Москва: келечекке балта чапкан баңги курьерлик

Калыйнур Калмурза уулу, Москвадагы Би-Би-Синин фрилансери

Орусиядагы курьер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Курьер керек, айлык акысы абдан жогору, биз берген буюмду белгиленген жерге жеткиресиз". Дал ушундай СМС билдирүүлөр интернеттин көмүскө секторлорунда көп кездешет.

Аларга жооп жазып "Мен иштегенге макулмун" деп башталган иштин аягы түрмөгө отуруп калуу менен аяктайт.

Учурда дал ушундай иштер менен айыпталып жүздөгөн кыргызстандык мигранттар 6 жылдан 20 жылга чейин соттолуп, Россиянын түрмөлөрүндө отурушат.

Россияда баңгизат ташууга айыпталып кармалганардарга аёо жок. Азаттын (аты жөнү өзгөртүлдү) апасы, "балам алданып калган" деп сотто канча жалбарсада, сот мыйзам чегинде Азатты 8 жылга эркинен ажыраткан.

"Балам интернет аркылуу сайттан курьерлик жумушту тапкан. Баңгизат тууралуу эч түшүнүгү жок. Эң биринчи күнү курьер десе эле, "аа, мен жеткизем, акча төлөп берет" деген ой менен жөнөгөн. Биринчи күнү эле таңгакты бир жерден экинчи жерге жеткиресиң деген экен. Анын ичинде кристал бар деп түшүндүрүптүр. Ошону алып бара жатып кармалган. Баламдын тергөө иштери бүтүп, 8 жылга эркинен ажыратып коюшту. Көзүн караган, бизди багат деген жалгыз балам 8 жыл темир тор артында жатышы бизге өтө оор болуп турат".

Бул ишке аралашкандардын көпчүлүгү жаштар. Алар бул жумушка алданып барат, же ири өлчөмдөгү акчасына кызыгат. Бир эле жолу иштеп көрөйүн деген менен ошол эле күнү кармалышат экен. Азат сыяктуу Кумарбек да азыр түрмөдө отурат. Ал бул ишке пандемяда жумушсуз калганда аралашкан. Кумарбектин апасы бул кадимки курьерлик жумуш деп ойлоп барганын айтат:

"Төрт баланын ата-энесимин, бул эң кичүү балам болчу. Балам өтө зирек, тамеки тартпаган, ичимдик ичпеген, акыл-эстүү болчу. Кухняда иштейт эле. Пандемия башталганда жабылып калган. Балам бизге, "апа, курьер болуп ишке орношуп жатам, кухнялар ачылганга чейин кичине батирге, жеген-ичкенге иштеп турайын" деди. Биз мындай акыбалга алып келишин билбедик, макул болдук. Ал муну социалдык тармактан, Телеграммдан тапкан экен. Балам ишке чыкты, ошол эле күнү баламды кармады. Балам баңгизат экенин билген эмес, ага документер эле бар деген. Ал аны алып Братеево деген районго жөнөп жаткан жеринен кармалган. Ал ушул ишти билип туруп барды дегенден алысмын".

Маңзат менен кармалгандар

Сүрөттүн булагы, Official

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Интернеттен сунушталган дал ушундай курьерликтин тузагына ушул жылдын июнь айында 24 жаштагы Эркин (аты-жөнү өзгөртүлдү) да чалынган. Алар 3 бала болгон. Интернет артындагы сунушка макул болушуп, алар үчөө товардын бекитилген жерине бара жатышканда полиция тарабынан кармалышкан.

"Буларды июнда кармашкан, мен эми келип издеп таап билип жатам. Балама жолуктум. Ал "интернет магазинге киргем, ошолор акча беришти мындай-тигиндей иштейсиң дешти. Мен бардым, бирок товарга жете электе кармашты" деди. Өзүндө эч нерсе жок экен. Болгону сен ошол магазинде иштедиң деп камап салышкан. Булар үчөө болуп жатат, экөө досу. Тергөөчү жалпы он беш бала бар деди. Бирок алар бирин-бири тааныбайт. Болгону ошол интернет сайт аркылуу кармалгандардын жалпы саны он беш экен", - дейт Эркиндин атасы.

Россиядагы Кыргызстандын элчилиги аталган ишке аралашкан жаштардын саны көп болуп жатканын эске салып, шектүү буюмдарды ташуудан, ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерден оолак болууну эскертип келет.

"Акыркы күндөрү биздин жарандар, туугандары, балдары баңгизат менен кармалып, учурда өтө оор жагдайга дуушар болуп жатат. Кызмат көрсөтүү тармагында иштеген биздин жаш кыздар-балдарга кайрылгым келет. Эч качан кандайдыр бир буюмдарды жеткирип берүүгө мажбурласа дагы сиз билбеген туура эмес буюмдары жеткирип берүүдөн баш тартыңыз. Акыркы күндөрү өтө көп жаш балдар Орусиянын кылмыш жаза кодексинин 228-берене боюнча 6 жылдан 20 жылга чейин соттолуп, абдан оор шартта отурат. Жаш балдар өз келечегине кыянаттык кылбасын, оңой акчага алданбагыла. Сиздерге кандайдыр бир мажбурлоо болуп жатса, бизге кайрылыңыздар. Биз сиздерге жардам бергенге дайым даярбыз", - дейт элчиликтин юристи Акимбек Мамтов.

Учурда Россияда камакта жаткан жүздөгөн балдардын тагдыры кандай болот деген ойлор ата-энелерин тынчсыздандырат. Жогорудагыдай тагдырга туш болгон ата-энелер WhatsApp группларын түзүп биригишкен. Алар балдарды Кыргызстандын түрмөлөрүнө котортуп кетүү үчүн бийлик өкүлдөрүнө, тийиштүү мекемелерге кайрылып келишет. Бирок, андан жыйынтык чыга элек.

"Жүздөөгөн ата-энелер бири-бирибиз менен тааныштык. Балдарыбыздын алды 18де арты 27де. Алар ушул темир тор артында жатышат. Же балдарыбыздын дайынын биле албай, же эмне кийип, эмне ичип жатканын биле албай ушинтип сыздап-боздоп отурабыз. Биздин өтүнүчүбүз, ушул балдардын калган мөөнөтүн Кыргызстанда өтөөгө жардам берсе, ата-энелерге чоң жардам болот беле", - дейт Азаттын апасы.

Аталган ишке байланышту орус полициясы бир гана курьерлерди кармап келет. Ал эми интернет сайтта отуруп, аларды жумушка салгандарды, айлык маянасын которгондорду, буйрутма бергендерди кармай албай келишет. Анын себебин жумушту сунуштагандар сайттарды бат-бат өзгөртүп, из жашырып кетиши менен байланыштырылып келет.

Учурда Россияда 700 миңден ашуун эмгек мигранты эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү жаштар.