Facebook эмдөөнү каралаган аккаунттарды өчүрүүдө

FAZZE
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, FAZZE

Facebook вакцинага каршы дезинформациялоочу өнөктүктөргө катышкан деп эсептелген жүздөгөн россиялык аккаунттарды өчүрдү.

Компания ал аккаунттардын иши Индия, Латын Америкасы жана АКШга багытталганын айтты.

Алар өзгөчө Ковид-19га каршы вакциналарга элдин ишенимин жоготуу үчүн жалган дооматтарды жайылтуу үчүн таасирдүү адамдарды тартууга аракет кылышкан деп кошумчаланат.

Facebook "Координацияланган жалган жүрүм-турум" жөнүндөгү акыркы отчетунда AdNow аттуу орусиялык компаниянын бир бөлүгү болгон Fazze маркетинг агенттигинин таркатылган дезинформациялык кампаниясынын ортосунда байланыш бар экенин айтты.

Өткөн айда BBC Trending иликтөөсү ушул жылдын май айында Pfizer вакцинасына байланыштуу кооптонуулар жөнүндө жалган дооматтарды жайылтуу үчүн авторитеттүү адамдарга Fazze агенттиги тарабынан акча сунушталганын кабарлаган.

Facebook'тун маалыматы боюнча, бул Батыш вакциналарын каралоо аракеттеринин экинчи толкуну болгон.

Алардын иликтөөсү көрсөткөндөй, 2020-жылдын ноябрында ошол эле аккаунттар AstraZeneca вакцинасы шимпанзеден алынган зыянсыз аденовирусту колдонот деген жалган маалыматты таркатууга аракет кылышкан.

Алардан келген билдирүүлөрдө «Маймылдар планетасы» тасмасынан алынган кадрлар менен мемдер тараган. Анда вакцина адамдарды маймылга айлантат деген ой камтылган.

Бул мем менен фейк аккаунттар бөлүшкөн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул мем менен фейк аккаунттар бөлүшкөн
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул билдирүүлөр Индия өкмөтү AstraZeneca вакцинасын чукул каттоо тууралуу талкуулап жатканда Фейсбукта хинди тилинде пайда болгон.

Facebook бул кампания колдонгон фейк аккаунттардын айрымдары Бангладеш менен Пакистандан келип чыкканын божомолдоп жатат.

Facebook алардын эл аралык кийлигишүүгө каршы саясатын бузгандыгы үчүн 65 Facebook аккаунтун жана 243 Instagram аккаунтун өчүргөнүн билдирди.

Facebookтун коопсуздук чалгындоо кызматынын башчысы Бен Ниммо бул кампанияны бир нече онлайн форумдарга маалыматты жайгаштырып, андан кийин аны башка платформаларга тараткан "дезинформациялык кир жуугуч" деп мүнөздөдү.

Операция ондогон платформаларды камтыды. Reddit жана Medium сайттарында суроо жараткан посттор чыгып, change.org сайтында AstraZeneca вакцинасынын коопсуздугуна тынчсызданган петициялар пайда болгон.

Facebook'тун отчетуна ылайык, бул шилтемелерди ошол эле хэштегдерди колдонуп, AstraZeneca вакцинасы шимпанзе аденовирусунан алынган деген маалыматты Инстаграмдагы бир нече таасирдүү адамдар бөлүшкөн.

Жайылтуунун эки толкуну тең түрдүү ыкмаларды колдонгонуна карабастан, ийгиликтүү болгон жок.

"Социалдык медиадагы таасирдүү адамдардан тышкары, бул операция батышта жасалган ковидге каршы вакциналары жөнүндө интернетте адаштыруучу маалыматтарды таркатуу үчүн дагы башка бир топ тактикаларды колдонгон окшойт", - деди Джек Стуббс, социалдык тармактактардын аналитикасын жасаган Graphika фирмасынынын изилдөө бөлүмүнүн директору.

"Facebook менен Instagram'да жасалма персонаждардын көбөйүшү, информациянын жайылып кетиши, жалган маалымат үчүн акы төлөнүүчү жаңылык сайттарынын колдонулушу тууралуу билдирүүлөр болду."

Кампаниянын жигердүү аракеттерине карабастан, Facebook’тун отчетунда шалаакылык дагы байкалганы айтылат Мындай иштердин арасында, тилдерди аралаштыруу да бар. Мисалы, португал тилиндеги хэштегдердин коштоосунда хинди тилиндеги мемдерди жарыялашкан.

BBC Trending'дин иликтөөсү көрсөткөндөй, Fazze AdNow аттуу орусиялык компаниянын мүчөсү болгон. Би-Би-Си AdNowнун Москвадагы башкы кеңсесинен комментарий алууга бир нече жолу аракет кылып, бирок жооп ала алган эмес. AdNowнун британиядагы бөлүмүнүн директору Би -Би -Сиге Fazze жабылып жатканын айтты.

Немис саясатчысынын Батыш вакциналарын дискредитациялоо Кремлдин кызыкчылыгында деп айыптоосуна жооп кылып, Россиянын Улуу Британиядагы элчилиги мындай деди: "Биз Ковид-19ду глобалдык коркунуч катары карайбыз жана ошону менен катар глобалдык аракеттерге тоскоол болууга кызыкдар эмеспиз. Pfizer вакцинасы менен эмдөө вирусту жеңүү жолдорунун бири.”

Би -Би -Си комментарий алуу үчүн дагы Fazze менен байланышууга аракет кылды, бирок Fazze даректерине жөнөтүлгөн электрондук каттар дагы эле AdNow доменинен кайра келүүдө. Facebook өз платформасында Fazzeни блоктогон. (MD)