Блог: Бийликтин куту жана кунары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Алмаз Кулматов,
- Role, коомдук ишмер
Теӊирден бүткөн, Кудай колдогон, Жараткан өзү жар болгон бийлик деген түшүнүк дээрлик баардык коомдордо, баардык мамлекеттердин тарыхында кездешип келген. Азыр да тигил же бул формада кездешет. Бийликти билдирген сөздүн семантикалык маанилеринин мейкиндиги абдан кеӊири: ээлик кылуу, тескөө, ажыратуу же ыйгаруу, башкаруу, караламан тириликтен эркиндик, өзгөчө укуктун болушу, чечүү, күч-кубат ж.б.
Бийлик эӊ жогорку кудуреттин өзүнөн санкция алган жердеги озуйпа, аны аткара турган киши сый-урматка, кадырлоого татыктуу, анын чечимдери жараткандын буйругу. Демек, аткаруу милдет дегендикти туюнткан байыркы жана универсал көрүнүш. Мына кыскача айтканда бийликтин сакралдуулугунун формуласы. Бийликтин сакралдуулугу табу, тыюу, чектөөлөр менен бекемделген. Карапайым адамга жарашкан нерсе бийлик эгесине жарашпайт жана тескерисинче. Мисалы, "Кудайдыкы Кудайга, Цезардыкы Цезарга гана жарашат" (орусча "Богу богово, Кесарю кесарево; Что позволено Юпитеру, не дозволено быку"). "Хан денесин элге көргөзбөйт"; "Хандын сөзү эки болбойт"; "Падыша бир гана жолу айтат"; "Күн көзүн көргөн суукка тоӊбойт, Хан көзүн көргөн ачка өлбөйт" жана башка ушу сыяктуу иделогемалар кыска, насаат формасында дээрлик баардык элде түркүн вариантта кездешет.
Пирамидалар фараондордун катырылган денеси коюлган таш мүрзө эмес, кудуреттен бүткөн фараондордун эрки, жараткандын санкция алган адамдын күч-кубатын билдирет. Фараондорго арналган пирамидалар алардын көзү өткөндөн кийин канча бир жылдар бою салынган. Фараон кеткен, бирок бийликтин сакралдуулугуна шек жаралып, кадырына доо кеткен эмес. Кийинки фараон өзүнөн мурункунун кол тийбестиги үчүн кам көргөн, ансыз өзүнүн легитимдүүлүгүнө залакасы тиймек.
Эгер Александр Македонский өз бийлигинин ыйыктыгын мифологияга негиздесе (Гераклдын урпагы), Рим императору Гай Юлий Цезарь Венеранын уулу деген миф менен чектелбей, өз бийлигинин ыйыктыгын сенат кабыл алган мыйзамдар, символдор, идеологиялык бүтүндөй система менен негиздеген. Ал тургай күн эсебин, жыл санагын өз сакралдуулугу менен бышыктаган (юлиан календары, июль, август айлары). Бекеринен Рим укугунун жана мамлекеттик түзүлүшүнүн, маданиятынын мураскерибиз деп эсептеген Европа өлкөлөрүндө Цезардын ысымы мамлекет башчысынын титулуна кошо айтылып, анын сакралдуулугунун негизги элементи катары кызмат кылган, мисалы Август сымал, Кесарь титулдары, Германияда Кайзер, Россияда жана Болгарияда Царь (Цезардын ысымынын башкача айтылышы).
Чынгыз хан башкы бакшысы Тептеӊир өзүнүн ыйыктыгына, коомдук легитимдүүлүгүнө шек келтирген нерселерди айта баштаганда аны жок кылган.
Христиан, айрыкча католик чиркөөлөрүнүн таасири күч өлкөлөрдө падышалар, императорлор чиркөө аркылуу кудайдын батасын (индульгенция) алып келишкен. Гений Наполеон гана чиркөөдөн бата алгысы келбей, жараткандан ортомчусу жок бата алган, керек болсо чиркөө башчысын да дайындай турган күчкө, ошондой кудуретке ээ экендиги менен өзүнүн сакралдуулугун далилдеген.
