Белекке унаа алган мигрант таксист: “Кызымдын эки кулагы тең угуп калса дейм”

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Эген Апсаматов балдары менен

Сүрөттүн булагы, Egen Apsamatov/Instagram

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эген Апсаматов балдары менен

Кыргызстандык таксист Москва шаарындагы блогерден жаңы унаа белекке алганы соцтармактарда кызуу талкууланып жатат. Колдонуучулардын көбү ал кыргыз элинин боорукерлигин, айкөлдүгүн даңазалады деп ага ыраазы болушууда.

Россиялык блогердин бири социалдык эксперимент уюштуруп, чакырган такси кызматынын кайсы айдоочусу аны бекер жеткирүүгө макул болсо, ага унаа белек кылууну чечкен.

Бир нече такси айдоочу аны бекер жеткирүүдөн баш тарткан. Соңунда блогердин өтүнүчүнө макул болгон айдоочу кыргызстандык Эген Апсаматов болуп чыккан. Би-Би-Си аны кепке тартты.

Би-Би-Си: Жаңы унааны белекке алгандан кийинки сезимдериңиз кандай болуп жатат?

Эген Апсаматов: Бул Алланын каалоосу болду, Аллага шүгүр кылам. Бардыгы Алладан деп билем мен.

Би-Би-Си: Ал кишилердин блогер экенин билген эмессиз да?

Эген Апсаматов Россиялык блогерлер менен

Сүрөттүн булагы, Instagram/egen.apsamatov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эген Апсаматов орусиялык блогерлер менен

Эген Апсаматов: Жок, мен чынында билген эмесмин. Видеолорун да көргөн эмес экенмин. Буйрутма түшүп, барып калдым. Барсам, экөө экен. Акчабыз калбай калды, бирок чукул жетишибиз керек болуп жатат деди. Карап туруп, жок дегим келген жок. Мындай окуялар көп болду эле, бирине дагы жок деген эмесмин. Октябрь-ноябрь айларында ушуну менен төртүнчү жолу бекер жеткирүүгө макул болдум.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Азыр машина колуңуздабы?

Эген Апсаматов: Ооба, колубузда. Документ иштери калды, буюрса аны да бүтүрөбүз. Башында такыр ишенбедим. Блогерлер болсо өзүлөрү, көрүү топтош үчүн деле кылып жатышат го деген ой кетти. Анан биз барган унаа салонунда иштеген кыргыз балдар бар экен. Алар “байке, сиздин багыңыз бар экен, бул блогер бул жерге биринчи жолу келген жок, бул көп кишиге ушинтип машина алып берген. Сиз эч кыжалат болбой туруңуз, башкысы акчаны төлөп, чекти сиздин атыңызга чыгарып койду го” дешти.

Күтүп отурдум. Документтеринин бардыгын тууралап, бүт менин атыма кылышты. Кааласаңыз сатып жиберсеңиз болот, кааласаңыз номер алып, өзүңүзгө жаздырып аласыз дешти. Анан машинаны дайындап, чыгарып берди. Минип келдик.

Би-Би-Си: Сиз Москвада канчадан бери турасыз, үй-бүлөңүз, өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

Эген Апсаматов: Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Мен кичүүсүмүн. Бул жакта бала-чакам, аялым менен төртөөбүз турабыз. 2017-жылдан бери ушу жердебиз. Негизи 2007-2008-жылдардан бери эле келип-кетип турабыз. 2016-жылы Кыргызстанда болдук, анан 2017 кайра келдик. Акыркы төрт жылдан бери үй-бүлөбүз менен ушул жакта чогуубуз.

Эген Апсаматовдун кыялы-Кыргызстанга келип жашоо

Сүрөттүн булагы, Instagram/egen.apsamatov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эген Апсаматовдун кыялы - Кыргызстанга келип жашоо

Би-Би-Си: Кыргызстанга качан келебиз деген оюңуз бар?

Эген Апсаматов: Кыргызстанга жазда кетебиз деген ойлор бар болчу. Жазда барып, Кыргызстандан эле иштесекпи деп... Эми көрөбүз.

Би-Би-Си: Жаңы унааны эмне кылайын деп жатасыз? Өзүңүз айдайсызбы же сатып башка нерсеге керектейин деп турасызбы?

Эген Апсаматов: Азыр чындыгында кандай кылышты чече элекмин. Ойлонуп жатабыз.

Би-Би-Си: Көптөн бери көксөп жүргөн кандай кыялыңыз бар?

Эген Апсаматов: Эң негизги кыялым – Кыргызстанга эле барып жашоо. Үйүбүздү жакшылап бүтүрүп алып, үй-бүлөм, балдарым, туугандарым менен бирге өз жеримде жашасам деп кыялданам. Анан кызымдын бир кулагы укпайт. Ошол кызымдын эки кулагы тең угуп калса дейм. Азыр ушул окуянын артынан кызымдын операциясына акча чогулуп баштады. Бардык колдогондорго чын дилимен ыраазымын.

Би-Би-Си: Операцияга деп акчаны кыргызстандыктар эле эмес, ошол эле Россиядан дагы которуп жатышса керек?

Эген Апсаматов: Ооба, эң биринчи болуп акча которгон эки орус кыз болду.