"Америка кайтып келди!": Байдендин командасы талкууда

Жо Байден

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байден эң маанилүү саналган алты кызматка өз дайындоолорун ишке ашырды.

"Америка кайтып келди, кайрадан дүйнөлүк лидер болууга даяр", -деп айтты Байден.

Жо Байдендин дайындоолору кызуу талкуу жаратты. Мисалы, Улуттук чалгын кызматынын башчысы катары биринчи жолу аял дайындалды. Буга чейин Эврил Хэйнс Борбордук чалгын кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Андан тышкары ички коопсуздуктун башчысы катары биринчи жолу теги латын америкалык дайындалды. Алехандро Майоркас талаштуу миграция системасын реформалайт.

Шейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп шайлоодон утулганын моюнуна албаса дагы бийликти өткөрүп берүү жараянын баштоого макулдук берген. Бул тууралуу Федералдык жалпы кызматтар агенттигинин (GSA) жетекчиси Эмили Мерфи президентикке талапкер Байденге кыскача кат жолдогон.

Бул кадамдан кийин Жо Байден АКШнын коопсуздугуна түзгөн коркунучтар тууралуу баяндамаларды алууга, маанилүү өкмөт кызматтарга талапкерлерди дайындоого жана инаугурацияга даярдык катары миллиондогон доллар каражатты колдонууга мүмкүнчүлүк алды. Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында өтүшү керек.

Дональд Трамп болсо командасы укуктук териштирүүсүн уланта берерин айтууда. Республикачылардын штабы же юристтери тарабынан сотко жолдонгон 36 иштин 25и сот тарабынан четке кагылды же далилденген жок. Бирок ошого карабастан доо арзыздар даярдалууда. Америкалык басылмалар "соттук териштирүүлөрдө ийгликке жетишке Дональд Трамп өзү деле ишенбей калды" деп жазууда. Президент Трамптын көпчүлүк кеңешчилери жеңилгенин моюнуна алууга чакырган.

Байдендин дайындоолору

  • Этони Блинкен - Мамлекеттик катчы. Жо Байдендин үзөңгүлөшү саналган Блинкен АКШнын тышкы саясатына жооп берет. Ал президент Трамптын "Америка биринчи орунда" саясатын өзгөртүп, глобалдык көйгөйлөргө жигердүү аралашмакчы.
Сүрөттө Жейк Салливан, Линда Томас-Гринфилд жана Энтони Блинкен

Сүрөттүн булагы, Getty Images/Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө Жейк Салливан, Линда Томас-Гринфилд жана Энтони Блинкен
  • Жон Керри - Президенттин климат боюнча атайын өкүлү. Керри климат боюнча Париж келишимин иштеп чыккан саясатчылардын бири болгон. Президент Трамп бул келишимден АКШны чыгарып салган эле. Керри "климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү үчүн дүйнө биригиши керек" деп билдирди.
  • Эврил Хейнс - Улуттук чалгын кызматынын башчысы. "Мен кесипкөй...чындыкты айтуу үчүн күрөшүп келген кишини тандадым",-деп айтты Байден. Хейнс айым өлкө тарыхында бул кызматты жетектеген биринча аял болот.
  • Алехандро Майоркас - Ички коопсуздуктун башчысы. Бул мекемени башкарган биринчи латын америкалык. Ал "мекеме өлкөнү меймандос жана коопсуз экенин далилдөө багытында иш алып барат" деп билдирди.
  • Жейк Салливан - Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси. Салливан Байденди шакиртти экенин айтып, андан мамлекетти башкаруу жаатында көп үйрөнгөнүн кошумчалады.
  • Линда Томас-Гринфилд - АКШнын БУУдагы элчиси. "Тажрыйбалуу, баарына сылык мамиле жасаган дипломат",-деп мүнөздөдү Байден.
коллаж

Сүрөттүн булагы, Getty Images/Alamy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алехандро Майоркас (солдо) жана Эврил Хейнс (оңдо) , Жанет Йеллен (ортодо)

Республикачылар Байдендин дайындоолорун сынга алышып, шайлоодо жеңишке жеткен талапкер "панда сүймөнчүктөрүн" айланасына чогултуп алганын айтышууда. Алар бул дайындоолордон кийин Вашингтон Кытайга карата жумшак саясат жүргүзөт дешүүдө. Республикачылар "Американы биринчи орунга коюу" саяттан кайтпоого үндөп жатышат.

Флориданын сенатору Марко Рубио "Твиттер" баракчасына:

"Байден дайындаган кишилер эң мыкты университеттерде билим алган, тажрыйбалуу жана сылык саясатчылар, бардык конференцияларга катышып келишет. Алар тартиптүү түрдө Американын кыйроосуна алып барышат",-деп жазды.