ЕАЭБ: өкмөт башчылардын жыйыны. Биримдиктин келечеги эмне болот?
Абдыбек Казиев, Элдияр Бакиров. Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, министрлер кабинети
Чолпон-Ата шаарына кезектеги жыйынга чогулган беш мамлекеттин өкмөт башчылары уюмдун келечегине байланышкан маселелерди талкуулайт. Жыл сайын өтүүчү өкмөт башчылардын жыйыны быйыл Украинадагы согуш токтобой, Орусияга кабат-кабат санкциялар салынып, кымбатчылык тооруп турган мезгилге туш келди.
Абалга кескин таасирин тийгизе турган фактор экономикалык биримдиктин флагманы деп саналган Орусия Украинадагы согушка же Кремль атагандай “атайын аскердик операцияга” тикелей катышуучу. Мындай шартта Орусиянын биримдикке байланышкан стратегиялары кандайча ишке ашат? Кандай натыйжа болот, Орусияга салынган санкция аны менен экономикалык бир союзга мүчө мамлекеттерге кандай таасир берет деген суроолор кабыргасынан турат. Би-Би-Си Казакстан, Орусия жана Кыргызстандагы бул маселени талдап жүргөн айрым талдоочуларга кайрылып, уюмдун келечеги кандай болушу мүмкүн деген суроону узатты.
Орусия. Андрей Казанцев, саясий илимдеринин доктору

Сүрөттүн булагы, РИА
"Биримдик гүлдөйбү же тескери кетеби дегенди так айтуу кыйын. Азырынча ал "илинип тургандай" абалда. Биримдиктин соода боюнча өлкөлөр арасында конкретүү өтө көп көйгөйү болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Ал өлкө бийликтеринин саясий эркине да байланыштуу эле. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда көйгөйлөр болду. Эске салсак бул президенттердин ортосундагы мамиле олку-солку болгон учур эле.
Орусия менен Казакстандын ортосунда деле эки тараптуу соода-сатыкта бир топ татаал маселелер болуп келет. Тагыраагы, кайсы товарлар сатылат же сатылбайт деген сыяктуу маселелер. Азыркы санкцияларга байланышкан жагдайда албетте бул маселенин баары аябай курчуп кетти. Анткени бул жерде аткезчилик, импорт сыяктуу проблемалар дагы кошулду. Мунун баары оорчулук келтирет. Бирок экинчи жагынан, бир дагы өлкө ЕАЭБден баш тартууга даяр эмес. Демек баары геосаясатта эмне болорун күтөт. КМШ аймагында кандай өзгөрүүлөр жүрөт? Ал ЕАЭБге пайдасын тийгизеби же жокпу?
Бул ЕАЭБден эмес, башка факторлордон көз каранды. Ошондуктан кандай билдирүүлөр болот деп күтүп жатам. Жалпы план кандай болот, эмнеге аракет кылышат, өлкөлөр арасындагы соода-сатыкта кандай болот деп күтүп турам. ЕАЭБ такай экономикалык бирикме катары келген, кезинде муну Казакстан демилгелеген эле. Эми Орусиянын саясаты кандай жүрөт, ошонун таасири болот".
Казакстан. Сергей Домнин, экономикалык серепчи, "Курсив" басылмасынын башкы редактору

Сүрөттүн булагы, primeminister.kz
"Сөз жок, ЕАЭБдин өнүгүүсүндөгү азыркы этап кризистик абалда. Бирок кандай гана кризис болбосун бир каалга жабылса, экинчиси ачылат эмеспи.
Тилекке каршы санкцияга кабылган орусиялык компаниялар менен байланышкан өндүрүштүк кооперациялардын долбоорлору жабылууда. Казакстан үчүн бул багыт абдан сезимтал. Себеби кээ бир байланыштар советтер доорунан бери келе жаткан жана санкциялар башталганга чейин айтарлык деңгээлде ийгиликтүү эле.
Орусиялык банктар мурдагыдай жигердүү эмес. Казакстандан орусиялык банктардын туундусу деп саналган үч банктын экөө кетти. Рублдун туруксуздугу, инфляциянын жогорку деңгээли жана өткөөл учурга байланышкан "стресс учуру", Орусияга өнөктөш өлкөлөрдүн өндүрүшчүлөрү кризистен кийинки калыбына келип, РФга экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө чамалары жетпей турат.
Экинчи жагынан, Орусиянын ЕАЭБдеги өнөктөштөрү Орусияга каршы санкциялар салынганга чейин элестетүүгө кыйын болгон секторлорго чоң мүмкүнчүлүктөрдү алышууда. Мисалы, электроника, авиакаттамдар, автоөндүрүш.

