Чолпон-Ата кеңешмеси: мыкты шанс жана жоопкерчилик

Сүрөттүн булагы, sultan dosaliev
Биримдикке карай жол татаал, узак...
Чолпон-Атада Борбор Азиянын беш мамлекетинин президенттери төртүнчү ирет Консультациялык жолугушууга чогулганы турат. Эсеби жагынан төртүнчү дегени болбосо мааниси терең кеңешме. Тагдырлаш, кошуна өлкөлөрдүн аймактык кызматташууга, биригүүгө умтулуусу табигый нерсе. Биринчи жолку аракет эмес.
Дээрлик 30 жыл бою Борбор Азия регионалдык бирикмеге айлана албай келди. 90-жылдардын башында мурда байланыштары бекем, союздук экономика түзгөн система ыдырай элек болгондуктан бири биринен көз каранды республикалар саясий жана экономикалык бирикме түзүү ниетинде эле. Беловеж токоюнда славян республикалары Борбор Азияга сыртын салып кеткенде булар чычалап, силер антсеңер биз минтебиз деген реакция интеграцияга баштапкы түрткү болгон.
Алгачкы аракеттер бороондо кумдан сепил курмай болгон балдар оюну сымал эле. Ар ким өз алапайын таппай калганда кайсы экономика, кайсы саясат. Бирок биригүү идеясы улам козголо берди. Саммиттер тынбай өтүп турду, жогорку деңгээлдеги контакттар интенсивдүү болду.

Сүрөттүн булагы, official
1994-жылы Ташкенде башталган кеп Чолпон-Атада уланып, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан кирген Борбор Азия экономикалык бирикмеси түзүлдү (ЦАЭС деген ат менен белгилүү). Мурда биригебиз деген сөзгө кошулган Тажикстан менен Түркмөнстан кошулбай калган соң ЦАЭС да узак жашабады. Перс тектүү тажиктер таарынды. 1998-жылы гана Тажикстан кошулду.
Ангыча Туркмөнстан ар кандай бирикмелерге кошулбайм, бейтарапмын деп чыкты. 2001-жылы ЦАЭС Борбордук Азия кызматташтык уюму (ОЦАС) деп аталды, уюмду түзүү келишимине 2002-жылы Алматыда кол коюлду.
Эми чындап интеграцияга кириштик дегенче кырдаал өзгөрүп, жүдөй түшкөн Россия бутуна туруп, амбициясы ойгонуп, Борбор Азия уюмуна кирем деп чыкты. 2004-жылы кирди да бир жыл өтпөй орус президенти Владимир Путин Евразия экономикалык биримдигин (ЕврАзЭС) түзүүнү демилгеледи. Бул уюмду Нурсултан Назарбаев демилгелегени да көп эле айтылып жүрөт.
Демилге ар кандай жол менен ишке ашууда, 2006-жылы Борбор Азия кызматташтык уюму жоюлду. ЕврАзЭС ЕАЭБге айланды. Түркмөнстан ЕАЭБге кирген эмес, Өзбекстан кирбейм деди, Кыргызстан жетеленип киргизилди. Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара интеграциялык аракеттери демин суутту. Ошентип, ар кандай форматтагы биригүү аракеттери ийгиликсиз аяктап, оюнчу эмес, оюн талаасы, ал тургай айрым ири мамлекеттер тарабынан оюнчук катары эсептелет.
Потенциалы арбын, парадоксалдуу регион...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Географиялык бирдик, геосаясий атаандаштыктын, таасир этүүнүн объектиси, талаштын бутасы бойдон турган бул чөлкөм нечен сыноону баштан кечирди. Ар биринин тагдырынын окшош жактары да, өзгөчө жактары да бар. Кыргызстанда 3 ирет революция аталган жол менен бийлик алмашты, улут аралык жаңжал чыкты, демократияга умтулган өлкө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тажикстан атуулдук согушту башынан кечирди, дин жамынган радикалдуу экстремизмди жон териси менен сезди. Бийлик транзити сонун өттү, туруктуу деген Казакстан кандуу окуяларды каңтар айында көрдү, Өзбекстан исламчыл экстремизмдин эпкинине эки мертебе тушукту, конституциялык реформа кылам деп Каракалпакстан проблемасын козгоп алды.
Түркмөнстанда бийлик атадан балага өтүп, автортитардык режим туруктуу, саясий катаклизмге тушуга элек. Борбор Азия мамлекеттерин бириктиргиси келген кечээки лидерлер бүгүн жок. Баары жаңы президенттер. Ар кандай масштабдагы, дүйнө таанымы айырмалуу, интеллектуалдык дарамети, саясий, ал тургай турмуштук тажрыйбасы түрдүү инсандар.
Регион байыркы түрк этносунун уюткусу, түрк цивилизациясынын очогу, синкреттүү маданиятка ээ, бирок соңку кезде исламдашып бараткан, анын радикалдуу агымдарынын улам күчөгөн таасирине тушуккан чөлкөм. Ушул жердеги өлкөлөрдүн кээ бири байыркы мамлекеттердин же бай цивилизациялардын мураскери, айрымдары жакында калыптанган, бирок динамикалуу өнүккөн, айрымдары байыркы, кай бири улут катары тез калыптанган этностор.
Региондун байлыгы мол. Жан башына эсептегенде табигый ресурстардын көлөмү боюнча Кыргызстан алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирет. Суунун көлөмү боюнча Кыргызстан менен Тажикстан киши башына эсептегенде сууга бай 10 өлкөнүн бири. Каяктагы жомок дебесин, мен кымбат металлдар, асыл таштар менен суунун абсолюттук көлөмүн эмес, изилденген кен байлыктын жана суунун жан башына туура келген үлүшүн айтып жатам.

