Москва: "Мигранттардын мэрди укканга убактысы деле жок"
Калыйнур Калмурза уулу, Би-Би-Синин Москвадагы фрилансери

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн айда Москванын мэри Сергей Собянин курулуш тармагына мигранттардын ордуна россиялык жарандарды тартуу маселесин козгоду. Курулушта иштеген кыргызстандык мигранттар мэрдин бул планын ишке ашыруу кыйын болот дешет.
Собянин бул пикирин 17-нобярда реновация программасынын алкагында салынып жаткан үйлөрдүн бирин көргөнү барганда билдирген: “Башка сапаттагы кишилер [керек], башка айлык менен, бүгүнкү күнү силерде көп болуп жаткан мигранттарды азыраак [тартыш керек]. Жакынкы региондордон орусиялыктарды көбүрөөк тарткыла, айлыгын көтөргүлө, иштегенге шарт түзгүлө”. (РИА Новости боюнча цитата).
Компаниянын жетекчиси ага квалификациясы жакшы курулушчулар айына 120-150 миң рубль алышарын айткан. Собянин буга: “Бул москвичтер үчүн айлык, мигранттар үчүн эмес”, - деген. ("Коммерсант" боюнча цитата).
Москвада курулуш тармагында инженерлик кесипти аркалап иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант Зиябидин уулу Шералы (аты жөнү өзгөртүлдү) мэрдин бул планы орусиялык компаниялар үчүн кызыкчылык туудурбайт деген пикирде:
“Курулуш тармагында 2012-жылдан бери иштеп жатам. Азыркы кесибим боюнча слаботочникмин. Өрт коопсуздугун сактоо үчүн белги берүүчү тетиктерди, камераларды, домофондорду орнотобуз”.
Ал, башкаларды айтпаганда деле, кыргыздар эле курулуштан кетсе, ишке чоң залака болот деген пикирде. Себебин, жаңы келгендерди алардын деңгээлине жеткизе үйрөтүп чыгуу үчүн жок дегенде 2-3 жыл керек болору менен түшүнүдүрөт. Бул компаниялар үчүн чоң жоготуу болот.
“Мисалы, азыр менин жетекчиме барып, Шералыны жумуштан алып, ордуна бул адамды кой десе, менин жетекчим макул болбойт. Себеби 2-3 жолу ал мени окутуу үчүн курстарыма акча төлөгөн”, - дейт ал.
Курулуш бизнесинде кызматкерлеринин кесиптик өнүгүүсүнө салган инвестиция жакшы кайтарым берет. Шералы иштеген компаниянын ээси, мындай саясаттын аркасы менен бизнесинин кулачын жайылта алган.
“Мурда бир объектини иштететип келсе, азыр мага окшогон үч-төрт баланы окутуп алып, 4 объектини иштетип жатат. Алардын ар биринин алдында кеминде 15тен бала иштейт. Мен мэрдин айтканын жөн гана шоу деп кабыл алдым”, - дейт Шералы.

Иштин сапаты жана тартыштык
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мэр Собяниндин “башка сапаттагы кишилер” деген сөзү, айрым учурларда мигранттар жасаган иш сапатсыз болот деген пикирден тамыр алгандай.
Иштин сапатсыз болуп чыгышына дайым эле мигранттар күнөөлүү эмес. Мындай учурлар, мурда сүйлөшүлгөн эмгек акысын бербей койгондо, же ортодогу эмгек келишими бузулганга байланыштуу болот дейт Шералы:
“Мен, адам катары, мигранттарга сөз тийгизбейин деп чын жүрөктөн ишти жасаганга аракет кылам. Башкалар деле ошондой. Эми кээде болуп калат, эмгек акысын бербей койсо же эмоцияга алдырып жиберип, кылган ишин кайра бузуп кетип калышат. Бул эми сейрек көрүнүш”.
Москванын мэри курулушту механикалаштыруу жана индустриалдаштыруу аркылуу ишти жакшыртса болот деген пикирде.
Деген менен, 2020-ж. августунда Москванын курулуш департаментинин башчысы Рафик Загрутдинов, курулуштун жогорку темпин сактап калуу үчүн бүжеттик акчага үй курган компанияларга 15-20 миң жумушчу жетишпей жатканын айткан.
Курулуш компанияларынын мигранттарды сактап калууга кызыкдарлыгын дагы бир себеби, алардын жергиликтүү жумушчуларды мигранттардай иштете албай тургандыгындыгында жатат дейт курулушчу:
“Биз, белгилүү бир деңгээлде, булар ушул мамлекеттин кожоюну деп эсептеп, оор шарт болсо да талашып тартышпайбыз. Мындай учурда, орустар өз ара ар кандай конфликтерге барып кетиши толук ыктымал. Башчылар жергиликтү орустарды бизди иштеткендей иштете алышпайт. Ошол себептен аларга мигранттар менен иштешүү жеңил”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ковиддин эпкини
Сентябрда, мэрдин шаар куруу саясаты боюнча орун басары Андрей Бочкарев, Москвадагы жол курулуштарында мигранттарды жергиликтүү жумушчулар менен алмаштырып жатышканын билдирген. Анын сөзүнө ылайык, пандемиядан улам чек аралардын жабылышы, мурдагы СССР өлкөлөрүнөн келген мигранттардын санын кескин кыскарткан.
“Азыр курулуштагы мигранттын орточо айлыгы 50-60 миң рубль. Мурда 30 миң болчу. Эми мигранттардын көбү 80 миңге иштегенге дагы макул эмес”, - дейт Бочкарев.
Ал келтирген маалыматка ылайык, жумушчулардын улуттук курамы дагы өзгөрүп, Москвадагы курулуштарда мурда көбүн эсе тажикстандык курулушчулар иштеп келген болсо, эми негизинен Кыргызстандан жана Өзбекстандан келген курулушчулар иштеп калышты.
Шералы мэрдин орун басарынын сөзү менен макул эмес.
“Азыр кыргызстандык мигранттар курулуш тармагында башка мигрантарга караганда аз. Биздин жердештер азыр транспорт тармагына өтүп кетишти. Такси, маршрутка, оор жүк ташуучу унааларды айдашат”, – дейт Шералы.
Собяниндин пландарына карабастан, мигранттар курулуштарда мурда кандай иштешсе, азыр деле ошондой иштеп жатышат деп кошумчалады ал:
“Иш азыр кадимкидей жүрүп жатат, кыргыздар деле иштеп жатат. Алардын мэрди укканга убактысы деле жок. Башка шаарларга салыштырмалуу Москвада курулуш тармагы кайсы бир деңгээлде азыр күчөп жатат”.
Эске салсак, Москвада пандемиянын жаңы толкуну башталганда курулуш тармагында иштеген көпчүлүк мигранттар өз өлкөлөрүнө чыгып кетишкен. Алардын саны 120 миңден 40 миңге азайганын Москванын вице-мэри Андрей Бочкаров жергиликтүү басылмаларга билдирген эле. Ал эми ушул тапта шаар башчысы мигрантарды курулуш тармагынан четтетүү талабын коюп жатат.












