АКШ: Чалгын кызматынын жаңы жетекчиси Кытай менен Орусия түзгөн коркунучка кабатыр

Уильям Бернс

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уильям Бернс Сенаттагы сөзүндө Кытай менен Орусия түзгөн коркунучка басым жасай турганын айтты

АКШнын чалгын кызматына жаңы жетекчи катары президент Жо Байден тарабынан сунушталган Уильям Бернс Сенаттагы сөзүндө Кытай менен Орусия түзгөн коркунучка басым жасай турганын айтты. Сенат аны кызматка дайындоо маселесин карап жатат.

Бернс абройлуу New York Times гезитине жазган пикиринде, Кытайга карата байкоо күчөтүлүшү керек экенин жана Орусиянын АКШнын ички иштерине кийлигишүү мүмкүнчүлүгү тууралуу эскертти. Ошондой эле Бернс Ак үйгө "саясатташтырылбаган чалгын маалыматтары" зарыл экенин кошумчалады.

Президент Байден сунуштаган Уильям Бернс мурда АКШнын Орусиядагы элчиси катары иштеген. Анын бул өлкөдөгү абал жана президент Путин тууралуу кеңири түшүнүгү бар экени айтылып келет. Бернс Орусия "ири держава" наамынан айрылганы менен, дагы деле кыйратуучу күчкө жана таасирге ээ экенин белгиледи.

Уильям Бернс и Владимир Путин во время вручения верительной грамоты посла США, ноябрь 2005 года

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уильям Бернс менен президент Владимир Путин, 2005-жыл

Ошол кыйратуучу деп саналган күчтөрдүн бири кибер чабуулдар. Айталы, жакында эле америкалык SolarWinds компаниясына кибер чабуул жасалып, орусиялык хакерлер АКШнын тогуз федералдык агенттигинен жашыруун маалыматтарды уурдап алууга жетишкени айтылат.

"Путиндин Орусиясы солгундап бара жаткан державалар, жаңыдан өсүп келе жаткан державалардай эле чоң кыйратуучу күчкө ээ экенин улам далилдеп келет. Алар окшош ыкмаларды колдонуп жатканын дагы көрүп жатабыз. Өзгөчө кибер аспаптары. Муну туура эмес баалоо чоң катачылык болот",-деп жазат Бернс.

Эгерде Бенрс дайындала турган болсо, ал АКШнын чалгын кызматын жетектеген биринчи дипломат болуп калат. Буга чейин Бернс АКШнын Мамлекеттик департаментинде 33 жыл иштеген. Ал орус жана араб тилинде эркин сүйлөйт. Бернс 2005-2008-жылдары Орусияда элчи катары иштеген. Андан кийин Иорданига которулуп, Жакынкы Чыгыштагы олуттуу сүйлөшүүлөргө катышкан.