АКШ кытайлык хакерлердин чабуулун токтотуп калганын жарыялады

Адистер хаккердик чабуулдар барган сайын күчөйт, өнүгөт деп эскертишет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адистер хаккердик чабуулдар барган сайын күчөйт, өнүгөт деп эскертишет

АКШнын Федералдык териштирүү кеңсесинин директору Кристофер Рэй АКШ Конгрессинде америкалык адистер Кытай бийлиги менен байланышкан хакердик топтун саботажына бөгөт коюуга үлгүрүшкөнүн жарыялады. Алар өтө маанилүү инфраструктуралык системаларга зыяндуу программа түрүндөгү “киберминаларды” жайгаштырганын жарыялады.

Кристофер Рэйдин мындай билдирүүсүнө чейин АКШнын Юстиция министрлиги бул операция ийгиликтүү өткөнүн жарыялаган.

Конгресстин комитетинде көрсөтмө берип жатып, Volt Typhoon хакердик тобу жарандык инфраструктуранын маанилүү системаларына туташкан жүздөгөн эски, начар корголгон роутерлерди бузуп, аларга зыяндуу программалык камсыздоону жүктөгөн, деп билдирди Рэй.

Америка бийлигинин айтымында, кытайлар бул программаны АКШ менен олуттуу жаңжалдашкан учурда иштетүүнү пландаган.

Юстиция департаментинин билдирүүсүндө адистер роутерлерден вирустарды алардын иштешине тоскоолдук кылбастан тазалай алышкан, бирок министрлик белгилегендей, вирус кайра кирбейт дегенге кепилдик жок.

Кытай бийлиги бул билдирүүлөргө азырынча жооп бере элек. Ушул убакка чейин алар башка өлкөлөр менен кибер согуш жүргүзүп жатат же даярдап жатат деген бардык айыптоолорду четке какты.

АКШнын Федералдык териштирүү кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, көптөгөн инфраструктуралык объектилер хакерлердин курмандыгы болмок: суу тазалоочу системалар, электр тармактары, транспорттук системалар, мунай жана газ түтүктөрү, телекоммуникация тармактары.

АКШ кибер коопсуздук маселесин буга чейин да козгоп, Орусия менен Кытайды айыптаган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ кибер коопсуздук маселесин буга чейин да козгоп, Орусия менен Кытайды айыптаган

"Кытай сокку урууга убакыт келди деп чечсе, алар саясий же аскердик максаттар менен чектелбейт", - деди Кристофер Рэй. Анын айтымында, Кытай бийлигинин хакердик программалары азыр башка бардык ири өлкөлөрдүн программаларын кошкондон да чоң.

"Кибермейкиндикте бул америкалык көпүрөлөрдү жана электр станцияларын казууга барабар" деп АКШ менен Кытайдын Коммунисттик партиясынын ортосундагы стратегиялык атаандаштык боюнча Конгресстин комитетинин төрагасы Майк Галлахер Федералдык териштирүү кеңсесинин башчысы баяндаган пландарды ушундайча сүрөттөгөн.

Пекин көбүнчө бул комитеттин мүчөлөрүнүн билдирүүлөрүн сынга алат жана аларды "кансыз согуштун идеологиялык жек көрүүлөрүн жана жыйынтыксыз менталитет оюнун четке кагууга" чакырат.

Volt Typhoon хакерлер тобунун ишмердүүлүгү жалпы коомчулукка өткөн май айында белгилүү болгон, анда Microsoft Volt Typhoon хакерлери АКШнын системаларына, атап айтканда, мамлекеттик органдардын электрондук почталарын бузуп кирүүгө аракет кылып жатканын жарыялаган.

Кибер коопсуздук барган сайын актуалдуу боло берет

Кубаттуу мамлекеттер керек болсо кибер чабуулдар аркылуу шайлоолорго чейин кийлигишип, өтө манаилүү деген маалыматтарды алууга, колдонууга, таратып жиберүүгө аракеттер болгонун билдирип келет. Мисалы 2016-жылы АКШнын демократиялык партиясынын серверлерине чабуул уюштурулган. Бул чабуулдун натыйжасында бир канча гигабайт маалымат, анын ичинде электрондук кат алышуулар жана партиянын ички документтери интернетке жарыяланып кеткен эле.

Америкалык компания жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, демократиялык партиянын серверине хакерлер эки жолу киришкен. Эки жолу тең аны Cozy Bear жана Fancy Bear (башкача аты Strontium) деген хакерлер тобу жасаган. Булардын орус мамлекеттик түзүлүш менен байланышы бар экени белгилүү. Алар мурда АКШнын мамлекеттик органдарынын компьютерлерине кирген.

Орусия менен Кытай ири кибертыңчылык операцияларды жүргүзгөнү менен белгилүү. Мындай чабуулдар менен алынган маалымат көбүнчө дипломатиялык жана коммерциялык сүйлөшүүлөрдө, ошондой эле жеке максаттарына жетүүдө колдонулат.