Кытай-АКШ: чоң кармаштын жаңы кайрыктары

желек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Алмаз Кулматов,
    • Role, коомдук ишмер

Кыргыз бийлиги жана коомчулугу эске ала турган нерселер арбын. Биздин эбегейсиз мухит сымал коңшубуз Кытай менен дүйнөдөгү таасирин улам арттыргысы келген, эң кубаттуу мамлекет бойдон калууга дымагы күч Американын тиреши күчөп, жаңы кайрыктар пайда болууда.

Соода-экономикалык курч атаандаштык, айыгышкан саясий-дипломатиялык кармаш, өз ара санкциялар, маалыматтар таймашы күчөй турганына шек жок. Американын жаңы президенти Жо Байден шайланганда Кытай бийлиги кастыкты четке кагып, кызматташтыкты жагымдуу нукка салууга үмүтү чоң экенин билдирген. Маселен, февралдын башында Кытай компартиясынын Саясий бюросунун тышкы саясатты тейлеген мүчөсү Ян Цзечи америка-кытай мамилелери боюнча Улуттук комитеттин жыйынында: "Биз АКШ атаандаштыктын эски адатынан кайтып, туура жолго түшөөрүнө үмүттөнөбүз",-деп жарыялады.

Ушул сөзүн Кытайдын чоң атка минери он чакты жолу кайталады. Бул тезис Кытай массалык маалымат каражаттарында ар кандай уйкаштыкта жаңырды. Ал тургай Ян Цзечи Кытайга барат имиш деген кепти да кытайлыктар атайылап таратып жиберишкен. Бирок, мамилелердин оңолушуна жакында жол ачылбай тургандай. Анткени Байден Американын Мамлекеттик департаментиндеги сөзүндө Кытай терс фактор, коркунуч бойдон калганын баса белгиледи. Муну менен чектелбей Кытайдын коркунуч экенин Американын чалгын кызматынын башчысына талапкерлиги сенатта каралып жаткан Уильям Бернс да New York Times гезитине жазды.

Андан тышкары, Кытай дегеле каалабаган Гонконг, Тибет, Синьцзян сыяктуу талылуу маселелерди козгоодон АКШ жакында баш тарта турган эмес.

Цизинпин менен Байден

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кытай изги ниетке мындай муздак мамилени жоопсуз калтырбады. Даяр болчу, ошондуктан дароо ишарат кылды. Башкасын дагы көрсөтөөр, бирок атаандаштыктын эски обонуна жаңы кайрык кошту. Кытай 2020-жыл ичинде Америкадагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу докладын жарыяламай болду. Кытайдын Мамлекеттин кеңешинин бул маалыматы эки өлкөнүн ортосунда гана эмес, жалпы дүйнөдөгү дискурста, адам укуктары боюнча риторикада адаттан тыш нерсе болду окшойт. Мындай докладды Кытай былтыр да жарыялаган. Бирок башка проблемалар жетиштүү болгондур, же Кытай эскертме катары жумшак баяндагандыр, айтор дүйнө коомчулугу анча маани берген эмес.

Эгерде буга чейин адам укуктары боюнча маселелерде Америка жана Европа негизги, монополисттик позицияны ээлеп, дүйнөдө адам укуктарынын башкы сактоочулары катары ролду ойноп келсе, эми минтип Кытай Американын өзүн зекий турганын кабарлады. Американын Мамлекеттик департаменти, ар жылы адам укуктары боюнча доклад жасап, ага удаа коомдук уюмдар үндөш баяндарды жарыялап, ар кайсы өлкөлөрдөгү абалды сындап, акыл айтып, эскертип, моюн толгогондорго санкцияларды, түркүн чектөөлөрдү киргизип келчү. Адам укуктарын сактоо жана демократияны колдоо - бул Американын ыйык миссиясы деген аныктаманы америкалыктар бөркүндөй эле көрүшөт. "Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун Америка өз кызыкчылыктарын коргоого тийиш жана ага кудурети жетет. Адам укугу жана демократия улуттук кызыкчылыктардын анабашы. Америка өкмөтү улуттук кызыкчылыктарды коргоого милдеттүү, ал үчүн Америка баарына даяр". Ар бир президенти ушул тезисти жар салып, беш-он жыл сайын кабыл алынуучу улуттук коопсуздуктун стратегиясында бадырайтып жазып келишет. Жазып тим калбайт. Америка айтылган жана жазылган нерселерди жерде калтырбаган, өзүнө келгенде эзелки бир убадасынан кайтпаган, сөзүнөн танбаган мамлекет. Башкалардын сөзүн, качанкы бир убадасын эгерим унутпаган, ылайыгы келсе, кызыкчылыктарына жарашса алмустактан берки нерселерди козгоп, башкаларды ынандырууга жөндөмдүү өлкө.

