Вашингтон: Трамп бийликти өткөрүп берүү жараянын баштоого макул

Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШ президенти Дональд Трамп шайлоодон утулганын моюнуна алган жок. Ошондой болсо дагы бийликти өткөрүп берүү жараянын баштоого макулдук бергени белгилүү болду.

Бул тууралуу Федералдык жалпы кызматтар агенттигинин (GSA) жетекчиси Эмили Мерфи президентикке талапкер Байденге кыскача кат жолдоду. Каттын көчүрмөсүн Си-эн-эн телекомпаниясы жарыялады.

Дональд Трамп буга дароо "Твиттер" аркылуу реакция жасап, Эмили Мерфини өлкөгө ак дилден кызмат кылды деп алкап, бирок ал коркутууларга кабылганын жазды. Трамп өзүнүн жеңишине ишенип турганын билдирип, анын командасы укуктук териштирүүсүн уланта берерин айтууда. Ошондой болсо дагы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн Эмили Мерфиге "бийликти өткөрүп берүү жараянындагы баштапкы документтерди даярдай берүүгө уруксат" бергенин белгилеген.

Дональд Трамп добуштарды кайра саноону талап кылган Мичиган штатында Жо Байден утуп чыкканы тастыкталды. Эми соттук териштирүүлөр башка дагы бир нече штатта болот.

Эксперттер "Мичигандагы добуштар кайра саналгандан кийин президенттин шайлоо тыянагын өзгөртүүгө үмүтү деле калбады" деп баалап жатат. Өткөн аптадагы кайрылуусунда президент Дональд Трамп массалык түрдө көз боёмочулук болгонун айтып, бирок далилдерди келтирген жок. Анын негизги дооматы - почта аркылуу добуш берүү жараяны.

Республикачылардын штабы же юристтери тарабынан сотко жолдонгон 36 иштин 25и сот тарабынан четке кагылды же далилденген жок. Бирок ошого карабастан доо арзыздар даярдалууда. Америкалык басылмалар "соттук териштирүүлөрдө ийгликке жетишке Дональд Трамп өзү деле ишенбей калды" деп жазууда. Президент Трамптын көпчүлүк кеңешчилери жеңилгенин моюнуна алууга чакырган.

Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында өтүшү керек.

Бирок буга чейин Трамп администрациясы тарабынан бийликти Жо Байденге өткөрүп берүү боюнча эч кандай аракеттер жана тиешелүү документтер даярдалбай келди. Ансыз шайланып келген президентке атайын иш бөлмөсү бөлүнүп, байланыш каражаттары жана башка муктаждыктар уюштурулушу мүмкүн эмес.