Сүрөттүн булагы, official
Мында сөз товарлардын параллель импорту тууралуу гана болгон жок. Орусиянын рыногуна ылайыктап, санкцияга кабылбаган өндүрүштөрдү түзүү маселеси турат.
Бул интеграция башында эле Орусияга багыт алган модель болду. Каалоо күч, бирок баардык сектордо аны жүзөгө ашыруу оңойго турган жок. Биримдиктеги өлкөлөрдүн салыштырмалуу деңгээлде артыкчылыктары болуп, Орусиянын рыногунда күчтүү атаандаштык болду. Бул ириде орус бизнеси эле.
Эми бул атаандаш бир топ өндүрүмү боюнча "оюндан четтеп", өнөктөштөрдү издеп жатат. Азыр эле Казакстанда орусиялык компаниялар капитал тартуу жана отурукташуу үчүн альтернативдүү аянтчаларды издеп жатканын байкап турабыз.
Орусиянын расмийлери, өнөктөш өлкөлөр арасында эки тараптуу соода-сатыкты улуттук валюта менен жүргүзүүгө даярдыгын билдирди. Анын ичинде теңге жана сом дагы бар".
Кыргызстан. Денис Бердаков, саясат талдоочу

Сүрөттүн булагы, social
“Евразиялык экономикалык биримдик жана бизди абдан чоң өзгөрүүлөр күтүп жатат. Ал мурда ойлонгондой жакынкы жылдарда болбосо керек. Эми ал экономикалык жана соода боюнча чек ара биримдиги болбойт, андай болушу мүмкүн эмес, анткени Беларусь менен Орусия биринчи кезекте катаал санкцияларга кабылды.
Ал эми Кыргызстан, Казакстан жана Армениянын транзиттик өлкөлөр катары ролу жөнүндө айтсак, алар ЕАЭБдин өндүрүш тармагында минималдуу үлүшкө ээ, бирок ал өсүп жатат. Анткени Орусия жана Беларусь үчүн транзиттик өлкөлөр аркылуу, биз аркылуу негизги товарлар өтөт. Ошого жараша бул экономикалык биримдик башкача болору анык. Кантип? Муну айтуу кыйын. Албетте, аны өтө оор күндөр күтүп турат жана ЕАЭБ Кытай менен дагы тыгыз кызматташышы ыктымал. Ошондой эле, жакынкы келечекте юань (Кытайдын валютасы - Би-Би-Си) союз өлкөлөрүнүн тышкы операцияларынын негизги валютасы болуп калышы мүмкүндүгүн четке кага албайбыз”.
Кыргызстан. Руслан Акматбек, экономист

Сүрөттүн булагы, social
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“ЕАЭБге киргенибизге быйыл 7 жыл болду. Башында кирүү процесси маалында биз улуттук кызыкчылыгыбызды сакташыбыз керек деп мен буга каршы чыккам. Анан мени батышчылсың дешкен. Мага эки чоң жүйөөнү айтышкан: чоң рынок ачылат жана мигранттарга жеңилдик болот дешкен. Бул ЕАЭБдин түпкүлүгүндө бир гана күчтүү өлкөнүн - Орусия Федерациясынын экономикалык кызыкчылыгына баратканын кайталап айтканбыз.
Биздин эң чоң жаңылыштыгыбыз эмне болду? Биз ЕАЭБге кирерибиз менен жыргап кетебиз деп ойлогонбуз. Чоң базар ачылат, анан мигранттар бир өлкөдөгүдөй эле бир облустан башка облуска өтүп иштеп, укмуш өсүп-өнүгүп кетебиз дегенбиз. Бирок киргенден кийин бир нерсени түшүндүк, маселе интеграциялык процессте эмес, маселе өзүбүздө экен.
Жети жылдан бери биз кандай баштасак, ошондой эле кетип жатабыз. Мисалы, көп эле буйрутмалар түшөт, биз дагы эле көлөм жагынан, стандарт жагынан, лабораториялык талаптар жагынан, көп нерседен жооп бере албайбыз, тилекке каршы. Экинчиден, биз өзүбүз ага даяр эмес экенибизди көрдүк. Үчүнчүдөн, азыр учурда бирдеме экспорттосок эле ошол эле коңшу Россия, Казакстанстандын мисалы, улуттук кызыкчылыгы буга дал келбесе, чектеп коюп жатат, эч кандай маселе жок эле тыюуларды салып коюуда.

