Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салуу сунушталды

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусиянын айрым депутаттары Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен такси, коомдук транспорт айдоого тыюу салууну сунушташууда. Мындай кабар Орусиядагы кыргызстандык айдоочуларды кабатыр кылып турган кез. Демилге колдоо тапса, айдоочулук менен жан баккан кыргыз мигранттары кантээр экен деген беймаза суроо кабыргасынан турат. Айрымдар мунун жыйынтыгы кандай болоор экен, ошого жараша иш кылалы дебей азыртан эле тийиштүү аракеттерди көрүп, кокус кабыл алынган күндө дагы маселени оорчулугу жок чечип кеткидей ылажысын таап коюу керек дешүүдө.

Учкай таржымалы

Орусияда чет элдик айдоочулук күбөлүгү менен такси жана коомдук транспорт айдоого тыюу салган мыйзам 2017-жылдан 1-июнунан тартып иштеп баштаган. Бул учурда бир нече кыргызстандык айдоочулар ишсиз калышкан.

Көп өтпөй Кыргызстан менен Орусиянын бийлик жетекчилери cүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Мамдума "Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ошентип орус тилине расмий макам берилген Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына улуттук күбөлүктөрү менен айдоочу болуп иштөөсүнө уруксат берилген.

Азыр демилгеленип жаткан долбоордо кыргызстандыктарга берилген артыкчылыкты алып салуу сунушталууда. Мыйзам колдоо тапса Кыргызстандын жарандары Орусияда айдоочу болуп иштеши үчүн бул өлкөнүн күбөлүгүн алууга милдеттүү болот. Мыйзам долбоорунун максаты чет элдик айдоочулар катышкан жол кырсыктарын азайтууга багытталары айтылат.

Айдоочулар кыйналат

Эркинбек Жээнбеков көп жылдан бери Орусияда такси тармагында иштеп, таксопарк ачууга да жетишкенин айтат. Ал аталган мыйзам кабыл алынса кыргызстандыктар туш боло турган кыйынчылыктарды санап өттү:

"Айдоочулук күбөлүктү алмаштырып берип жаткан учурда орус тилинен сынак алышы мүмкүн. Ушул жагынан кыйынчылыктар болот. Анан окууну бүттү деген күбөлүгүңөрдүн котормосун алып келгиле деши мүмкүн. Алып келгенде көп нерселер дал келбейт. Айдоочулардын 50 пайызы кыйынчылык тартат. Ортодо акча менен аны бүтүрөм, муну бүтүрөм деген ортомчулар чыгат. Айдоочулар Кыргызстандан документтерин бүтүрүп кайра алып барышы керек болот. Бир айдоочулук күбөлүктү алмаштырганга кеминде 4-5 ай кетет. Бул убакыт ичинде бала-чакасын багууга, алган насыяларын төлөөгө ж.б. чыгымлдарына акчаны каяктан табышат?"

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусияда миңдеген кыргызстандыктар такси айдап иштейт

Элчилик эмне дейт?

Мыйзам долбоордун автору ЛДПР фракциясынын төрагасынын орун басары Ярослав Нилов. Ал ушул эле демилгени буга чейин да сунуш кылып, бирок колдоо тапкан эмес. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматынын башчысы Манас Жолдошбеков долбоор бул жолу да колдоо таппайт деген пикирде.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Акыркы жолу жайында Мамдуманын жетекчилиги жана профилдик комитеттин төрагасы менен бул маселени талкуулаганбыз. Ал жерден бизге, Кыргызстандын конституциясында орус тилинин расмий макамы бар үчүн кыргыз жарандарына чектөө киргизилбей тургандыгын так белгилеп айтышкан. Ошон үчүн мен бул демилге демилге бойдон эле калат деп ишенем. Биздин жарандарга эч кандай терс тасири тийбет”, – деди башкы консул.

Айрым адистер Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн тааныбоо тууралуу демилгени Мамдуманын же расмий Кремилдин так позициясы эместигин айтып жатышат. Бирок кыргызстанда кабыл алынган укуктук же кайсы бир чечимдер Орусия тарапка жакпай калса, мигранттарга чектөө киргизүү тууралуу ар кандай демилгелер көтөрүлө баштайт.

Алмазбек Атамбаев президент убагында Октябрь революциясын майрамдоо датасын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө алмаштырганда да Орусиянын бир нече депутаттары каршы пикирин билдирип, кыргызстандыктарга берилген жеңилдиктерди алып салууну сунушташкан. Мындай мисалдар көп.

Юрист Мирлан Токтобеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Юрист Мирлан Токтобеков

Буга чейин Орусияда эмгектенип келген кыргызстандык юрист Мирлан Токтобеков Кыргызстандын расмий органдары ар кандай кырдаалдарды алдын алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрө бериши керек дейт.

"Мыйзам долбоорун бардык тараптар менен макулдашуу жүрүп жаткан убакта Кыргыз Республикасынын расмий органдары, Тышкы иштер министрлиги, тышкы байланыштар боюнча органдары тез арада ыкчам аракет көрүп, долбоорго өздөрүнүн сунуштарын келтирип, мыйзам өткөн күндө да кийинки шарттарын оңдоп кете тургандай шарттарды түзүүгө болот”.

Кыргыз документине көз арткандар жок эмес...

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандын гана айдоочулук күбөлүгү Орусиянын аймагында эркин колдонулгандыктан, башка өлкөнүн жарандары да кыргыз документтерин ар кандай жолдор менен алууга ашыгышат. Жасалма паспорт, айдоочулук күбөлүктүн орусиялык жарнама сайттарда ушул күнү да айдан ачык эле сатылып жатканын көрүүгө болот.

Орусиянын аймагына кирип жаткан борборазиялык айдоочулар арасында Кыргызстандын жасалма айдоочулук күбөлүгүн колдонуу фактылары акыркы учурда көбөйүп кеткенин Оренбургдагы кыргыз юристи Урмат Жамгырчиев да билдирген.

"Айрым учурда биздин Кыргызстандын жарандары тилекке каршы, жасалма айдоочулук күбөлүктү жасатып алышып, сатып алышып, андан башка кошуна өлкөнүн жарандары дагы биздин айдоочулук күбөлүктөрдү колдонуп, аныкталган учурлар аз эмес. Айрыкча, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандарынын арасында биздин жасалма күбөлүктөрдү колдонуп жаткандардын саны аз эмес”.

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, Орусия жасалма күбөлүктөрдү аныктап берүү өтүнүчү менен Кыргызстанга айына ондогон өтүнмөлөрдү жиберип турат. Алардын жарымы базадан чыгат, жарымы чыкпай калат.

Орусиянын ИИМнине таянып жазылган маалыматтарда, чет өлкөлүк айдоочулардын айынан былтыр 43 миң жол кырсыгы катталган.