Facebook "балдарга зыян, бөлүнүүнү колдойт, демократияны алсыратат", - дейт мурдагы кызматкери

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Facebook’тун мурдагы кызматкери АКШнын сенаторлоруна компаниянын сайттары жана колдонмолору “балдарга зыян алып келет, бөлүнүүнү колдойт жана биздин демократияны алсыратат”, - деди Сенаттагы угуулар учурунда.
Facebook’тун ички маалыматын ачыктаган мурдагы кызматкери Френсис Хауген Сенаттагы угууларда компанияны ачуу сынга алды.
Facebook, өз кезегинде, Хауген айым түшүнүгү жок иштер тууралуу сүйлөп жатканын айтты.
Бул кызыкчылык социалдык медиа гигантынын өсүшүнө көңүл бурулуп, аны жөнгө салуу чакырыктары көбөйүшүнөн улам болууда.
Facebook - дүйнөдөгү эң ири социалдык медиа. Компания жигердүү колдонуучуларынын саны айына 2,7 млрд чейин жетерин айтат. Жүз миллиондогон колдонуучулар компаниянын WhatsApp жана Instagram сыяктуу башка өнүмдөрүн дагы колдонушат.
Бирок компания колдонуучулардын маалыматтарын коргоодогу кемчиликтеринен тартып жалган маалыматты таратууну көзөмөлдөөгө жетиштүү аракет кылбай жатканына чейин сынга кабылып келет.
Шейшембиде республикачылар менен демократтар компанияны өзгөртүү керек экендигине макул болушту. Бул эки саясый партия тил табышкан сейрек учур.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Угуулардан кийин тараткан билдирмесинде, Facebook Хауген айым “күбө өткөн көптөгөн маселелерде берген мүнөздөмөлөрү” менен макул эместигин айтат. Ошол эле учурда, “интернеттин жаңы стандарттык эрежелерин киргизүүгө убакыт келгенине” макул экенин белгилейт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Интернет эрежелеринин жаңыртылганына 25 жыл өттү, социалдык чечимдерди кабыл алуу – мыйзам чыгаруучулардын иши, тармак өзү качан аны аткарат деп күткөндүн ордуна, Конгресстин иштей турган учуру келди”, - деп айтылат билдирүүдө.
Жекшембиде CBS News медиасына берген маегинде, Хауген жакында Wall Street Journal менен Фейсбуктун документтерин бөлүшкөнүн айткан.
Wall Street Journal алган документтерге таянып, "Instagram өзү өткөзгөн изилдөө кыздардын психологиялык саламаттыгына зыян алып келиши мүмкүн экенин көрсөткөн", - дейт.
Бул шейшембидеги угууларда Хауген көрсөтмө берген тема болду. “Компаниянын лидерлери Facebook менен Instagram’ды кантип коопсузураак кылса болорун билишет, бирок алар аны кылышпайт, анткени алар асман чапчыган пайдадан баш тарта алышпайт”, - дейт ал.
Шейшембидеги угууларда бул Хауген көрсөтмө берген тема болду. “Компаниянын лидерлери Facebook менен Instagram’ды кантип коопсузураак кылса болорун билишет, бирок алар аны кылышпайт, анткени алар асман чапчыган пайдадан баш тарта алышпайт”, - дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукербергди кеңири көзөмөл кылганы үчүн сындады: “Азыр Марктын өзүнөн жооп сураган эч бир жан жок”.
Ал дүйшөмбүдөгү бүт дүйнөгө таасири тийген компаниянын кызматтарынын иштебей калышына дагы пикирин билдирди:
“Кечээ биз Facebook интернетти токтотуп салганын көрдүк”, - деди. “Эмнеге кулаганын билбейм, бирок мен Facebook бөлүүнү тереңдетүү, демократияны туруксуздаштыруу жана жаш кыздар менен аялдар өз денесинен уялуучу үчүн беш сааттан ашык колдонулбаганын билем”.
Анын сенаторлорго берген жообу конгресстин көзөмөлү тууралуу болду: “Биз азыр аракет кылышыбыз керек” - дейт ал.
Facebook анын айткандарын четке какты жана өзүнүн коопсуздук чараларын коргоду.
Компаниянын саясый мамилелер боюнча директору - Энди Стон, Хауген сүйлөп жатканда ал иштебеген тармактар тууралуу суралып жатканын, анын ичинде, балдардын коопсуздугу жана Instagram көрсөтмөлөрүнө жоопторун Твиттерге түз жазып жатты.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Угууларда эки партиянын тең мыйзам чыгаруучу өкүлдөрү Facebook’ту сынга алышты.
“Facebook’тун жеке кызыкчылыктарга жана өзүн баалоого тийгизген зыяны бүтүндөй муунга тиет”, - деди демократ сенатор Ричард Блументаль.
“Жаңы технологиялардын чоңдору азыр учурунда тамеки чоңдорун таң калтырган чындыкты көрүп жатышат”, - деп, тамеки фирмаларынын зыяндуу өнүмүнө шилтеме бере кошумчалады.
Facebook’тун балдарга тийгизген таасирине маселесине келгенде, дүйнө артка кайрылып: “Биз эмне ойлонуп жүргөнүбүздү”, - сурайт деди республикачыл сенатор Дэн Салливан.

Акыры демократтар менен республикачылар тил табышты
Эми Конгресстеги республикачылар менен демократтар макул боло ала турган бир нерсе бар экенин билебиз – бул Фейсбук жана ал жаратат деп алар ойлогон коркунучтар.
Шейшембидеги Френсис Хаугендин угууларында солчул жана оңчул сенаторлор социалдык медиа гигант өтө эле чоң жана абдан күчтүү экенине тынчсыздануусун билдиришти.
Албетте, алар мисалдары келтиришти. Демократ Эми Клобучар компаниянын алгоритмдери 6-январда Капитолийге болгон чабуул сыяктуу экстремисттик маалыматтарды алгалата аларына бушайман чекти. Республикачыл Тэд Круз консервативдик көз караштарга болгон Facebook'тун цензурасын көрүп жатканын билдирди.
Башкалары Facebook өзүнүн Instagram өспүрүм кыздардын психикалык саламаттыгына таасир этерин далидеген изидөөсүн этибарга албай келгенине көңүл бурушту.
Facebook'тун үмүтү - оппоненеттери бул маселелерди чечүүнүн мыкты жолун сунуштоодо пикир келишпестиктерге алдырышында, саясый өңүттөрдө, акыр түбү, өзүн көрсөтүүгө умтулууда.
Эгер алар Facebook маселесине, саясый макулдашууларга жеткирбей, 1980-ж. Bell компаниясынын тагдырын чечкендей, компанияны бөлүү менен жооп бергиси келсе, жетекчилердин жооп бергенге убактысы тар. (CS)












