Трамп бийликти өткөрүп берүүнү саботаж кылып жатабы?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Трамптын администрациясы 20-январда президент алмашуу болбой тургандай аракеттерди жасап жатат деп жазат америкалык басылмалар. Washington Post Трамптын администрациясы шейшембиде бардык федералдык мекемелерге 2022-жылдын бюджетин даярдоо долбооруна (2021-жылдын 1- октябрында башталат) кошулууга буйрук кылганын жазды.
Мамлекеттик катчы Майк Помпео "мыйзамдуу добуштар" кайра саналгандан кийин Трамп жеңишке жеткени жана экинчи мөөнөткө калаары баарына ачык болот деп билдирген.
Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 2021-жылдын 20-январында өтүшү керек.
Администрация тарабынан бийликти Жо Байденге өткөрүп берүү боюнча эч кандай аракеттер жана тиешелүү документтер даярдала элек. Ансыз шайланып келген президентке атайын иш бөлмөсү бөлүнүп, байланыш каражаттары жана башка муктаждыктар уюштурулушу мүмкүн эмес.
Шайлоону утуп чыккан Байден билдирүү жасап, Трамп жолугушуудан баш тартып, утулганын моюнуна албай жатышы, бийликти өткөрүп берүү жараянын баштабаганы баарыбызды ыңгайсыз абалга салат деп айтты.
Трамп болсо шайлоону утуп чыктым деген пикирде. Алдын ала жарыяланган тыянактар бурмаланган добуштарга негизделгенин айтып жатат. Бирок азырга чейин эч кандай далилдер көрсөтүлгөн эмес. Президенттин юристтеринин арыздарынын көбү сот тарабынан артка кайтарылды.
Азырынча бир дагы штатта добуштарды саноо расмий түрдө жыйынтыктала элек. Бирок бюллетендердин 90 пайызы саналды. Жо Байден көпчүлүк штаттарда алдыга чыгып, «Шайлоочулар коллегиясынын» көпчүлүк добушуна ээ болду. Ошентсе дагы республикачыл сенаторлордун көпчүлүгү Жо Байденди жеңиши менен куттуктай элек.
Дүйшөмбүдө Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл "президент Трамптын шайлоо тыянактарын сот аркылуу чечишүүгө укугу бар" экенин айтты.
Шайлоодо республикачылар Сенаттагы көпчүлүктү сактап кала алышты. Демократтар бир гана добушка аз болуп калышы мүмкүн. Республикачылар кеминде 49 добушка ээ болот. Ал эми Өкүлдөр палатасында болсо демократтар көпчүлүк добушка ээ.