Компартия да нечен алектен өтүп, улам изденип отуруп, бийликтин сырдуулугун, кудуреттүү күчтүн эрки менен башкарган бийлик эгеси экенин далилдегиси келип, түркүн ыкмаларды, символдорду, идеологияны ойлоп таап, элге сиӊирген.
Кыскасы, адамзат тарыхында бийликтин сакралдуулугу бийликтин ажырагыс белгиси, анын руханий, моралдык легитимдүүлүгүнүн зарыл шарты болгон. Албетте, заман алмашкан сайын бийликтин сакралдуулугунун формасы өзгөргөн, мазмуну байыган же, тескерисинче, кемиген.
Бийлик баалуулуктардын жана институттардын тутуму. Акча ошол акчаны чыгарган мамлекеттик бийликке болгон ишеним. Ишенимсиз ар кандай нерсе баалуу болуудан калат. Бийлик - бул легитимдүүлүк, касиеттүү, куттуу, кудуретүү нерсе, ошол эле учурда бийлик коргоочу күч, адилеттүүлүктүн зарыл шарты, эркиндиктин, мыйзамдуулуктун жарандардын жашоого укугунун кепилдиги, ишенимдин туу чокусу. Ушул функцияларын аткара албай калганда бийлик бийлик болуудан калат. Баары ачыкталып, маалымат тез тараган заманда деле бийликтин сакралдуулугу негизги маселе. Албетте азыркы заманда сакралдуулук легитимдүүлүк системасынын ажырагыс бөлүгү. Бийлик башкалар билбегенди билет, жарандар туйбаганды туят, өӊгөлөрдүн колнун келбеген нерсени кыла алат. Азыркы заманда да бийлик өзүнүн сакралдуулугун, сырдуулугун улуттук коопсуздук, мамлекеттик кызыкчылык, мамлекеттик миссия деген түшүнүктөр менен бекемдеп келет. Албетте, мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо, улуттук коопсуздукту сактоо мамлекеттин эӊ ыйык озуйпасы жана конкреттүү нерселер. Бирок жарандар үчүн абстрактуу түшүнүк катары бийлик органдарынын сакралдуулугу үчүн кызмат кылат. Ар бир жаран өзү сындаган президент башкарган өлкөнүн бийлик органдарына өз укугу бузулса кайрылат, ага даттанат. Башка эч ким анын жаран катары кызыкчылыгын колдобосун билет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргыз коомчулугунда бийликтин касиети кайтып, сакралдуулугуна шек келгенине көп жыл болду. Башка өлкөлөрдө улам жаӊы кызматкерлердин мууну пайда болуп, жаӊы элита калыптана баштады. Бизде улам кийинкиси интеллектуалдык жактан чабал, моралдык жактан чабыр болгону аз келгенсип, колу туткаак, жалганчы чыгып, элдин ишенимин кайт кылып, бийликтен касиет качты, кызматтын кунары кетти. Моралдык милдет, саясий жоопкерчилик деген баалуулуктардын куну болуп көрбөгөндөй түштү. Коом өзгөрдү. Бийликке мамиле бузулду, бийликтин урмат-сыйы кетти. Бийликтин кунары качып, куту кетишине шарттар жетиштүү. Бирөөгө шылтамай адатыбыз бар, бирок бул жаман көрүнүштү эч кимге шылтай албайбыз. Формалдуу легитимдүүлүк сакталган менен иш жүзүндө легитимдүүлүк болбосо элдин бийликке сыйы кайтып, анын өз жарандарынын укугун жана эркиндигин коргоо ниетине жана мүмкүнчүлүгүнө ишеничи кемийт. Бул анархия, тынымсыз нааразычылыктар, улам бир нерседен баш тартууга алып келет. Баары баарына каршы (Bellum omnium contra omnes) деген абалга кептелебиз.
