Орусия: Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн соодалаган шылуундар
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орусиянын Оренбург шаары Казакстан менен чектеш аймакта жайгашкан. Бул шаар - Борбор Азия менен Орусияны бириктире турчу транспорттук жол десек да болот. Күнүнө ондогон борборазиялык айдоочулар Кыргызстанга тийиштүү делген айдоочулук күбөлүктү көрсөтүп өтүшөт. Бирок, алардын баары тең эле мыйзамдуу боло бербейт. Тагырагы, жасалма айдоочулук күбөлүк менен бир гана Кыргызстандын эле эмес Тажикстан, Өзбекстандын жарандары кармалган учур көп катталууда. Би-Би-Сиге муну тастыктай турчу бир катар документтер келип түштү.
Анын бири 25 жаштагы Тажикстандын жаранына таандык документти расмий тастыктоочу өтүнмө.

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Орусиянын аймагында эркин колдонулат. Жеңилинен тарта жүк ташуучу унаага чейин Кыргызстандын күбөлүгү менен жүрө алышат. Бул мүмкүнчүлүк башка өлкөнүн жарандарын дагы кызыктырбай койбойт.
“Москва тарапты көздөй Оренбург аркылуу багыт алгандар, чек ара аркылуу ар кандай маселеге, көйгөйгө туш болушат. Алардын ичинде жасалма айдоочулук күбөлүктү колдонуу фактылары акыркы учурда абдан көбөйүп кетти. Анткени, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен Орусия ичинде такси же жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштей берсе болот. Айрым учурда биздин Кыргызстандын жарандары тилекке каршы, жасалма айдоочулук күбөлүктү жасатып алышып, сатып алышып, андан башка кошуна өлкөнүн жарандары дагы биздин айдоочулук күбөлүктөрдү колдонуп, аныкталган учурлар аз эмес, тилекке каршы. Айрыкча, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары биздин жасалма күбөлүктөрдү колдонуп, чыгып жаткандардын саны аз эмес”,- дейт Оренбургдагы кыргыз юристи Урмат Жамгырчиев
Урмат Жамгырчиев Оренбург шаарындагы Жергиликтүү маданий-улуттук автономиянын төрагасынын орун басары жана юрист. Ал Кыргызстанга тийиштүү, бирок шек жараткан документтер катталган учурда орусиялык укук коргоо органдары менен бирге иш алып барат. Тагырагы, документтерди текшерүү, котормочулук, шектүү жарандарга юридикалык кеңеш көрсөтүү иштерин жүргүзөт.
Анын колуна шек жараткан айдоочулук күбөлүк боюнча документтер көп түшүүдө.

Жасалма экенин кантип аныкташат?
Оренбургда ондогон өткөрүү пунктары бар. Жасалма документ көтөргөндөр биринен кайып өтсө, биринен өтө албай калышат. Акыркы күндөрү орус бийлиги дагы бул фактыга каршы күрөшүү үчүн текшерүүсүн мурдагыдан дагы күчөткөн. Мисалы, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн текшерүү үчүн маал-маалы менен буйрук келип турат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Документ шек жараткан учурда, орус бийлиги Кыргызстандын укук коргоо органдарына документти тастыктай туручу атайын өтүнмө жөнөтүшөт. Муну онлайн дагы текшерсе болот. Бирок, көпчүлүк учурда алар расмий өтүнмө жөнөтүшөт.
Кыргызстандан жооп келгичекти шектүү убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалат. Бул убакта текшерүү иштери жүрүп, документти кантип, кайдан алгандыгы тууралуу сурак берет. Андан кийин шаардын аймагынан чыкпоо талабы менен бошотулушу ыктымал.
Эгерде күбөлүк жасалма экени аныкталса, анда жергиликтүү мыйзамга ылайык 227-берене менен кылмыш иши козголот. Жазасы 10 миң рублдан өйдө айып пул же төрт жылга чейин эркинен ажыратуу. Эгерде шектүү тергөө менен кызматташып, күнөөсүн эртерээк мойнуна алып, укук коргоо органдарынын ишин жеңилдетсе анда тиешелүү өлчөмдөгү айып пул төлөп бошотулат. Шектүүнүн буга чейин мүнөздөмөсү начар болсо, мыйзам бузуулары бар болсо анда иши сотко өтүп, төрт жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Кыргызстан тана албайт?
Жасалма паспорт, айдоочулук күбөлүктүн Орусияда айдан ачык эле жарнамаларда сатылышы - кыргыз бийлиги үчүн жаңылык эмес. Буга каршы Санарип министрлиги, укук коргоо органдары иш жүргүзүп жатабыз деген менен, маселе тамырынан кыркыла элек.
Ички иштер министрлиги алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекеме бир айда Орусиядан жасалма күбөлүктү аныктай турчу 15ге жакын өтүнмө алышат. Тилекке каршы, алардын жарымы ишкананын базасынан чыкпай калат.
“Бир айда 10-15 өтүнмө келет. Бизге келгендердин жарымы базадан чыгат, жарымы чыкпайт. Бул факытлар Кыргызстандын аймагында катталбагандыктан, бир нерсе кылууга биздин компетенциябыз жок. Бирок, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан көп иштер жасалып жатат. Жалгыз эле айдоочулук күбөлүк эмес, паспорт жана автоунаанын техникалык паспорттору дагы жасалма болуп жатат”, - деп билдирди “Унаа” мекемесинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев.

