Күндөлүк: Кыргызстанда Конституция, АКШда Трамп, Букер сыйлыгы жана күндүн сүрөтү

Кыргызстанда Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча талкуу күчөдү. Бишкекте жарандык коомдун өкүлдөрү, саясатчылар жана эксперттер "Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!" деген жыйынга чогулду.
Конституцияны өзгөртүүнү октябрдагы толкундоолордун арты менен келген Садыр Жапаров демилгелеп, Кыргызстанда парламентаризм иштебей жатканын жүйө тарткан. Бирок коомчулукта бийликти узурпациялоого аракет кылып, өлкөнү демократиялык жолдон чыгарууда деген сындар айтылууда.
С.Жапаровдун Конституцияны кайра өзгөртүү аракетин колдогондор болсо, президенттик башкаруу формасын артка кайтарууну - бийликке жоопкерчиликти берүүнүн жалгыз айласы катары көрөт.
Конституциясынын жаңы редакциясынын долбоору коомчулуктун талкуусуна сунушталып, бир ай мөөнөт берилди. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгат. Авторлор референдумду президенттик шайлоо дайындалган 2021-жылдын 10-январында өткөрүүнү сунуштады.
АКШ: Жо Байден атаандашын жоопкерчиликсиздиги үчүн айыптады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жо Байден атаандашы Дональд Трамптын шайлоодо утулганын моюнга алгысы келбей жатканын жоопкерчиликсиздик деп атады. Эгерде бийликти өткөрүп берүүнү кечеңдетсе берсе, анда Трамптын администрациясынын үстүнөн сотко кайрылабыз деди Байден.

Сүрөттүн булагы, AFP VIA GETTY IMAGES
Дональд Трамп болсо шайлоо тыянактарын сот аркылуу жокко чыгарууга үмүттөнөт. Бирок азырынча бул аракетинен майнап чыга элек. Аризона менен Пенсильваниянын соту республикачылардын арызын канааттандырган жок. Ал эми Жоржиядагы добуштарды кайра саноо Байдендин жеңишин тастыктады.
Жеңишке жетүү үчүн «Шайлоочулар коллегиясынын» 270 добушун алса жетиштүү болмок. Азыркы маалда Жо Байден 306 добуш алса, Дональд Трамп - 232.
Минск: Роман Бондаренкону жерге берүү зыйнаты

Сүрөттүн булагы, TUT.BY
Беларустун баш калаасы Минскиде активист Роман Бондаренко менен коштошуу зыйнаты өттү. Активист жашаган үйүнүн жанынан кармалып, кийин ооруканада көз жумганы белгилүү болгон.
12-ноябрда Минскидеги ооруканалардын биринде 31 жаштагы Роман Бондаренко көз жумду. Жергиликтүү басылмалардын жазганына таянсак, аны беткап тагынган белгисиз кишилер ур-тепкиге алып, микроавтобус менен алып кетишкен. Tut.by жазгандай милиция бөлүмүнөн Бондаренко оор абалда ооруканага жаткырылып, көп өтпөй алган жаратынан кайтыш болуп калды. Милиция бул окуя териштирилип жатканын билдирген эле. Өткөн жекшембиде Роман Бондаренконун элесине арнап жөө жүрүш күч менен таратылды.
Президент Александр Лукашенко каза болгон Бондаренконун жакындарына көңүл айтып, Тергөө комитетине шилтеме берип, ошол күнү Бондаренко мас абалда болушу мүмкүн деген эле.
Бирок "Тез жардам" кызматынын дарыгери TUT.BY басылмасына Бондаренконун мас абалда болгону тууралуу версияны жокко чыгарган. Көп өтпөй ал дарыгерге кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Букер сыйлыгы кимге берилди?

Сүрөттүн булагы, PA
Букердин адабияты боюнча быйылкы сыйлыгы шотландиялык жазуучу Дуглас Стюарттын "Шагги Бейн" (Shuggie Bain) аталышындагы дебюттук романына берилди.
Роман автордун эскерүүлөрү менен жазылып, 1980-жылдары Глазгодо ичкиликтен башы чыкпай калган апасын сактап калууга аракет кылган Шагги деген бала тууралуу.
Китеп автор 16 жашка чыкканда алкоголизмден каза тапкан апасына арналган.
Королдук сүрөт

Сүрөттүн булагы, Buckingham Palace
Улуу Британиянын королевасы Елизавета II менен Эдинбург герцогунун баш кошконунуна 73 жыл толгон. Бул күнгө байланыштуу жубайлар куттуктоолорду окуп олтурган сүрөтү жарыяланды.
1947-жылы 20-ноябрда 21 жаштагы Елизавета менен лейтенант Филип Маунтбеттен кол кармашкан. Азыр болсо 94 жаштагы королева менен 99 жаштагы күйөөсү британ монархтарынын ичинен эң узак чогуу жашаган жубайлар болуп калды. (AbA)











