Москва: Кыргызстанга кетүү үчүн кезек күткөндөр көп

Мигрант

Сүрөттүн булагы, Stanislav Krasilnikov\TASS via Getty Images

    • Author, Калыйнур Калмурза уулу
    • Role, Москва шаарындагы журналист

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин орун басары Димитрий Медведев пандемияга байланыштуу мигранттардын 40% жумушсуз калганын айтты.

Миграция боюнча түзүлгөн абал тынчсызданууга негиз берет. Мындай кырдаалдын тескери кесепети болуп, кылмыштуулук көбөйүп кетиши мүмкүн, деп билдирди Медведев.

Жумуш табуу маселеси кыйындагандан улам көптөр мекенине кайтууну чечкен. Орусияда пандемиядан кийин жумушсуздук маселеси курчуду.

"Башка региондорду айта албайм, бирок Москвада мындай мүмкүн эмес. Биринчиден, Орто Азиядан келген мигранттардын айлык маянасы өтө аз. Москвада жашаган жергиликтүүлөр мындай айлыкка иштебейт. Короо тазалап иштеген адамдар ортомчулар аркылуу жумушка орношот. Ал жерде да чоң коррупция бар. Ошол коррупция менен күрөшсө, ийгиликке жетишсе керек. Ошондо деле жергиликтүү жарандар мигранттардай болуп 8 сааттын ордуна 12 саат иштеп берет дегенден такыр алысмын. Жергиликтүү тургундардын орду бөлөк, мигранттардын орду башка",-деди Москвада жашаган блогер Чынгыз Ысманов.

Айрымдар өз өлкөсүнө кетүүнү каалаган мигранттарга жол ачып берүү керектигин айтууда. Бирок аба каттамдардын, чек аралардын жабык турушу мигранттардын өз өлкөсүнө кетишине бир катар тоскоолдуктарды жаратууда. Жүйөлүү себеби барлар гана чартердик каттам менен кете алат.

мигрант

Сүрөттүн булагы, Alexander NEMENOV / AFP

Орусия мигранттардын чыгып кетишине макул болгону менен экинчи тараптан чектөөлөр болуп жатат, дейт Москвада курьер болуп иштеген Жеңиш Оңолбаев.

"Кыргызстанга кетем деп чартердик каттамга кезекке турган жарандардын саны азыр арбын. Менин оюмча чартердик каттамдардын санын көбөйтүш керек, чек араларды бир тараптуу ачыш керек, жеңил унаалар менен чыгып кетүүгө уруксат берсе маселе чечилмек".

Карантинден кийин Орусияда жумуш табуу биринчи көйгөйгө айланса, жумуш таап иштегенден кийин маянаны алуу мигранттар үчүн экинчи оор маселеге айланган.

"Москвада азыр жагдай кыйын. Жумуш тапкан күндө да, ал жерден кайра акчасын ала албай, алданган тааныштар көп. Мекенге кетели десе жол жабык. Бийликтен алып кеткиле деп суранса алар укпайт, ушинтип эле мекендештер кыйналып жүрөбүз",-дейт миграцияда жүргөн Тынчтык.

Орусиядагы элчиликтин берген маалыматы боюнча Кыргызстанга кайткан мигранттар үчүн ушул жылдын март айынан бери учак менен 80 каттам жана автобус менен 95 каттам уюштурулган. Бул каттамдарда 20 миңден ашык жаран мекенине кайтарылган. Учурда жумасына 3 жолу чартердик каттам учуп жатат. Кезекке тургандардын саны азыркыга чейин суюла элек.