Россия: кылмышка айыпталган кыргызстандык кыз-келиндер

Калыйнур Калмурза уулу, Москвадагы Би-Би-Синин фрилансери

Мигрант аялдар үй-бүлөсүн таштап кетүүгө да мажбур

Сүрөттүн булагы, Иллюстрация Магеррама Зейналовага таандык

Кыргызстандан Россияга келген эмгек мигранттарынын 40% аялдар түзөт. Бул көрсөткүч коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырмалуу 20% көп.

Миграциядагы аялдардын көпчүлүгү мыйзамсыз жүргөндүктөн укуктары корголбой калат. Анын артынан ар кандай жазаларга, камоолорго, айып пул төлөөгө аргасыз болушат.

Москвадагы Кыргызстандын элчилиги берген статистикага таянсак, абакта отурган аялдардын саны 2017-жылы 74 болсо, 2018 – 41, 2019 – 26ны түзгөн. Ал эми 2020-жылы 1 аял кылмыштарга айыпталып абакта олтурган.

Москвада соттук жүрүштөрдө орусча билбеген айыпталуучуларга Салтанат Митиева кыргыз-орус-өзбек тилдеринде котормочулук кызматты аткарып келет. Ал Россиядагы камалган кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

Салтанат Митиева, котормочу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Салтанат Митиева, котормочу

Салтанат Митиева: Кыргызстандык кыз-келиндердин басымдуу бөлүгү уурулук боюнча кармалгандар. Кыргызстандык кыз-келиндер акыркы учурда уурулук боюнча көп кармалып жатат. Мисалы, үй жыйнаганга барышат, алардын алтындарын уурдап алгандар бар. Бирок жабырлануучу кийин эч кандай доом жок десе да, сот аны баары бир эки жылга эркинен ажыратат. Арасында 3 балалуу жалгыз бой эне бар.

Уурулук боюнча айыпталгандардын айрымдары кылмыш жасап жатканын өздөрү да билбей калышат. Полиция кармап кеткенден кийин гана кылмыш жасаганын түшүнүшөт.

Кээде кыз-келиндер кандайдыр бир банк карталарын таап алып, аны өзү каалагандай колдонуп жиберген учурлар бар.

Банктык картаны таап алса, муну мен таап алдым деп ичиндеги акчаны колдонуп жиберишет. Жашыруун сырдык саны жок миң рублга чейин пайдаланса болот. Ар кайсыл дүкөндөн тогуз жүз рублдан кетире берет. Ал кайсыл жерде, саат канчада соода болгону СМС болуп келип турат. Полиция ошол саатты камерадан карап туруп эле аныктап, бат эле таап алат. Бирок ошондо кыздар айтат - "мен таап алдым" - деп. "Таап алсаң полицияга билдирбейт белең, сен акчасын иштетип жатпайсыңбы" деп, уурулук боюнча соттолуп жатышат.

Салтанат Митиева: Ал эми айрым кыз келиндер жеңил акча табууга азгырылып полицияга кармалышат. Алар баңгизат ташып кармалагандар, арасында эмне иш менен алек болуп жатканын билбей барып алгандар да жок эмес, муну баары билимсиздиктен болуп жатат.

Пандемия башталганда көбү иши жок калбадыбы. Бир кыз күнүнө 3 миңден иш бар дейт. Ошол кыздын артынан 5 кыргыз кыз камалды. Анктени иш таап берген кыз биринчи өзү кармалган. Артынан беркилер кармалды. Бул билимсиздиктен жана түшүнбөстүктөн чыгып жатат.

Россиянын абактарында жаза мөөнөтүн аткарып жаткан айыпталуучулардын туугандары Кыргызстанда болгондуктан, алар Москвада ар кандай көмөк жардамга муктаж болушат. Алар менен иш алып барган коомдор же уюмадар тууралуу эч ким билбейт. Аларга бизге окшогон котормочулар, жөнөкөй жарандар колдо көрсөтүп келет.

Абактан кат

Сүрөттүн булагы, Saltanat Mitieva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абактан кат

Салтанат Митиева: Бул жерде отургандардын эч кимиси жок. Ата-энеси жок. Миграцияга жакшы жашоодон эч ким келбейт. Алар менден жардам сурап жазып жатса, мен кантип көңүл кош мамиле кылам. Алган айлыгымдан акча бөлүп жардам жөнөтүп турам. Мен бир да жолу көргөн жокмун, коомдон, диаспорадан же аялдар кеңешибиз деп чыга калышат, ошолордун бири мына сага акча же бизге бир кыздын дарегин бер, биз ошол кызга жардам берели дегенин. Өткөндө бирөнүн помидор, бадыраң, банан керек деген катын фейсбукка чыгарсам, жеке катка жазып атышат, мындайды сурагандан уялбайбы деп. Ал алты айда бир сурайт, акысы жокпу алты айда ошону бир жегенге?

Адвокат Мирбек Токтошев

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адвокат Мирбек Токтошев
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эми Москвадагы адвокат Мирбек Токтошев "абактагыларды Кыргызстанга которуу өтө татаал жана актуалдуу маселе", - деп эсептейт. Кыргызстандын жарандары өз өлкөсүнө которулуп кетсе, ал жактан жазасын өтөөгө, же мөөнөтүнөн мурда бошотууга жеңил шарт түзүлмөк, дейт ал.

"Жаза өтө мөөнөтү үч жылдан жогору болгон мекендештерге, мен дароо эле айтам, мүмкүн болушунча Кыргызстанга которулгула", - деп. Анткени, «Мөөнөтүнөн мурда бошоту» системасы Россияда кыргызстандык мекендештерге абдан аз иштейт. Ал үчүн Россияда турукту жашаган жери же туруктуу иштеген иши тууралуу статусу болуш керек. Мындан тышкары үй-бүлөсү Россиянын аймагында болуш керек. Ушул үч орчунду фактыдан кийин түрмөдө администрация тарабынан канчалык мүнөздөмө берилет ошого жараша чечим чыгат. Эгер Кыргызстанга которулуп кетсе мунун баары өз өлкөсүндө жеңил болмок. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда конвенция бар, ошол келишимдин негизинде Кыргызстанга которулуп кетишсе, бул жаза өтөөчүлөргө абдан чоң жардам болмок", - дейт ал.

Учурда Россияда 700 миңден ашуун Кыргызстандык эмгек мигранты эмгектенип келет. Алардын 40 %ын 20 жаштан 40 жашка чейинки аялдар түзөт.