Москванын мэри: "Бул айлык москвичтер үчүн, мигранттар үчүн эмес”

Москванын мэр Сергей Собянин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москванын мэр Сергей Собянин

Москванын мэри Сергей Собянин пандемия учурунда мигранттардын саны азайгандыгына байланыштуу үй курулуштарына орусиялыктарды чакырып, аларга көбүрөөк акча төлөп берүүнү максат кылууда. Мындан мурда Москва мэриясы борбордогу курулуштарда мигранттардан арылуу планы иштелип жатканы айтылган.

"Бул айлык москвичтер үчүн, мигранттар үчүн эмес”

17-ноябрда Собянин хрущевкалардын ордуна жаңы кварталдарды салууну көздөгөн реновация программасынын алкагында Бауманская көчөсүндө курулуп жаткан үйлөрдүн бирин көрдү.

Ал куруучу фирманын гендиректору Алексей Добашинге кайрылып: “Башка сапаттагы кишилер [керек], башка айлык менен, бүгүнкү күнү силерде көп болуп жаткан мигранттарды азыраак [тартыш керек]. Жакынкы региондордон оруссиялыктарды көбүрөөк тарткыла, айлыгын көтөргүлө, иштегенге шарт түзгүлө” (РИА Новости боюнча цитата).

Собянин, ошондой эле, иштин натыйжалуулугун арттырууну, механикалаштырууну жана “курулушту индустриалдаштырууну” сунуштады.

Добашин, анын компаниясында бир жыл ичинде мигранттар 15% азайганын, квалификациясы жакшы курулушчулар айына 120-150 миң рубль алышарын айтып берди.

Собянин буга: “Бул москвичтер үчүн айлык, мигранттар үчүн эмес”, - деп жооп берди "Коммерсант" боюнча цитата).

Мигранттарды орусиялык жумушчулар алмаштыраюы?

Көп жылдардан бери мигранттар Москвадагы курулушчулардын негизги бөлүгүн түзүп келишкен. Бирок пандемиядан улам алардын саны азайып кеткен.

Быйылкы жылдын августунда Москванын курулуш департаментинин башчысы Рафик Загрутдинов, курулуштун жогорку темпин сактап калуу үчүн бүжеттик акчага үй курган компанияларга (реновация алкагында дагы) 15-20 миң жумушчу жетишпей жатканын айткан.

Сентябрда шаар куруу саясаты боюнча мэрдин орун басары Андрей Бочкарев, Москвадагы жол курулуштарында мигранттарды жергиликтүү жумушчулар менен алмаштырып жатышканын билдирген. Анын сөзүнө ылайык, пандемиядан улам чек аралардын жабылышы, мурдагы СССР өлкөлөрүнөн келген мигранттардын санын кескин кыскарткан.

Андрей Бочкарев, Москва мэринин шаар куруу саясаты боюнча орун басары: “Азыр курулуштагы мигранттын орточо айлыгы 50-60 миң рубль. Мурда 30 миң болчу. Эми мигранттардын көбү 80 миңге иштегенге дагы макул эмес”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Андрей Бочкарев, Москва мэринин шаар куруу саясаты боюнча орун басары: “Азыр курулуштагы мигранттын орточо айлыгы 50-60 миң рубль. Мурда 30 миң болчу. Эми мигранттардын көбү 80 миңге иштегенге дагы макул эмес”

Бочкарев 1-ноябрда РБКага маек куруп, Москва бийликтери курулуштагы кадрдык кризисти жөнгөрүү максатында мигранттардын күчүн колдонуудан баш тартууну караган чечимдер даярдалып жатканын айткан.

Мэрдин орун басары реновация программасынын курулуштарынын масштабынан улам борбордо инженерлер жана жумушчулар жетишпей жатканын тааныган. Ал жумушчу ресурстардын таңкыстыгы 40%га жетет деп баалаган.

Бочкарев, пандемия учурунда мигранттар үйлөрүнө кетип, 120 миң мигранттын ичинен 40 миңи эле калганын айткан. Ал келтирген маалыматта, жумушчулардын улуттук курамы дагы өзгөргөн: мурда көбүн эсе тажикстандык курулушчулар иштеп келген болсо, эми борбордун курулуштарында негизинен Кыргызстандан жана Өзбекстандан келген курулушчулар иштеп жатышат.

"Пандемия учурунда мигранттар үйлөрүнө кетип, 120 миң мигранттын ичинен 40 миңи эле калган", - дейт мэрдин орун басары.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Пандемия учурунда мигранттар үйлөрүнө кетип, 120 миң мигранттын ичинен 40 миңи эле калган", - дейт мэрдин орун басары.

Собяниндин жергиликтүү курулушчулар үчүн айлыкты жогору кылуу сунушу тууралуу сөз кылып жатып, анын орун басары мигрант жумушчулар мурдагы айлыкка иштегенге макул болбой калышканын белгиледи.

“Азыр курулуштагы мигранттын орточо айлыгы 50-60 миң рубль. Мурда 30 миң болчу. Эми мигранттардын көбү 80 миңге иштегенге дагы макул эмес”, - дейт Бочкарев.

Курулуш жана ТЖКЧ (ЖКХ) министрлиги, март айында, жалпы өлкө боюнча курулуштарга 1,2 млн жумушчу жетишпей жатканын айткан.

Ошол эле учурда, өлкө бийлиги, тескерисинче курулуштарга мигранттарды тартуу тапшырмасын койгон. Июнда мурда Собяниндин өкмөтүндө иштеген жана азыр курулушту көзөмөлдөгөн вице-премьер Марат Хуснуллин, орусиянын курулуштарына 2024-жылга чейин 5 млн эмгек мигранттарын тартуу керектигин билдирген. (CS)