Акыркы беш жылдан бери Ички иштер министрликтин эки өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү жасалма документтердин кылмыш жоопкерчилигин эскертип келишет. Документ жасаган шылуундар дагы кармалган учурлар бар. Бирок, ага карабастан Кыргызстанга тийиштүү жасалма документтерди 10 миң рублдан жогору баада сатылары интернет жарнамаларда азыр деле бар.
ID паспорт, айдоочулук күбөлүк - жарандын өздүгүн тастыктай туруучу маанилүү документтер болуп саналат. Аларды жасоодо мамлекеттик сыр болбосо, кадимки кагаздан айырмасы жок болуп калмак. Ошол себептен, мындай күмөндүү иштерге мамлекеттик кызматкерлердин дагы аралашуусу болушу ыктымал деген күмөн саноолорго Шералиев так кесе жооп берди.
“Жасалма документке биздин кызматкерлердин эч тиешеси жок. Жарандар алам десе (айдоочулук күбөлүк) толук процессин биз текшере алабыз”.- деди Шералиев.
Айдоочулар эмне себептен мындай тобокелге барышат?

Баш сөздө жазылгандай эле Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнүн бардык категориялары Орусиянын аймагында таанылган жана Вена конвенциянын бардык талаптарына жооп берет. Ошол себептен, мындай мүмкүнчүлүктү оңой жол менен колдонгусу келгендер көбөйүп жатат.
Орусиядагы кыргызстандык юрист, жасалма документке шектелип кармалгандар менен сүйлөшө келгенде, алар төмөнкүчө жүйөлөрүн келтиришкен.
“Көп учурда жердештерге Кыргызстанга барып эле, окуп айдоочулук күбөлүктү алып албайсыңбы десем, “жакшы иш чыгып калды. Тез аранын ичинде категорияны ача калыш керек болуп калды” жарнамага чалып эле 10 миң рублга сатып алдым эле” деп ачык айтышат. Ал эми кошуна өлкөнүн жарандары, аларга биздин айдоочулук күбөлүк менен иштегенге ыңгайлуу. Такси кызматында же жүк ташуу кызматында иштейт. Биздин айдоочулук күбөлүк көп учурда үстүртөн гана текшерүү болуп, абдан ыңгайлуу да. Көргөзүп коёт, “КР жараны экенсиң иштеп жүрө бер” деп коёт. Тереңирээк казып, териштирип киргенде жасалма экени билинип калат. Ошондой фактылар аз эмес тилекке каршы”, - дейт Урмат Жамгырчиев.
2022-жылы болжол менен 170 миң айдоочулук күбөлүк берилсе, быйылкы жылдын алты айында эле анын саны 70 миңди түзгөн. Айдоочулук күбөлүктүн мыйзамдуулугун portal.srs.kg сайты аркылуу онлайн текшерүүгө мүмкүнчүлүк бар.