Бирок ошол эле жаныбыздагы Өзбекстан ЕАЭБге кирбей эле, мына бүгүнкү маалыматы боюнча коон-дарбыздын экспорту 100 миң тоннага жетиптир. Былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көбөйтүптүр. ЕАЭБге кирбей эле укмуш киреше тапкан. Маселе өлкөнүн өзүндө. ЕАЭБге кирбей эле, Өзбекстан менен Тажикстан Россиядан инвестициясын тартып атат, коопсуздук жагынан кызматташууда. Экономикалык жактан кызматташуусун көрүп жатасыздар. Алардын мигранттары деле кадимкидей жүрүшөт.
Ооба, бизде жеңилдик бар. Биздин проблема - ЕАЭБдин алкагында биз өзүбүздүн көйгөйлөрүбүздү эркин көтөрө албай калдык, көтөргөндөн коркуп атабыз. Акыркы жолу Садыр Жапаров жакшы нерселерди айтты: ички чектөөлөрдү албайлыбы, ЕАЭБдин имиджине доо кетип жатат деп айтты, бирок ал декларация түрүндө эле калып калды. Казакстандай болуп өзүбүздүн кызыкчылыкты коргой албай жатабыз. Биз аягына чейин күрөшпөгөнүбүз үчүн мигранттар, ишкерлер жанагындай зыян тартууда. Болбосо биз ЕАЭБден тышкары, ЖККУ, ШОС сыяктуу бир топ уюмдарда мүчөбүз да. Стратегиялык партнер болгон соң, 300 жыл чогуу болобуз деп жаткан соң коркпой, үркпөй эле Россиянын алдында көйгөйлүү маселелерди көтөрүшүбүз керек.
2014-жылы эмне болду эле? 14 кыз каза болгон, 8 жыл өттү, окуя кайра кайталанды. Ушундай нерселерди биз факты менен, жүйөөлүү кылып маселени көтөрүп, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргосок болмок. ЕАЭБдин алкагында төрт эркиндик бар: жарандардын эркин кирип-чыгуусу, капитал, товардардын анан кызматтардын эркиндиги. Ушул төрт эркиндикти эле камсыз кылууга аракет кылыш керек. Өзгөчө биздин мигранттарга болгон чектөөнү, дискриминацияны алганга аракет кылышыбыз керек".
Кыргызстан. Эмил Жураев, саясат талдоочу

Сүрөттүн булагы, internews
“ЕАЭБдин келечеги күмөндүү бойдон калууда. Уланып жаткан согуштун алкагында бул уюм кандай багытта, кантип өнүгөрү дайынсыз. Албетте, Россия үчүн бул эң эле керектүү топ болууда, бирок башка өнөктөш мамлекеттер үчүн анын пайдасы менен тобокелчиликтери теңме-тең десек болот. Чын дилден уюмдун өнүгүүсү, кеңейүүсү бул өлкөлөр үчүн өтө татаал азыркы учурда”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Быйыл Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылууда. Би-Би-Си жыйында каралат деген эң негизги маселелер кайсылар деген суроо менен экономика министринин орун басары Вероника Исаевага кайрылды.
“Бул жолу өкмөттөр аралык кеңешке негизги жети суроо коюлду. Алсак, нефть жана газ рыногун калыптандыруу маселеси, кайра камсыздандыруу компаниясынын келишимине кол коюу маселеси, ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын каржылоо маселеси, төлөм карталарын таануу жана улуттук валютада өз ара эсеп жүргүзүү жана кылдаттык менен кароону талап кылган башка маселелер”, - деди министрдин орун басары.















