Facebook аталышын өзгөрттү, Москвада катуу чектөөлөр, Кыргызстандагы кымбатчылык көйгөйү

Facebook аталышын Meta деп өзгөрттү
Марк

Сүрөттүн булагы, AFP VIA GETTY IMAGES

Facebook ири ребренд иш-аракеттеринин алкагында өзүнүн корпоративдик аталышын Meta деп өзгөрттү.

Компаниядан айтышкандай, бул аталыш алардын жасаган иштерин жакшыраак “чагылдырат”. Анткени, алардын кулачы социалдык медиадан тышкары виртуалдык дүйнө (VR) өңдүү тармактарды да камтыйт.

Бул өзгөрүү Facebook, Instagram жана Whatsapp сыяктуу өз алдынча платформаларга таасир этпейт. Болгону аларга ээлик кылган компанияны эле туюнтат.

Мета-аалам

Сүрөттүн булагы, META

Мындай кадамга алар Facebook жөнүндөгү терс окуялардан кийин барып жатышат. Компаниянын мурдагы кызматкери документтерди ачыкка чыгарып жиберген болчу.

Фрэнсис Хауген “коопсуздукка караганда пайданы” биринчи орунга коёт деп компанияны айыптап чыккан.

2015-жылы Google түзүлүшүн өзгөртүп, ага ээлик кылган компанияны Alphabet деп атаган эле, бирок бул аталыш оозго алынып кеткен эмес.

Facebook компаниясынын башчысы Марк Цукерберг “мета-аалам” куруу боюнча планын ачыкка чыгарып жатып жаңы аталышты жарыялады. “Мета-аалам” - бул онлайн дүйнө. Анда адамдар көбүнесе VR баш кийимдерди кийип алып, виртуалдык чөйрөдө ойной, иштей жана башкалар менен байланыша алат.

Анын айтымында, азыркы бренд “келечекти айтпай эле коёлу, алар бүгүнкү күндө жасап жаткан иштердин баарын чагылдыра албайт”, ошондуктан өзгөртүү керек болгон.

“Убакыттын өтүшү менен биз мета-аалам компаниясы катары кабыл алына баштайбыз деген үмүттөмүн. Мен биздин иштерди жана иденттүүлүгүбүздү бекемдеп койгум келет”, - деди ал виртуалдык конференцияда. (EA)

Коронавирус менен ооругандар кайрадан көбөйө баштады

Кыргызстанда коронавирус кайрадан жайыла баштады

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда коронавирус кайрадан жайыла баштады

Бүгүн өлкө боюнча CОVID-19дун 116 жаңы учуру катталды. Алардын көбү Бишкек шаарында.

2 адам бул илдеттен каза таап, жалпы курман болгондордун саны 2666га жетти.

Стационарда 708 жана амбулатордук түрдө 718 адам дарыланып жатат.

Ал эми вакцина алгандардын саны 11 262 болду. Алардын 5156сы 1-доза менен, 6106сы 2-доза менен эмделген.

Буга чейин жаңы катталган учурлар 100гө жетпеген санда катталып жаткан. Акыркы 3 күндө оорулуулардын саны өсүп, 124кө чейин жетти. (MD)

IRI: кыргызстандыктар үчүн башкы көйгөй - кымбатчылык

Кыргызстанда кымбатчылык эң башкы көйгөй аталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, IRI: кыргызстандар үчүн башкы көйгөй - кымбатчылык

Кыргызстанда элди түйшөлткөн башкы маселелер: жашоо деңгээли жана баалардын өсүшү. Эл аралык республикалык институту (IRI) 11-26-сентябрь күндөрү жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында кезектеги отчетун жарыялады.

Сурамжылоого катышкандардын 61% жашоо деңгээли жана баалардын өсүшүн эң башкы көйгөй катары атаган.

 Аталган институттун буга чейинки февраль-мартты камтыган иликтөөсүндө кыргызстандыктар 59% эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту аташкан эле.

Кыргызстандыктар кейиген андан кийинки эле маселелер бул - коррупция, миграция, билим берүү, коронавирус, экономика-жакырчылык, социалдык кызматтар, жөлөк пул-пенсиялар жана саламаттык сактоо тармагы. (EK)

Москвада ковидке каршы катуу чектөөлөр киргизилди.

Москва

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Чектөөлөр бейшембиден тарта күчүнө кирди. Кафе-ресторандар жабык, азык-түлүк саткан дүкөндөр жана дарыканалар гана ачык. Калган тейлөө тармагы бүт жабылды.

QR-коду барларга театр жана көргөзмөлөр ачык, бирок аларда да залдагы чогулгандар теңинен көп болбошу керек.

Бүт өлкө боюнча 9-ноябрга чейин дем алыш жарыяланды. Ошол себептүү мектептер менен бала бакчалар каникулда.

Ковид менен ооругандар көп болуп жатканы менен ооруканалар толтура деп айтканга болбойт, Москванын вице-мэри берген маалыматка караганда госпиталдарда 11 миңден ашык орун резерв бар.

Москванын өзүндө октябрь айынын ичинде 161 090 адам коронавирус менен ооруп, анын ичинен 2078 адам каза тапты. (KC)