Экономика: Кыргызстандын каржалган абалы, Кытайдын үстөмдүгү

This photo taken on December 23, 2020 shows an employee working on photovoltaic products at the workshop of a renewable energy company in Tonglu, in eastern China's Zhejiang province.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2020-жылы чоң держава арасынан Кытайдын гана экономикасы өстү

Кытай 2028-жылга чейин АКШдан озуп өтүп, дүйнөдөгү эң ири экономикага айланат. Буга чейин Кытай 2033-жылы дүйнөдөгү эң чоң экономикага айланат деп жоромолдонгон.

Британияда жайгашкан Экономика жана бизнести изилдөө борборунун маалыматына ылайык, Кытай Covid-19 түзгөн экономикалык кризисти мыкты жайгарып, алдыдагы жылдары АКШ менен Европага салыштырмалуу тездик менен өсөт.

Ал тапта Индия 2030-жылга чейин дүйнөдөгү үчүнчү ири экономика болору айтылууда.

Экономика жана бизнести изилдөө борбору жыл сайын дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттердин экономикалык жетишкендиктерин жарыялап турат.

Коронавирус алгач Кытайда тараганы менен, Бээжин катаал чараларды ишке ашырып, вирустун жайылышын токтото алды. Башкача айтканда Кытай кайрадан карантин чектөөлөрүн киргизген жок. Андан улам экономикага экинчи жолу сокку болгон эмес. Буга салыштырмалуу Европа өлкөлөрү кайрадан карантин чектөөлөрүн киргизүүгө аргасыз болгон.

АКШнын экономикасы болсо коронавирус пандемиясынан улам олуттуу соккуга туш болду. Кошмо Штаттары коронавирустан эң катуу жабыркаган мамлекет катары белгилүү. Өлкөдө 330 миңден ашуун киши вирустан улам көз жумду, 18,5 миллион киши Covid-19га кабылды.

АКШ экономикасын колдоо үчүн чоң суммадагы каражатты бөлгөн. Бирок соңку апталардагы саясий тирештен улам экономикага багытталган жаңы долбоор токтотулуп, 14 миллион жумушсуз калган америкалык өкмөт тараптан жөлөк пул ала албай калды.

АКШ-Кытай экономикасы (2010-2030). Ички дүң өндүрүмү (триллион доллар). Chart shows Chinese and US economic output over time with China overtaking the US around 2028 .

"АКШ менен Кытайдын глобалдык экономикадагы жарышы жана тиреши негизги темалардын бири болуп келди. Covid-19 пандемиясы жана андан кийинки экономикалык кризис - Кытай атаандашынан алдыга озуп кеткенин көрсөттү",-деп жазылат Экономика жана бизнести изилдөө борборунун баяндамасында.

Уюм АКШнын экономикасы 2022-24-жылдары жыл сайын 1,9 пайызга, андан кийин 1,6 пайызга өсөт деп жоромолдойт. Ага салыштырмалуу Кытайдын экономикасы 2025-жылга чейин жыл сайын 5,7 пайызга өсүп, 2026-2030-жылдары 4,5 пайызга жогорулайт.

2000-жылдан бери Кытайдын глобалдык экономикадагы үлүшү 3,6 пайыздан 17,8 пайызга өстү. Соңку баяндамаларга ылайык, бул өлкө 2023-жылга чейин "жогорку кирешелүү" мамлекеттердин катарына кирет.

Экономика жана бизнести изилдөө борборунун башчысы Дуглас МакУиллимдын айтымында, Кытай бир гана коронавирус пандемиясын эртең жеңбестен, өндүрүшүн заманбап технологиянын жардамы менен өнүктүрүп, ири реформаларды жүргүзүүгө жетишти.

"Бир жагынан алар борборлошкон башкарууну колдонуп жаткандай. Бирок ошол эле учурда эркин соода экономиканын принциптери дагы байкалат. Өзгөчө технология жаатындагы эркин соода экономиканын өсүшүнө түрткү болууда",-дейт Дуглас МакУиллим.

Экономикалык жетишкендиктерге карабастан, реалдуу каржылык мүмкүнчүлүктү алганда орто катмар саналган кытайлык америкалык тургундан кыйла кедей болот. Буга Кытайдын калкы төрт эсе көп болгону дагы себеп.

Кыргызстан

Кыргызстанда 2015-2020-жылдары калктын саны тез өскөнү жана экономикасы жыл сайын 2 пайызга жогорулаганы белгиленет. Ошондой эле Кыргызстан дагы коронавирус пандемиясынан жабыркаганы айтылат. Пандемиядан улам 2020-жылы өлкөнүн экономикасы 12 пайызга кыскарды жана тышкы карызы дагы өстү.

Экономика жана бизнести изилдөө борбору 2021-2025-жылдары Кыргызстандын экономикасы 6.5 пайызга өсүп, 2026-2030-жылдары 4.1 пайызга жогорулайт деп жоромолдоп жатат. Эгерде өлкө ушул нукта жүрсө 193 мамлекет арасынан 2020-жылы 148-орундан 2035-жылы 139-орунга көтөрүлөт.