Мамлекеттик кызматты жеӊил баа нерсеге айланттык. 2000-жылдардан тартып бийликти жулуп алма, тартып алма, таштай качма, сатып жиберме ооокатка, уюшма топ менен бийликке келип, кайра ошондой эле жол менен баса берме огожого, жеӊил алмашма кол жоолука айланттык окшойт. Кызматка дайынсыз жактан даярдыктан куржалак келип, кызматтын абийирин кетирип, "аа, коюп койсо боло берет турбайбы" деген түшүнүк калыптанып калгандай. Анан бизге кай киши, кантип ишенет. Ким биз менен кызматташкысы келет. Туура. Чет мамлекеттер сүйлөшө берет, визиттер болушу ыктымал, бирок ошол мамиледен бизге пайдалуу майнап чыкса гана чыныгы кызматташтык, тышкы дүйнө коомчулугунда легитимдүүлүк десек жарашат. Легитимдүүлүк күчтү да таануу, моюнга алуу, эсептешүү дегендик. Болбосо чет мамлекеттердин гана мүдөөсүнө шайкеш иштерди аткара бермегибиз турулуу иш.
3 мертебе кайталанган бийлик алмашууга мүнөздүү көрүнүш бар - бийликке нааразычылык күчөйт, кылкылдаган топ аянтка келет, Ак үйдү басып кирет, бийлик качат же кызматтан кетет, башкалары келет, анан баары кайрадан башталат. Илгери Цезарь veni, vidi, vici (келдим, көрдүм, жеӊдим) деген экен. Бизде 3 ирет кайталанды ушул нерсе. Келди. Кыйратты. Кетти. Соӊкусунда кимдер эле? Жаштар дедик. Болуптур. Кана алар эми? Кана талаптары? Эмнени каалашты эле? Конституциялык реформа, өлкө тагдырын чечкен талуулу маселелер боюнча үнү чыкпайт го биринин да? Башкалардай шайлоо эмес, демократиялык, мыйзамдуу эрежелер сакталбай, эл койгон максатты ураан кылып чакырып, журт нааразычылыгын пайдаланып, бийликти ээлеп алуу саясий адатка, бийликке келүүнүн жолуна айланса не кылдык? Керегесин бүктөп, туурун сындырып, туусун жыгып баса беребиз деген көз караш, мамиле биротоло калыптанып калса, анда канттик?
"Жол башчы тандабай, жол тандайлы" деп айтты эле бир кезде мыкты саясатчы, жазуучу Каныбек Иманалиев. Убагында туура көргөм. Система түзсөк, баары оӊолоор деп мен да үмүт кылгам. Бирок бийлик башындагы инсан жөнсөөк, анын тегерегиндегилер абийирсиз жана обору ач болсо, ар кандай системаны өзүнө ылайыкташтырып, жеке басаар болуп, ажыдаар болбойм деп келип, ажыдаарга айланып, улам бири бактыга бүтпөй, элдин шоруна жаралгансып, кесепети арта бергендиктен ири алдыда жол башчы тандаш керек экенине ынандым. Бастыра албаган жолду бузат, башкара албаган элди бузат деген кептин аныктыгын далилдеш үчүн келгенсип, биринен өтө бири элдин ырыскысына балта чаап келишти. Улугу адилет болбосо, убара тарткан эл карып. Кет буканын эскертүүсү улам бир бийлик келген сайын эске түшөт: Көсөмдөрү элди алдап, көч бузулат, сак болгун.
Эми эмне кылыш керек?