порт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Соода-экономикалык курч атаандаштык, айыгышкан саясий-дипломатиялык кармаш, өз ара санкциялар, маалыматтар таймашы күчөй турганына шек жок"

Америка өзүнө тийиштүү жүздөгөн уюмдардын докладдары жана аракеттери менен гана чектелбейт. Кыбыр эткен нерсенин баарына аяр көз салып, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында, анын адам укуктары боюнча жана башка комитеттеринде, ар кандай эл аралык форумдарда, эскертүүдөн тартып эмбаргого чеийинки катаал кадамдарды ишке ашырып келет. Ага кошул-ташыл Европа өлкөлөрү ар бири өзүнчө жана биригип, өкмөттүк деңгээлде же бейөкмөттүк форматта, түркүн аудиторияда түрдүү жол менен адам укуктары жана демократия баалуулуктарын кол тийбестигин даңазалап келет. Адам укуктары боюнча Европа Кеңеши, адам укуктары боюнча бюролор, эл аралык жана регионалдык институттар такай байкоо жүргүзуп, ар жылы жана учурга жараша маселелерди көтөрүп, дискуссия уюштуруп, маселени дайыма көтөрүп турат. Сөз эркиндигин шек келди, адам укуктары басмырланды, демократия кысымга алынды деп эсептелген учурларда сыпаа сунуштан тартып саясий-укуктук санкцияларга, соода-экономикалык чектөөлөргө чейинки катуу чараларга жөндөмдүү экенин нечен ирет ырастап келди. Буга чейин Орусия, Кытай, Иран сыяктуу мамлекеттер актануу же унчукпай кутулуу жолунда келсе, эми минтип Кытай Америкага ал өзү көп жылдан бери колдонгон курал менен жооп берип, чабуулга өткөнү турат.

Демек, мындан ары адам укуктары, сөз эркиндиги боюнча маселелерде Америка менен Европанын маселени актуалдаштырууга, дискуссияларды жана аракеттерди демилгелөөгө эзелки монополиясына доо кетирчү иштер башталды. Кытай бийлиги илимий коомчулуктун атынан Американы да, калганын да ойлонууга жем таштады. Цинхуа университетинин эл аралык мамилелер институтунун ректору Янь Сюэтун январдын этегинде абройлуу он-лайн конференцияда "көп полярдуу дүйнө эки полярдуу фазага жакындай баштады, эми мындан ары дүйнө көп полярдуу болуудан калып, глобалдык дүйнөгө эки гана мамлекет - Кытай менен АКШ үстөмдүк кыла алат деп билдирди. Бул эми талаштуу тезис. Буга макул эмес Орусия, Европа, Индия, араб мамлекеттеринин расмий бийлиги азырынча не тике, не илимий коомчулуктун оозу менен жооп кайтара элек. Бирок АКШ негизги атаандаш катары бутага алынаары анык жана башка жолдор менен катар Америка туу туткан жана улуттук баалуулук деп эсептеген адам укуктарынын сакталышы боюнча докладдын предметине айланганы турат. Албетте, Кытайдын АКШдагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу докладында жумшак мүнөздөмө берилбесе керек, андай докладдын не кереги бар.

Кандай сабак алышыбыз керек? Албетте, тикирейе окуп, не деп жазды, нени айтты Бээжин, не дейт тигилер, не болот, не кылабыз биз деп ойлонушубуз керек. Албетте, биз андай альтернативалык кадамга барууга али чамабыз аз. Бирок ошол эле глобалдык, Америкалык, Европалык жана башка аймактык институттарды пайдаланууга тийишпиз. "Афин мамлекети ар бир жаранына кам көрөт. Тирүүсүн барктайт, каза болсо сөөгүн кордобойт" деп илгери Перикл, "азаматты карып деп, журтка таштап кетпеңер, аргымакты арык деп, жолго таштап кетпеңер" деп байыркы кыргыз айткандай, Кыргызстан да тыштагы өз жарандарынын укугун коргоо милдетин адам укуктарынын баалуулуктары менен байланыштырып, айкалыштырып, ушул өңүттө актуалдаштырып, докладдарды жарыялап, баяндамаларды жасап, тышкы коомчулуктун көңүл буруп, саясий-дипломатиялык кадамдарды жасап, маселелерди демилгелеп турганыбыз оң. Ошол эле Америка же Европанын тажрыйбасына таянып, окмөт өзү тартынса, катуу тийет десе, коомдук уюмдар аркылуу адегенде маалыматтык фон түзүп, каңкуулап, болбой баратса билдирүү жасаганыбыз эп, зарыл. Экинчиден, биз мүчө болгон глобалдык жана регионалдык уюмдарда биздин жарандардын укугуна байланыштуу ар бир маселени беймаани калтырбай, козгоп, чечүү жолдорун сунуштап, талап кылып, ынандырууга тийишпиз. Үчүнчүдөн, эмгек мигранттары катары биздин жарандар өтө көп оокат кылып жүргөн Евразия экономикалык биримдигинде адам укуктарынын корголушуна көнүл бура турган жана камсыз кылуучу институционалдык жана укуктук механизмдерди демилгелеп, таасир этүүнүн түркүн ыкмаларын колдонууга тийишпиз. Албетте, бул өндөнгөн маселелер эркти, жетиштүү интеллектуалдык дараметти, саясий-дипломатиялык жана маалыматтык көп аракетти аракетти талап кылат. Баардык жоопкерчиликти мойнубузга алдык деген бийлик эске алат, колунан келет деп үмүт арталы.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.