Эмне үчүн интернет дагы кулай берет?

Марк Цукерберг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Facebook'тун башкы аткаруучу директору Марк Цукерберг кызматтын алты сааттык кулоосу үчүн кечирим сурады

Марк Цукерберг Фейсбукта жазган постуна калтырылган комментарийлерди окубаса керек.

Өткөн аптада Фейсбук, WhatsApp жана Instagram кулаганда “Бүгүнкү үзгүлтүк үчүн кечирим сурайм” деп жазган постунда калтырылган комментарийлердин баарын окуп чыгыш үчүн ага 145 күндөй убакыт тынымсыз, уктабай отурушу керек болмок. Бул постко 826 000 комментарий жазылган.

Марк Цукербергдин Фейсбуктагы посту: "WhatsApp жана Instagram кулаганда “Бүгүнкү үзгүлтүк үчүн кечирим сурайм".

Сүрөттүн булагы, Facebook screen

Комментарийлер ар түрдүү: “Мен ата-энем менен сүйлөшө албай калдым, бул кандай жаман” дегенден тартып: Намибиядан келген “Мен телефонум бузулуп калды экен деп оңдоткону алып бардым”, - дегенге чейин болду. Индиялык колдонуучулардан бизнестеги өткөзүп жиберген кирешесинин ордун толтуруп берүү талабы дагы түштү.

Бул кызматтарды дүйнөдөгү миллиондогон кишилер жөн эле көңүл ачуу үчүн эмес, маанилүү байланыш жана соода каражаты катары колдоно турганы айдан ачык болуп калды.

Facebook, WhatsApp жана Instagram

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көптөгөн бизнестер Facebook'тун WhatsApp жана Instagram сыяктуу кызматтарын байланыш жана соода каражаты катары күнүгө колдоно турганы белгилүү болуп калды.

Адистер мындай иштебей калуулар улам тездеп жана кесепеттери тереңдей бермекчи дешет.

“Акыркы жылдары биз аз сандагы желелер жана компаниялар Интернеттеги контенттин көбүн берип жатканына күбө болуп жатабыз”, - дейт Люк Дерикс, Down Detector кызматынын техникалык директору.

“Алардын биринде же бир нечесинде маселе пайда болсо, алардын өзү эле эмес, башка дагы жүздөгөн кызматтарга таасири тиет”, - дейт ал. Мисалы, Facebook акылдуу телекөрсөткүч сыяктуу жүздөгөн түзмөктөргө жана башка кызматтарга кирүү үчүн колдонулат.

“Ошондуктан азыр ушундай интернеттин “кар жааган күндөрү” болуп жатат”, дейт Дерикс мырза.

Дерик мырза иштеген Down Detector – бул веб кызматтарды жана вебсайттарды иштешин мониторинг кылып турат. “Facebook’та маселе пайда болгондо ал интернетке өтө чоң таасир тийгизет. Бирок бул экономика дагы... коом дагы. Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон, балким жүздөгөн миллион, кишилер Калифорниядагы бир ууч топ качан бирдемени оңдойт деп күтүп отурушат. Бул акыркы жылдары ылдам өсүп бараткан кызыктуу феномен”.

Интернет чоң кулаган учурлар

  • 2021, октябрь: Facebook, Instagram жана WhatsApp “конфигурация катасынан” дээрлик 6 саат токтоп калды.
  • 2021, июль: Airbnb, Expedia, Home Depot, Salesforce баштаган 48 кызмат Akamai компаниясында орун алган DNS (домендердин аталыш кызматы) мүчүлүшүнөн улам 1 саатка кулаган.
  • 2021, июнь: Amazon, Reddit, Twitch, Github, Shopify, Spotify жана бир катар жаңылыктар кызматтары Fastly булут компүтиң кызматында мурда белгисиз болгон мүчүлүштөн улам бир саатка чукул иштебей калган.
  • 2020, декабрь: Gmail, YouTube, Google Drive жана башка Google кызматтары “ички сактагыч квотасы маселеси” кесепетинен 90 мүнөткө чейин кулаган.
  • 2020, ноябрь: Amazon веб кызматтарынын техникалык маселесинен улам миңдеген үчүнчү тараптык онлайн кызматтар, көбүн эсе АКШда, иштебей туруп калган.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Албетте, чоң кулоолор болгондо эл мунун артында кибер чабуулдар турат деп ойлошот.

Эксперттер көбүн учур алардын себеби кишинин катасы деген менен, азыркы Интернет эски чечимдерге негизделген ыңгайсыз, татаал системдердин курамы экенин дагы белгилешет.

Интернетти изилдеген профессор Билл Бучанан мындай мүнөздөмө менен макул: “Интернет түпкүлүгүндө DARPA (Коргонуунун алдыңкы изилдөөлөр долбоорлор агенттиги) өзөктүк чабуулдан кийин аман калган бөлүгү иштеп калгыдай кылып курууга аракет кылган чоң масштабдуу, тараган желе эмес”.

“Ал негизинен дагы эле биз мейнфрейм компүтерлерге терминал аркылуу туташкан эски протоколдорду колдонот. Өзөктүк инфраструктурадагы бир эле жалган сигнал баарын жерге сулатат”.

Профессор Бучанан: “интернетти туруктуураак кылуу үчүн жакшыртылуучу нерселер бар, бирок тилекке ылайыкпы же каршыбы, желенин фундаменталдык негиздери сакталып келе жатат”, - дейт.

“Негизи систем иштейт. Интернеттин айрым протоколдорду бир күнгө өчүрүп, аларды өзгөртүп жасоого аракет кылып көрсөңөр болот”, - дейт ал.

Профессор Бучанан интернеттин түзүмүн жана системдерин кайра куруп чыгууга аракет кылгандан көрө, биз жеке маалыматтарыбызды сактоо жана бөлүшүү жолдорун жакшыртууга аракет кылышыбыз керек деп эсептейт.

дүйнөнү чулгаган байланыш желелери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ал интернет өтө эле борборлошуп кеткенине, өтө көп берилиштер бир булактан келип жатканына кабатыр. “Бул трендди эч кимдин кулоосу кызматты токтото албагандай кылып, көптөгөн түйүндөрдөн турган системдин жардамы менен артка кайтарыш керек” - дейт.

Мунун жакшы жагы дагы бар. Интернеттин олуттуу кулоолору колдонуучулардын жашоосуна жана бизнесине таасир тийгизе алат. Ошондуктан акыры бул интернеттин туруктуулугуна жана аны толтурган кызматтарды жакшыртууга жардам бере алат.

Мисалы, Forbes’дун эсептөөсүнө ылайык, Facebook’тун алты сааттык кулоосунда жарнама берүүчүлөр убактылу жармана берүүсүн токтотуудан же кетишинен улам $66 млн кирешесинен кол жууган. Жоготуулар компаниялардын башкаруучуларын келечекте мындай кулоолордун алдын алууну жакшыртууга аргасыз кылат.

“Ошол күнү алар акцияларынын эле баасынан эмес, операциондук кирешеден дагы жоготушту”, - дейт Дерик мырза.

“Ошондой эле, Fastly жана Cloudflare сыяктуу желелердин кулоосуна көз салсаңыз, алардын көптөгөн кардарлары атаандаштарына өтүп кеткенин көрөсүз. Ошондуктан операторлор баары онлайн турушу үчүн колдон келген аракеттерди көрүшөт”. (CS)