Facebook АКШ шайлоосу алдында саясий жарнамаларды чектейт

Марк Цукерберг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Facebook компаниясынын жетекчсиси Марк Цукерберг

Facebook 3-ноябрда өтө турган АКШдагы президенттик шайлоого бир апта калганда саясий жарнамаларды токтотот. Компания жетекчсиси Марк Цукерберг бул чечимди америка коомундагы өтө терең карама-каршылык пайда болуп, мунун арты массалык башаламандыкка айланып кетиши мүмкүн деген коркунуч бар экени менен түшүндүрдү.

"Алдыдагы шайлоо адаттан тыш болот. Биздин элде чоң ажырым пайда болду. Ал эми шайлоонун акыркы тыянагын чыгарууга бир нече күн, балким апталар кетет. Өлкөдө болсо жарандык толкундоо болуп кетүү тобокелчилиги күчөйт",-деп жазды Цукерберг.

Мындан тышкары кайсы бир талапкер шайлоо тыянагына чейин эле "Фейсбукка" жеңиши тууралуу билдирүү жарыялап жиберсе, компания ага атайын түшүндүрмө жазып, расмий тыянак чыга электигин эскертет. Facebook фейк жаңылыктар жана ушак кептердин тарашына жол бербеш үчүн бир катар чектөөлөрдү киргизүүдө. Айталы, добуш берүү жайында Covid-19 жуктуруп алууга болот деп ырастаган, шайлоо мыйзамсыз деген сыяктуу билдирүүлөр өчүрүлөт.

Facebook

Сүрөттүн булагы, Reuters

Анализ

Жеймс Клейтон, Би-Би-Си кабарчысы

Марк Цукербергдин эң көп түйшөлткөн маселе - бул системанын кечигүү менен иштегени. Ал шайлоо алында жана андан кийин "Фейсбукта" өтө уулуу атмосфера орноп каларын билип турат. "Фейсбукка" жарыяланган ар бир саясий билдирүүнү окуп чыгууга убакыт керек. Эскертүү жазуу, жарнаманы өчүрүп салуу сыяктуу аракеттерге бир нече күн сарпталат. Өзгөчө добуш берүүнүн алдында саясат кызып, аны менен бирге эле "Фейсбукка" дагы маселе жаратат.

Биз билгендей Цукерберг фейк жаңылыктары жараткан кесепетке жана кээ бир шайлоочулардун добуш беришине тоскоолдук жаратарына кабатырлануусун билдирип келет. Бирок анын добуш берүүнүн алдын жана шайлоо тыянактары жарыялаган учурду өзгөчө белгилегени көңүл бурат. Жеңүүчүнү аныктоо үчүн убакыт керек. Цукрбергдин пикиринде, ушул потенциалдуу боштук АКШнын мыйзамдуу бийлиги үчүн чоң коркунуч жаратат. Ал тиреш болуп кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

Мына ошондуктан ал шайлоонуну мыйзамсыздыгы тууралуу билдирүүлөр модератор тарабынан токтотула турганын эскертти. Эгерде азыр эле Трамп шайлоонун мыйзамдуулугу боюнча күмөнсүнгөн пикирин айтканын эске алсак, кырдаалдын өнүгүшү жакшы эмес.