Экономист: Кымгуутка алдырып доллар сатып албагыла
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Саналуу саат мурун рублдун баасы сомдон дагы төмөндөп кеткени, 1 АКШ доллары 105 рублга чейин көтөрүлгөнү айтылып жаткан. Көп өтпөй Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда дагы доллар 87-88 сомго чыккан. Айрымдар кээ бир банктар доллар сатпай жатканын да жазып жатышат. Би-Би-Си кабарчылары жеринен көрүп келүү үчүн акча алмаштыруу жайына барганда ал жерде иштегендердин бири дагы ушундай маалыматты айтты. Ошентип Бишкекте доллардын баасы 95 сомго чейин чыкты.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар мындан ары доллардын баасы кандай болот деген суроого жооп издеп жаткан чагы. Улуттук банк бул боюнча тишелүү маалымат таратаарын билдирип, бирок, доллардын курсу мындан ары кандай болот деген божомолду жүргүзбөй тургандыгын билдирди.
Кээ бирлер валюта рыногундагы соңку жагдайды рублдун кескин кымбаттап кеткендигине байланыштуу эле көрүнүш катары сыпаттаса дагы бирлери бул күтүлгөн жана валюта рыногунда мындан ары дагы улана турган жагдай катары сыпаттап жатышат.
Экономист Кубан Чороев өтө зарылчылык болбосо азырынча доллар сатып албоону сунуш кылып жатат. Ал мындай жагдайда “кооптонгондордун санына карап эле банктардын өз корундагы доллар ашыкча сатылып кетпесин” деп атайын бааны жогорулатып койгон саясаты дагы бар дейт.
Экономисттин айтымына караганда, белгилүү бир убакыттан кийин валюта курсун турукташтырып, улуттук сомдун баасын коргоп калууга Улуттук банктын толук мүмкүнчүлугү бар, кору дагы жетет деп жатат. Кубан Чороев доллардын бүгүнкү кымбатоосу алгачкы жана соңку жолкусу эмес, боло келген иш деп эсептейт.
Улуттук банк эмне дейт?
Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рыногундагы жагдайларды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат. Учурда Украинада орун алган акыркы окуяларга байланыштуу геосаясий жагдайга, ошондой эле АКШ жана Европа союзуна кирген өлкөлөр тарабынан Россияга карата санкциялар белгилениши мүмкүндүгү тууралуу маалыматка байланыштуу, тышкы финансылык рыноктордо орус рублинин курсунун жогору волатилдүүлүгү байкалууда. Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын соода жана экономика боюнча негизги өнөктөшү болуп саналат жана соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн.
2022-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилигинин банк коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү, анда ички валюта рыногундагы учурдагы жагдай, ошондой эле учурда орун алып турган геосаясий жагдайга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жол бербөө жана аларды азайтуу, өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн сактоо чаралары боюнча маселелер талкууланды.
Улуттук банк ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу үчүн валюталык интервенцияларды жүргүздү. Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайга туруктуу көз салып турат. Зарыл болгон шартта ички валюта рыногуна катышуусун улантат жана аны жумшартуу үчүн зарыл инструменттерге ээ. Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн 6,0 айын жабат. 2022-жылдын 22-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерви 2 792,4 млн. АКШ долларын түзөт. Эл аралык резерв запасынын жетиштүү болушу жана валюталык интервенцияларды жүргүзүү аркылуу Улуттук банктын ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу валюта рыногунда жагдайдын туруктуу абалда кармалып турушун камсыз кылат.
Улуттук банктын мындай билдирүүсүнө карабай, доллардын баасы турукташат деген маалыматтан күмөн санагандар дагы жок эмес.












