Улуттук Банк акча которууларга жаңы эреже киргизди
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орусияга каршы салынган санкциялар доллардын курсунан баштап, банктардын ишмердигине дагы таасирин тийгизүүдө. Айрымдар мындай учурда абдан кылдат иш жүргүзбөсө жергиликтүү банктарга дагы залакасы тийип калышы ыктымал дешет.
Улуттук Банк абалды эске алып, баарын мыйзам чегинде гана жүргүзөрүн айтып келет. Акча которуудагы жагдайды эске алуу менен бул багытта жаңы өзгөртүү киргизди. Өзгөртүү эмнеге багытталган, акча которучуларга же алуучуларга соңку өзгөртүү кандай таасир берет деген суроону талдайбыз.
Би-Би-Си бул суроону Улуттук банктын кызматкери Мээрим Акулуева жана Улуттук бизнес ассоциасиялар альянсынын жетекчиси Искендер Шаршеев менен талдады.
Би-Би-Си: Убактылуу деп кабыл алган акча которуу боюнча жаңы эреже буга чейинки иштеп жаткан эрежеден эмнеси менен айырмаланат?
М. Акулуева: Акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүү тартиби Улуттук Банктын башкармалыгынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген эрежелери менен белгиленет. Эрежелердин мурунку ченемдерине ылайык, Кыргызстандын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которуу алуучуга жөнөтүүчү көрсөткөн валютада, башкача айтканда АКШ долларында, евродо же башка чет өлкөлүк валютада - жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдон айырмаланган валютада берилген.
Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, накталай АКШ долларынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары агылып чыгышынын терс кесепеттерин минималдаштыруу максатында Улуттук банк тарабынан ушул эрежелерге убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөр убактылуу мүнөзгө ээ жана Кыргызстандын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчанын валютасына карата талаптарды белгилейт. Акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында гана алууга болот.
Би-Би-Си: Кыргызстанга сырттан акча которуунун эң көп бөлүгү кайсы өлкөлөргө туура келет?
М. Акулуева: 2021-жылы банк эсебин ачпастан акча которуу системалары (мындан ары - АКС) боюнча акча которуулардын негизги агымы Россия Федерациясына туура келген (которуулардын жалпы санынын 87,64 пайызы жана АКС боюнча бардык которуулардын жалпы көлөмүнүн 64,88 пайызы).

Сүрөттүн булагы, NBKR
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Жаңы эреже боюнча, мисалы Россиядан Кыргызстанга акча которулса, аны ала турган тарап өз каалоосу менен доллар, евро же сом менен ала алабы?
М. Акулуева: Ооба, жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык, акча которуу системасы боюнча келип түшкөн которулган акчаларды которуу/төлөө валютасынан башка валютага конвертациялоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кабыл алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу болгон шартта, акча которууларды алууда/жөнөтүүдө алар нак эмес ыкмада конвертацияланышы мүмкүн.
Би-Би-Си: Накталай эмес конвертация тууралуу сөз болду. Курстагы айырма кандай болушу мүмкүн?
М. Акулуева: Эгерде которуу валютасы Кыргыз Республикасынын аймагында кеңири колдонулбаса, анда банк Улуттук банктын эсептик курсун колдоно алат. Эгерде жөнөтүүчү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылган долларлык эсепке Россия Федерациясынан рубль менен акча которууну жүргүзсө, анда Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык аны өзүнүн курсу боюнча АКШ долларына которот.
Экономист Искендер Шаршеев бул өзгөртүүнү соңку тенденциялардан улам жасалган аркет деп эсептейт. Анын пикиринде мындай чечимге негиздер бар.
«Такталган маалымат боюнча, Кыргызстанда ар кайсы валютаны долларга конвертациялап, анан долларды накталай түрдө банктардан алып алуулар байкалган экен. Кайра кээ бир ошол доллар которуулар жергиликтүү системалар аркылуу баягы башка өлкөлөргө жөнөтүлүп жатканы байкалыптыр. Мындайынан айтканда рубль, теңге же башка эле валюта менен бул жакка келип, алмашылып анан башка мамлекетерге, көбүнчө кайсы бир өлкөгө жөнөтүлүп жатыптыр. Азыркы маалда убактылуу базарды сактоо максатында ушундай болуп жатат»,- дейт Улуттук бизнес ассоциасиялар альянсынын жетекчиси Искендер Шаршеев.








