Кытай 100 миллион кишини жакырчылыктан чыгардыбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын лидери Си Цзиньпин 2012-жылы бийликке келгенде койгон максатына - 100 миллион кишини жакырчылыктан чыгарууга жетишкенин жар салды.
Бул жарыялоо кызуу талкууга жем таштады. Кытай чынында жакырчылыктан кутулдубу?
Алгач, Кытайдын жакырчылыкка карата түшүнүгүнө токтололу. Бээжин жакыр жашаган адамды элет жеринде, күнүнө 2,30 доллардан аз каражат сарптаган тургун катары көрөт. Бул түшүнүк 2010-жылы кабыл алынган. Күнүнө сарптаган акчадан тышкары, ал жарандын жашаган шарты, саламаттыкты сактоого жана билим алууга мүмкүнчүлүгү дагы каралат.
Дүйнөлүк банк күнүнө 1,90 доллардан аз каражат сарптаган кишини жакыр жашаган адам катары эсептейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Си Цзиньпин кызматка киришкенден бери Кытайдын булуң-бурчундагы провинциялар бул максатка жетүүгө катуу умтулду. Мисалы, былтыр январда Цзянсу провинциясынын расмийлери 80 миллион тургундун 17 миллиону жакыр жашап жатканын жарыялаган.
Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 1990-жылдары Кытайдын 750 миллион киши же өлкө калкынын үчтөн экиси жакыр жашаган. 2012-жылы бул көрсөткүч 90 миллионго түшкөн. 2016-жылы болсо Дүйнөлүк банк Кытайда 7,2 миллион адам (өлкө калкынын 0.5 пайызы) жакырчылыкта жашап жатканын жарыялаган. Андан кийин уюмдун маалыматы жок.
Демек, 2016-жылы Бээжин өз максатына жетүүгө жакындап калган. Ошондо 30 жылдын ичинде Кытайда 745 миллион киши жакырчылыктан кутулду.
Дүйнөлүк банкта соңку статистика жок болгону менен, Кытай өкмөтү тараткан көрсөткүчтөн уюмга окшош тенденцияны байкаса болот.
Вьетнам сыяктуу бир региондо жайгашкан мамлекеттерде дагы ушул мөөнөттө жакырчылык кескин азайганын байкаса болот. Ага салыштырмалуу Индияда (2011-жылы алынган статистика, андан бери жаңылана элек) калктын 22 пайызы жакыр жашайт, Бразилияда болсо калктын 4.4 пайызы күнүнө 1,90 доллардан аз каражат табат.
Кытайдын тез өнүгүүсү
Кытай экономикасынын туруктуу өсүшү жакырчылыкты жоюуга чоң салым кошту. Бээжин өзгөчө элет жерин өнүктүрүүгө басым жасаган. Өкмөт жакырчылыкта, алыскы аймактарда жашаган миллиондогон жарандарды жаңы курулган батирлерге жайгаштырды. Айрым учурда жаңы кыштактар жана шаарчалар курулду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок жакырчылыкта жашагандардын тандоосу жок болду. Өкмөт буйрук берсе алар жаңы ишке орношуп, жаңы батирге жер которууга аргасыз болду. Ошол эле учурда айрым эксперттер, Коммунисттик партиянын саясатынан улам элет жеринде жакырчылык кеңири жайылганын белгилеп келишет.
Андан тышкары жакырчылыктан кутулуу бир гана өкмөттүн саясатынан болбогону дагы айтылууда.
"Соңку кырк жылдын ичинде чоң жылыштар болгону талашсыз. Кытай элинин тынымсыз иштегени чоң салым болду. Аны менен бирге Төрага Мао кабыл алган акылга сыйбаган экономика саясаты жоюлду",-дейт экономика боюнча адис Дэвид Ренни.
Кытай Эл Республикасын 1949-жылы негиздеген Мао Цзэдун, 1950-жылдары өлкөнүн дыйкан чарба экономикасын өнүктүрүү үчүн бир катар аракеттерди көргөн. Анын саясатынан улам 1958-жылы өлкө жарандары ачаарчылыкка туш болгон.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Кытай жакырчылыкты жеңгени менен, Дүйнөлүк банк өнүккөн өлкөлөр үчүн күнүнө сарптаган каражатты 5,50 долларга көтөргөн. Демек, Бээжин жакырчылыкты жеңүү стандарттарын көтөрүшү керек. Бул көрсөткүч менен караганда Кытай калкынын 25 пайызы дагы деле жакырчылыкта жашайт.
Өлкөдө бай менен кедейлердин ортосундагы ажырым дагы кеңейип баратат. Мисалы, өткөн жылы Кытайдын премьери Ли Кэцян өлкөдө дагы деле 600 миллион киши айына 1,000 юань ($154) маяна менен жашап келгенин жарыялаган. Бул акчага чоң шаарда бир бөлмө батирди ижарага алууга мүмкүн эмес.

















