Орусия: эмгек мигранттарынын балдары кандай билим алат?

Сүрөттүн булагы, MAXIM KIMERLING/TASS
"Орус тилин терең сиңирүүгө шарт жаратуу үчүн биздин мектептердеги мигранттардын балдарынын саны ошого ылайыктуу болушу керек. Тилдик эле эмес, маданий жактан дагы адаптация болушу зарыл",-деген орус президенти Путин өткөн аптада болгон жыйындагы сөзүндө.
Ошол себептен "Орусияда кайсыл бир мектептер Батыштагыдай мигранттардын балдарына толуп калышына жол бербөө" тууралуу айткан Путин. Иш жүзүндө Орусияда мигранттардын балдары басымдуулук кылган мектептер жок. Бирок чынында мигранттардын балдарынын коомго жуурулушуп кетишинде чоң көйгөй бар.
Орусиялык эксперттер мигранттардын балдары бир дагы мектепте көпчүлүктү түзбөй турганын белгилейт. Айталы, жалпы окуучулардын 10-15 пайызын гана түзүшү мүмкүн. Бирок Борбор Азиядан же Кавказдан бир мектепке анча-мынча бала барса деле жергиликтүүлөр "мигранттардын балдары каптап кетти" деп айтышат.
Орусиянын Ички иштер министрлиги 2020-жылдын декабрында өлкөдө алты миллион чамалуу эмгек мигрант бар деп ырастаган. Пандемия жана чек аралардын жабылышынан улам көптөрү мекенине кетти. Адатта бул өлкөдөгү мигранттар саны тогуздан он бир миллионго чейин деп эсептелип жүрөт.
Эгерде мигранттардын балдары тууралуу айтсак, Росстат 2019-жылы чет өлкөдөн 15 жашка чейинки 67 миң бала келгенин маалымдаган. 2017-жылы бул сан 63 миң эле.
Борбор Азиядан келген балдардын санын өзүнчө бөлүп эсептөө өтө кыйын. Анткени алардын көбү Орусия жарандыгын алышат. Орусиядагы Жогорку экономика мектебинин Билим берүү институтунун маалыматына таянсак, Москванын мектептеринде мигранттардын 60 миң чамалуу балдары билим алат.
Мигранттардын балдары башка билим берүү системасынан келгендиктен жана чет тилден улам сынак аркылуу жакшы мектептерге же лицейлерге өтүп кетиши кыйын. Мигранттар балдарын көбүрөөк райондук мектептерге беришет. Анан жергиликтүүлөр арасында нааразылыктар боло баштайт дейт "Мугалимдер альянсы" профсоюз уюмунун төрагасы Даниил Кен. Ал өзү дагы мигранттардын балдары айрым класстарга көбүрөөк бөлүнүп калса, башка жергиликтүү окуучулардын ата-энелери нааразы болгон учурларга күбө болгон.
Формалдуу алганда кайсыл мектеп болсо дагы каттоосуна карап, балдарды кабыл алууга милдеттүү. Бирок "жакшы" мектептер "маселе жараткан" окуучуну албаш үчүн болгон аракетин көрөт.
"Мигранттын бүлөсүндөгү баланы мектепке алууга баардык негиздер турганына карабастан, лицейдин администрациясы же мыкты деп саналган мектептер жергиликтүү окуучулардын ата-энелери тарабанын негативдүү реакция болорун алдын ала эле билет. Администрация мындай балдар аз болушуна болгон аракетин көрөт",-деп түшүндүрөт Жогорку экономикалык мектептин Социалдык саясат институтунун жетекчиси Екатерина Деминцева.
"Өзү мектеп баланы алууга милдеттүү. Алар болсо ата-энелерди коркута башташат: "силердин каттооңордун мөөнөтү бүтүп калган эмеспи, биз азыр участкалык милицияны чакырабыз" деп. Анан, албетте, кишилер кооптонуп ал жерден кетип калат да",-деп нааразы болот "Перелетные дети" окуу программасынын координатору Анна Орлова. Аталган долбоор мигранттардын балдарына кошумча билим берүүгө багытталган.
Мектептердин "мыкты" жана "мигранттык" болуп бөлүнүшү табигый жол менен болот дейт социолог. Адам факторунан качууга мүмкүн эмес: "Бизде мындай мектептер болбошу керек деп жарыяланган. Бирок бул утопия. Мындайлар Британия, Дания жана Нидерланддарда дагы болушу мүмкүн. Эрежени киргизип койгон башка маселе, ал эми ата-эне жана администрациянын муну айланып өтүшү өзүнчө маселе".
Окуудагы негизги тоскоолдук
Башка өлкөлөрдөн Орусияга келген бүлөлөрдүн негизги маселеси - орус тилин билбегендик. Окуучу башталгыч класстарды Орусиядан окубай кийин келген болсо, тилди жакшылап үйрөнгөнчө башка сабактардан аксап калат.
