Жо Байденди Москва менен Бээжин куттуктай элек

Жо Байден

Сүрөттүн булагы, Reuters

Орусия менен Кытай Жо Байденди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттукташкан жок. Алар шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарын күтүп жатат. Кремлдин өкүлү Дональ Трамптын шайлоо жыйынтыгын сотко кайрылганын белгилеп, ошол эле убакта Путин АКШнын лидери ким болсо да иштеше берерин айтты.

Демократтар менен алардын сүрөөнгө алган талапкери Жо Байден шайлоодогу жеңишин майрамдап, бири-бирин куттуктап жатышат.

Ал эми азыркы президент Трамп өзүн жеңилди деп эсептебейт. Ал шайлоодо бурмалоо болду деп сотко кайрылып, дагы далайга чейин күрөшө турган болууда.

"Биз федералдык сотко доо арыз менен кайрылган жатабыз. Сотко канча керек болсо, ошончо күбөлөрүбүз болот,-деди Руди Жулиани, Трамптын адвокаты.

Жорджиядагы добуш саноо

Сүрөттүн булагы, EPA

Ошол эле учурда башка өлкөлөрдүн лидерлери бирине сала бири Байденди жеңиши менен куттукташты. Алардын ичинде Канаданын премьер-министри Жонстон Трюдо, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Франциянын президенти Макрон, Египеттин президенти Сиси ж.б бар.

Бирок Орусия менен АКШнын лидерлери Байденди куттуктай элек.

Жо Байдендин президенттик шайлоодо жеңишке жеткени жөнүндө биринчи расмий комментарийди Кремлден Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Биз кандай болбосун, АКШнын кезектеги президенти менен диалог куруп, эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу жолдору жөнүндө биргелешип иш кылабыз деп үмүт кылабыз. Анын үстүнө эки тараптуу мамиленин маанилүү жагы, туруктуулук жана коопсуздук жөнүндө айтып жатам, бул биздин эки элге эле эмес, бүт дүйнөдөгү элдерге тийиштүү маселе",-деген Песковдун сөзүн ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Кремлдин унчукпай жатканын америкалык айрым ЖМКлар президент Путиндин конфронтациялык маанайын билдирет деп чечмелеп жатышат.

Жо Байденди куттуктай эле дагы бир кубаттуу өлкө - бул Кытай. КЭРдин расмий өкүлүнөн мунун себебин да сурашты. Анын жообуна караганда, Бээжинде шайлоонун акыркы тыянагы чыга элек деп билишет.

"Биз Байден мырзанын шайлоодогу жеңишин жарыялаганын билебиз. Биз президенттик шайлоонун жыйынтыгы АКШнын мыйзамдарынын жол-жобосуна ылайык аныкталат деп түшүнөбүз, ... биз дүйнөлүк тажрыйбаны карайбыз",-деген Ван Вэнбинь. (КС)