Технологиялык алптар өздөрүн Facebook компаниясынан оолактаткысы келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images
TikTok, Snapchat жана YouTube АКШнын сенаторлорунун суроолоруна жооп беришти. Сенаторлор аталган компаниялардын эң жаш колдонуучуларынын коопсуздугу маселесине кызыгышкан.
Дээрлик төрт саатка созулган дүйшөмбү күнкү отурумда алар өздөрүн Facebook компаниясынан айырмалап көрсөтүүгө аракет кылып жатышты. Facebook болсо соңку айларда саясатчылардын жакындан көз салуусуна туш болгон эле.
Бирок аларга төмөнкүчө айтылды:
“Facebook компаниясынан айырмаланып турганыңар - бул коргонуу эмес. Ал суу топтолгон жер. Өзүңөрдүн башкача экениңерди айтуу коргонууга жатпайт”.
Өзүнүн ачылыш сөзүндө сенатор Ричард Блументал төмөнкүлөрдү кошумчалады:
“Көйгөй ачык көрүнүп турат. Ири технологиялар көбүрөөк акча табуу үчүн жаш балдар менен өспүрүмдөргө аңчылыкка чыгып жатат”.
“Силер колдонуучуларды, айрыкча жаш балдарды кошуп алып, аларды өз колдонмоңордо кармап калуудан башка эч нерсе кылган жоксуңар”.
“Эсеп-кысап бериш керек, бул жолкусунда башкача болот”.
“Камера компаниясы”
Жаш балдардын менталдык саламаттыгына зыян тийгизүү боюнча айыпталган Facebook компаниясына карата көзөмөлдү күчөтүү айтылып келет.
Бирок Snapchat сенаторлорго Facebook менен бирдей категорияга кирбей турганын айтты.
“Snapchat социалдык медиага каршы дары катары иштелип чыккан”, - деди Snap глобалдык коомдук саясат компаниясынын вице-президенти Женнифер Стаут.
“Негизи, биз өзүбүздү камера компаниясы катары сүрөттөйбүз”.
TikTok компаниясынын коомдук саясат бөлүмүнүн башчысы Майкл Бекерман отурумда “TikTok жазылуучуларга негизделген социалдык тармак эмес. TikTok көрөсүң да, аны жаратасың” деп билдирди.
Бирок TikTok компаниясынын алгоритмдерине каршы айып тагылып келет. Ага ылайык, компаниянын алгоритмдери өспүрүм колдонуучуларга зыяндуу контентти - мисалы, салмак таштоо же кооптуу пранктарды - көрсөтүгө ылайыкташкан.
“Кумарпоздун баяны”
Бул отурум Facebook компаниясынын сырын Фрэнсис Хауген Wall Street Journal басылмасына айтып бергенден кийин өтүп жатат. Хауген берген документтерде Instagram өспүрүм кыздарга “зыяндуу” таасир этип жатканы боюнча Facebook кабардар болгон.
Анын айтымында, Facebook компаниясынын өзүнүн изилдөөсүндө бир көйгөй “кумарпоздун баяны” деп сүрөттөлгөн. Анда жаш балдарга жакпаса да тиркемени колдонбой коюш үчүн өздөрүн көзөмөлдөй албай калганы айтылат.
Бирок аталган компаниянын башчысы Марк Цукерберг платформа зыяндуу контент менен күрөшүү үчүн аракет кылганын билдирген.
“Биз коопсуздук, жыргалчылык жана менталдык саламаттык өңдүү маселелерге өтө көңүл бурабыз”, - деп жазылган анын Facebook барагындагы постто.
Негизги калкан
Андан тышкары, сенаторлор цензура жана жалган маалыматтын тарашы боюнча тынчсызданып жатышат.
Айрымдарынын айтымында, социалдык тармактарды сотко берүүдөн коргогон мыйзамдар кайра каралып чыгышы керек. Ал мыйзам 230-берене катары белгилүү.
Башында BT же Comcast сыяктуу интернет провайдерлерди коргоо катары кабыл алынган мыйзам Facebook, Twitter жана YouTube өңдүү ири сайттар үчүн дагы негизги калканга айланган. Алар ар бир колдонуучунун жазганын жарыялаганга чейин карап чыгышы күмөн.
Бирок АКШдагы көптөгөн саясатчылар мыйзам эскиргенин айтып, социалдык тармактар эсеп-кысап бериши керек деген пикирде. (EA)