Екатерина Деминцева белгилегендей, Борбор Азиядан келген эмгек мигранттары балдарын 1-класстан баштап окутканга умтулушат. Алар кичине кезинен тилди бат үйрөнөт эмеспи. Ал эми өспүрүм курактагы балдарын сейрек учурда гана алып келишет.
Орус тилин билбегендер үчүн атайын кошумча сабактар, курстар каралган эмес. Тилдик маселе болсо баланы бир класс же эки класс төмөндөтүп окутушат.
"Элестеткиле, 7-класттагы өспүрүмдү 5-класстарга кошуп койгонду. Өспүрүм бала тынчсызданат, ыйлайт, башка балдардын басымын, ал тургай ата-энелердин басымын сезет. Мен ушундай балдар менен сүйлөшкөн. Балдар жөн эле мектепти таштап салышат",-дейт Екатерина Деминцева.
Орусияда мына ушундай балдарга көмөк көрсөткөн кайрымдуулук жана ыктыярчы уюмдар пайда болду. Маселен, "Перелетные дети" Москвадагы жеке менчик мектептин кайрымдуулук долбоору. Аталган долбоордун алкагында мигранттардын балдары орус тилин бекер окушат. Ушул эле программа менен аптасына бир жолу мектепте, калган күндөрү үйдөн эле окутуп аттестат беришет. Бул балдарын мамлекеттик мектепке бере албаган мигранттар үчүн мүмкүнчүлүк. Учурда бул программа менен 700 бала окуп жатат. "Такие же дети" интеграциялык долбоору менен Москвада дагы жүздөй бала окуйт.
"Долбоорлор мамлекет кыла турган программаны ишке ашырып жатышат. Бирок бул деңиздин бир тамчысындай эле",-дейт социолог Деминцева.
Орусияда мигранттардын балдарын интеграция кылуу боюнча мамлекеттик программа жок. Европа өлкөлөрүндө, маселен Францияда бул өтө курч маселе. Анткени, мигранттар өзүнчө райондорго жыш отурукташып, балдарды окуткан мектептер пайда болгон. Ошондуктан алар бири-бири менен гана баарлашып, француз коомунан сыртта калган. Өз өлкөсүндө дагы "бөтөн" болуп калган деп түшүндүрөт Екатерина Деминцева.

Сүрөттүн булагы, SERGEY FADEICHEV/TASS
Орусияда бул сыяктуу мигранттар гетто кылып алган көрүнүш жок дейт социолог. Мектепке барган балдар короодо дагы орус балдар менен ойноп, коомго бат жуурулушат. Мамлекет дагы мигранттардын балдары барган мектептерге жардам бериши керек. Кошумча каражат бөлүп, орус тили үчүн курстарды ачып, балдардын коомго жуурулушуусуна көмөк көрсөтүшү зарыл.
Иш жүзүндө мунун баары тескерисинче: Москванын мектептери окуучулардын санына карап каржыланат. Албетте, окуучулардын көбү мыкты саналган мектептерге барышат.
Айрым мектептерде атайын ийримдерди ачып, жардам бергенге аракет кылышат.
"Мен мындай учурларды Томск, Подмосковьядагы айрым мектептерде көрдүм. Муну ата-энелер туура кабыл алса, кээ бир жерде: "Эмнеге мигранттардын балдарына ийрим ачасыңар. Анын ордуна бардык балдар үчүн керектүү ийримдерди кылбайсыңарбы" дегендер болот экен",-дейт Деминцева.
Тажикстандык Самариддин Ражабовдун бүлөсүндөгү мисалга токтолсок болот. Анын ата-энеси Орусияга көчүп келебиз деп, 13 жаштагы баласын жакшы эле даярдашкан. Тажикстанда башында тажик тилдүү мектепке барып, кийин орус тилдүү мектепке которулган экен. Ошого карабастан Орусияга келгенден кийин өзү теңдүүлөрдөн эки класс төмөн окуган.
"Башында бул жакка келгенде менде акцент бар эле. Ошондон улам балдар мени шылдыңдап, келеке кылышат эле,-деп эскерет Ражабов. - Мугалимдер мушташ болсо дайыма мени негизги күнөөкөр катары көрсөтүшчү".
"Мектептер үчүн, маселен, ата-энелери алкоголго көз каранды болгон балдар көйгөй жаратат. Ал эми мигранттардын балдары мектептер үчүн олуттуу маселе туудурбайт",-деди социолог Деминцева.
Ал рейтинги төмөн саналган мектептерде мигранттардын балдарынын көбү мыкты окуй турганын "Ардак тактадагы" сүрөттөрдөн көргөн.