Биринчиден, бийликтин кунарын убагында бийликтегилер, өлкө ичинде байлык менен бийлик талашта эч бир эреже сактабаган кыйындар качырды. Демек бийликтин касиетин кайра бийлик гана кайтарууга тийиш. Жолу татаал жана арбын. Бирок негизгилери - мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана жоопкерчилик. Ансыз деле мамлекеттик мыйзамдарды танып, кыргыз элинин улуттук каада-салттарын чанып, өзүмчүлдүк күчөп, шариат менен гана жашоо керек деген агымдардын аракеттери активдеше баштаган кезде мыйзамдардын дискредитацияланышы жакшылыкка алып барбайт. Динге жамынган экстремисттик, террористтик радикал уюмдар "мына, учурдагы мамлекеттик система жараксыз, адилетсиздик өкүм сүрдү, баардык жерде коррупция гүлдөдү, эл кыйналды, демек дүйнөдөгү жападан жалгыз адилет түзүм - бүткүл дүйнөлүк халифатты куруш керек, ошондо гана бу дүйнөдө бардар жашайбыз, тиги дүйнөдө бейишке чыгабыз, алланын эрки ушундай" деп күнү-түнү, тынымсыз, түрдүү ыкма менен жигердүү үгүттөп турган чакта кемчиликтин баарын системага шылтай берүү кесепеттүү көрүнүш. Элдин бийликтен көӊүлү үч көчкөн журттай калып, баш аламандыктан тажап турганда саясатчылар, билерман эсептелгендер "мамлекеттик түзүлүш туура эмес экен, жаӊы түзүм курбасак болбойт" сыяктуу ураандарды таштаардан мурда бекем ойлонууга тийиш. Мурда айткан оюмду удулу келген соӊ да бир жолу кайталайын - бизде мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдар жаман эмес, кызматкерлер чабал, алсыз, мажүрөө, жоопкерсиз. Бийликтин моралдык, саясий жана интеллектуалдык чабалдыгы, жоопкерсиздиги кыйынчылыктардын анабашы, проблемалардын түпкү себеби.

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov
Экинчиден, мыйзамдардын сакталышы - бийликтин легитимдүүлүгүнүн анык фактору. Мыйзамдын зарылчылыгы менен аны аткарууга милдеттүүлүгү камсыздалууга тийиш. Ансыз ал мыйзам болуудан калат. Dura lex, sed lex - "Мыйзам катаал, бирок ал мыйзам" деген фундаменталдуу укуктук принцип, классикалык универсал эрежеге моюн сунуп, коомчулук мыйзамга баш ийип, аны чыгарган бийликти сыйлайбы же укуктук нигилизмге кенен жол ачабызбы? Бир мыйзам бузулса, бузгандар жазасыз калса, анда көпчүлүктө калган мыйзамдарды бузууга психологиялык маанай калыптанат. Дегеле мыйзамга баш ийбөө, бирөөнү, бирөөнү укугун тебелөө, мүлкүн ээлеп алуу адатынын пайда болушун шарттайт. Укуктук нигилизм анархияга жол ачат. А бул мамлекеттүүлүккө, бүтүндүккө, суверенитетке урулган оор сокку.
Үчүнчүдөн, бийлик бул - институттар гана эмес, ошол институттарда иштеген инсандар. Кызмат көп учурда кишинин акылын өстүрөт, билимин арттырат, тарбиялайт, кебетесин оӊдойт. Албетте, эгер анын дарамети жетишсе, дээри болсо. Бирок адамзаттан маӊдайлуу, бешенеси жарык таалайлуу, акылга дыйкан адам кызматтын көркүн ачат, сүрүн арттырат, коом алдында бийликтин аброюн, кадыр-баркын көтөрөт.
Демек кылган акыйкат иши, адал эмгеги, тереӊ акылы, элдин коопсуздугу, өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн жүргүзгөн жоопкерчиликтүү саясаты менен гана бийлик легитимдүүлүккө ээ болот, касиетин кайтара алат, кадырын өстүрөт, сый-урматка жеткирет. Элдин деми суубайт, көӊүлү эргийт, ишеним бекемделет, бийликтин чечимине моюн сунат, чыгарган өкүмү күчкө ээ болот.
Башка жол - туӊгуюкка жол.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.













