2020-жылы экономикасы өскөн жалгыз держава - Кытай

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бээжин тараткан расмий маалыматка ылайык, Кытай 2020-жылы экономикасы өскөн жалгыз держава болуп калды. Дүйнөнүн экинчи ири экономикасы былтыр 2,3 пайызга өстү. 2019-жылы Кытай экономикасы 6,5 пайызга өскөн.
Коронавирус пандемясынан улам 2020-жылы дүйнөнүн алдыңкы экономикалары олку-солку абалга кабылды. Кытайдын экономикасы дагы өткөн жылдын биринчи кварталында 6,8 пайызга солгундады. Өлкөдө чоң заводдор жабылып, өндүрүш кырк жылдан берки эң төмөнкү чекке жетти. Бирок катаал карантин чаралары жана өкмөттүн бизнеске көрсөткөн колдоосу натыйжалуу болду.
Учурда Кытайдын өндүрүш тармагы кайрадан жанданып, дүйшөмбү күнү таратылган маалымат 7,3 пайызга өскөнүн көрсөтүүдө. Экспорт дагы калыбына келди. Кытай декабрь айында дүйнөдөгү коронавирус чектөөлөрүнө карабастан божомолдонгон көлөмдөн көп экспорттоду. Эксперттер дал ушул чектөөлөр Кытайдын товарларына талапты жогорулатып жатканын айтууда.
Дүйнөнүн алдыңкы адистери Кытай экономикасы 2021-жылы дагы өсөрүн белгилешүүдө. Бирок өлкөнүн Статистика бюросу коронавирус түзгөн татаал кырдаалдан улам экономика так канча пайызга өсөрүн божомолдоого мүмкүн эмес деп айтты. 2021-жылы Кытай экономикасы ири тоскоолдуктарга дагы туш болот. Мисалы, Байден бийликке келгенден кийин АКШ-Кытай соода алакалар кандай болот?
Жакында эле Британияда жайгашкан Экономика жана бизнести изилдөө борбору Кытай 2028-жылга чейин АКШдан озуп өтүп, дүйнөдөгү эң ири экономикага айланарын жар салган.
"АКШ менен Кытайдын глобалдык экономикадагы жарышы жана тиреши негизги темалардын бири болуп келди. Covid-19 пандемиясы жана андан кийинки экономикалык кризис - Кытай атаандашынан алдыга озуп кеткенин көрсөттү",-деп жазылат Экономика жана бизнести изилдөө борборунун баяндамасында.
Уюм АКШнын экономикасы 2022-24-жылдары жыл сайын 1,9 пайызга, андан кийин 1,6 пайызга өсөт деп жоромолдойт. Ага салыштырмалуу Кытайдын экономикасы 2025-жылга чейин жыл сайын 5,7 пайызга өсүп, 2026-2030-жылдары 4,5 пайызга жогорулайт.
2000-жылдан бери Кытайдын глобалдык экономикадагы үлүшү 3,6 пайыздан 17,8 пайызга өстү. Соңку баяндамаларга ылайык, бул өлкө 2023-жылга чейин "жогорку кирешелүү" мамлекеттердин катарына кирет. Бирок экономикалык жетишкендиктерге карабастан, реалдуу каржылык мүмкүнчүлүктү алганда орто катмар саналган кытайлык америкалык тургундан кыйла кедей болот. Буга Кытайдын калкы төрт эсе көп болгону дагы себеп.











