Москвадагы кыргыз айдоочу: “Бул жерде эч ким эмеспиз”

Калыйнур Калмурза уулу, Россиядагы Би-Би-Синин фрилансери

Москвадагы такси кызматы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Интернетке чыккан видеодо ак көйнөк, кара костюм кийген эркек киши “Эмне үчүн мен айткан жерге айдап келбейсиң?!” деп айдоочуну сөгүп жаткандыгын көрүүгө болот. Ал эми айдоочу ал жакка кирүү жол эрежесин бузууга жатарын жана аларды мындан ары жеткире албастыгын айтат. Ал эми жүргүнчү “Мени кайда иштеримди билесиңби, мен прокуратурада иштейм” деп айдоочуну кызматтык күбөлүгү менен бетке уруп жиберет. Андан аркы окуя кандай болгонун айдоочу менен байланышып өзүнөн уктук.

- Саламатсызбы, окуя Орусиянын кайсыл жеринде, качан болду?

- Окуя Москванын Новые Черемушки районундагы Гарибальд 25 көчөсүндө таңкы саат алты жарымда болгон.

- Видеодо сизди ургандан кийинки инцидент тартылбай калган, андан кийинки окуя кандай болгон?

- Ал жерде видео регистратордо сакталыш үчүн флешканы мен дароо суруп алгам.Мени чаап жиберген адам ошол жерде калган, ал таксини досторуна чакырган экен. Ал мени чаап унаадан түшүп кеткенден кийин, полиция чакырайын десем, тигил экөө ал прокуратурада иштерин айтышты. Мен дагы, демек, полиция чакыргандын мааниси жок деп ойлоп калдым. Полиция чакырган жокмун.

- Сиз мигрант болгонуңуз үчүн ушундай мамиле жасадыбы же жалпы эле такси кызматында иштеген жергиликтүү айдоочуларга да ушундай мамиле жасалабы?

- Мигрант болгонубуз үчүн, таксиде иштегенибиз үчүн ушундай мамиле жасады деп ойлойм. Биз бул жерде эч ким эмеспиз. Бул окуянын коомчулукка таралышына Михаил сыякту блогерлер жардам берди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Видео интернетке тарагандан кийин уруп жиберген адам сизге байланышып кайра кечирим сурадыбы?

- Биринчи кыргыз балдар чалып жатышкан. Алар менин номеримди чечендерге берип коюшуптур. Чечендер чалып полициядан арызыңды ал дешти. Арызымды алган жокмун. Кийин тиги прокуратурада иштейм деген бала өзү чалып кечирим сурады. Аны иштен алып коюшуптур. Мен чынын айтсам аны кечирдим. Жакшы эле бала экен, билбейм, мас болгон үчүн ушундай нерсеге барган окшойт.

- Айдоочуга пасажир кол салган учурда айдоочунун коопсуздугун ким камсыздап берет? 

- Коопсуздугубузду эч ким камсыздап бербейт. Коопсуздукка мен ошол видеорегистраторду коюп койгом.

- Башка дагы ушул сыякту кызматтык абалына таянып сиздерге туура эмес мамиле жасаган учурлар болобу, уруп жибербесе дагы сөз менен урушкан учурлар? 

- Такси деген жумуш эң акыркы жумуш болуп калган. Бизди эч ким тоготпойт. Бирок көп эмес, кечээ ушундай болуп калды. Алар мас экен. Акчасын төлөбөй кетип калган учурлар көп болот.

- Кыргызстандын элчилиги тараптан сизге укуктук жардам көрсөтүлдүбү? Сиз алар менен байланыштыңызбы?

- Жок. Мен аларга кайрылган жокмун. 

Учурда бул окуя тууралу жергиликтүү басылмалар айдоочуга кол көтөргөн адам Санал Насонов экенин жазышууда. Ал Москванын Черемушки районунда прокурордун жардамчысы экени аныкталып, кызматынан бошотулган.

Ал эми Кыргызстандын консулдугуна байланышка чыкканыбызда, окуя тууралу кабардар экенин, тийиштүү тараптарга кат жөнөткөндүгүн айтышты.

Учурда Орусиянын аймагында 700 миңден ашуун кыргыз жараны эмгектенип келет. Жергилктүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, Москвада такси кызматында иштеген айдоочулардын 30% кыргызстандыктар түзөт.