландия биринчи орундан 1/8 финалга чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катар тайпадагы бардык оюндарда жеңилди, ал эми Нидерландия биринчи орундан 1/8 финалга чыкты

Акыркы бир нече жылдан бери Катардын ички футбол лигасы дүйнөдөгү жылдыздарды кымбат акча менен чакырып, өз өлкөсүндөгү чемпионатты күчтөөнүн аракети менен келатат. Бул аракеттердин бардыгы Катардагы футболду күчтөп, калкты бул спортко кызыктыруу үчүн жасалган аракет эле. Бирок кандай иш аракеттер жүрбөсүн иш жүзүндө Катарда футбол илгерки эле илмийген абалда калганына күбө болдук.

Бул команда плей-оффко чыкпасы экинчи тайпалык оюндардан кийин эле билинип калган. Кечээ Катар – Нидерландия оюнунда Азиялыктар символикалуу упайга ээ болор бекен деген суроо турган. Бирок Европалыктар атаандашына кымындай да мүмкүнчүлүк бербей, болгон упайды бөктөргөн бойдон кетти.

Ал эми Катар өз үйүндө, калың элди каратып туруп, бир дагы упайы жок тайпалык оюндарды, аны менен чогуу Дүйнө чемпионатындагы сапарын жыйынтыктады. Жалпы эсеп; Катар – Нидерландия 0:2 жана Нидерландия “А” тайпасында ишеничтүү биринчи орунга чыкты.

Сенегалдын жомогу уланууда

Ал эми “А” тобунда экинчи плей-оффтук жолдомо Эквадор жана Сенегал ортосунда ойнотулду. Бул оюнда Эквадор үчүн тапшырма алда канча жеңил болчу. 1/8 бөлүккө чыгуу үчүн Латын Америкалыктар эң негизгиси утулбашы керек эле, атүгүл Сенегал менен тең ойноп койгон учурда деле жолдомо Эквадорго берилмек.

Сенегалдын жылдызы Калиду Кулибали экинчи гол киргизип, командасын 1/8 финалга алып чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сенегалдын жылдызы Калиду Кулибали экинчи гол киргизип, командасын 1/8 финалга алып чыкты

Максимум тапшырма менен чыккан африкалыктар алгачкы мүнөттөн баштап жеңиш үчүн жан үрөп киришти. Бактысы чабуулда тургандыктан кайра-кайра Эквадорду өз аянтында камалап жүрүп, биринчи таймдын этегинде өз голун таап алса болобу?

Аңгыча эле экинчи тайм башталып, эми 1:0 эсеп Эквадорду оор абалга салып койгондуктан, абал 180 градуска алмашты. Аянттын 68 пайызын Латын америкалыктар ээлеп алып, Эквадор бир бурчка шыкалып эле калышты. Өжөрлөнүп жүрүп Эквадор Кайседонун көмөгү менен 67-мүнөттө эсепти теңеп алып, өпкө ачышса да өх дегендей болду.

Эми тараза ташы Эквадорго ооп кеткенин билген африкалыктар кайра чабуулга жөнөштү, бактыга жараша үч мүнөт өтпөй өз голун кадап жиберди кайрандар. Айтор финалдык ышкырыкка чейин оюн чыңалган бойдон келип, дагы деле болсо Эквадор 1/8 бөлүккө чыкканына оюн бүткөндөн кийин да бир топко чейин ишене албай турушту. Жалпы эсеп: Эквадор – Сенегал 1:2 жана африкалыктардын сапары Дүйнө чемпионатында уланууда.

АКШ – Иран геосаясат коштогон оюн

Америкалык Юнус Муса ирандык Рамин Резаэян менен матчтан кийин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америкалык Юнус Муса ирандык Рамин Резаэян менен матчтан кийин
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“В” тайпасында АКШ менен Ирандын оюну кызыктуулугу жагынан өзгөчөлөнбөсө дагы саясый боёк менен дүйнөлүк медиа алдын ала эле беттешти ысытып салган эле. Андай болот, мындай болот деген саясатташкан божомолдордун илебине нан бышып турду чиркин…

Иран үчүн тапшырма алда канча жеңил эле. Тайпадан чыгыш үчүн тең чыгуу жетиштүү болмок, ал эми АКШ плей-оффко чыгуу үчүн утууга милдеттүү эле. Ушундан улам оюн башталгандан тарта америкалык футболчулар өздөрүн сабалап да, камчылап да кирди.

Кайсы бир учурда аянтта бир эле команда ойноп жаткандай элес болуп жатты. Кээ бир учурда ирандыктарды чабуулда таппай калып дагы жаттык. Ошентип жүрүп 38-мүнөттө АКШ көк беттикке сала берип бир голду "казып" чыгышты.

Андан кийин гана Иран футболчулары ойгонуп, чабуул уюштуралы десе, америкалыктар оюндун даамын татып алган экен, ар бир чабуулун жеңил эле коргоо менен майтарып жүрүп, оюнду жыйынтыктады. Жалпы эсеп; АКШ – Иран 1:0 жана америкалыктар плей-офф бөлүккө өз жолдомосун алып кетип отурат. "Гуд жоб", "гуд жоб" деп көрүүчүлөр кала берди.

АКШ тайпасында эч кимге утулбай 1/8 финалга экинчи орундан чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ тайпасында бир жеңиш менен 1/8 финалга чыкты

Ал эми экинчи жолдомо Англия жана Уэльс ортосунда ойнотулган. Бул оюнда Уэльстин абалы алда канча оор эле. Жөн гана жеңиш Уэльсти 1/8 бөлүккө алып чыкпайт болчу, Бейлдин командасы Англияны жок дегенде 4:0 менен утушу керек болчу.

Ал эми Англиянын чемпионатта ойноп жаткан оюндарынан кийин, мындай эсепке утулуп салчу команда эмес экенин байкадык.

Сүрөттө Аарон Рэмзи англиялык чабуулчу Харри Кейнди токтотууга аракет жасоодо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уэлстин капитаны Бейл командасына жардам бере алган жок. Сүрөттө Аарон Рэмзи англиялык чабуулчу Харри Кейнди токтотууга аракет жасоодо

Жыйынтыгында көпчүлүгү күткөндөй эле Англия футболчулары Уэльсти тууган элек деп аяп да койгон жок, оюн башталгандан бүткөнгө чейин Уэльсти бурчка кысып алып, баш көтөртпөй ойноду. Жалпы эсеп; Англия – Уэльс 3:0 жана англиялыктар “В” тайпасында 7 упай менен биринчи орунду ээледи, АКШ 5 упай менен экинчи орунду алып, плей-оффко жөнөштү.

Бүгүн “С” жана “D” тобунда оюндар уланат, бул оюндар тууралуу кезектеги күндөлүктөн төкпөй-чачпай айтып бермекчибиз. Жашыл майсаңда топ кубалап, тим эле кайып чуркагандарды куюн көтөн мамыттар десем боору эзилгендер болду. Кана эми кийинки оюндарга алдын ала билермандык кылып, корөгөч мамыт боло салгылачы бай болгурлар. Азил чыны аралаш футбол күндөлүгүн күндө окуп туруңуз…