Сүрөттүн булагы, ALEXEY PANOV/AFP/GETTY IMAGES
Региондогу мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюмунун критерийине ылайык өнүгүп жаткан өлкөлөр. Региондо 74 млн эл жашайт. Калктын өсүшү ургаалдуу - жылыга 1,5 % көбөйүп келет. Демографиялык курамы боюнча жаштары арбын, демек эмгек ресурстары өзүнө эселеп жетиштүү чөлкөм. Демография Борбор Азиянын экономикасы тарапта. Калктын жайгашуусу бир беткей эмес.
Казакстанда калктын жыштыгы дүйнөлүк орточо деңгээлден төмөн болсо, Фергана өрөөнүндө калк эң жыш жайгашкан. Чөлкөмдүн аянты кенен, дүйнөдө 7-орунда, Казакстандын аянты 2,7 млн чарчы километр, эң ири 10 мамлекеттин бири, калгандары да кичине эмес, ар биринин аянты Европанын кээ бир кубаттуу өлкөлөрүнүн аянтынан ашса ашат, асты кем болбойт. Айдоо аянты боюнча чөлкөм дүйнөдө 10-орунда турат (Казакстан - 19,4 млн. га, Өзбекстан - 4, Кыргызстан - 1,4, Тажикистан - 0,9), демек азык-түлүк менен өзүн камсыз кылмак турсун, жалпы дүйнөлүк керектөөнүн 11% камсыз кыла алат. Өстүрүлгөн жашылча-жемиштердин көлөмү боюнча дүйнөдө 16-орунда, пахта өндүрүү боюнча 5-орунда турат, бодо малдын саны боюнча 20-орунду ээлеген аймак.
Бирок парадокс ушунда турат, ушунча байлыкка ээ чөлкөмдүн экономикасы алсыз, тыштан жана импорттон көз каранды, эбегейсиз ырыскы чөлкөмдүн мээнеткеч калкынын жашоо деңгээлин жогорулатпады. Байлыгы мол, эли жакыр чөлкөм. Өнөр жайында нефть, газ, металлургия, гидроэнергетика басымдуу. Жеңил өнөр жайын, машина куруу өнөр жайын эгемендүүлүк мезгилинде же Кыргызстандай биротоло талкалады, же Өзбекстан, Казакстан сыяктуу бир аз трансформациялады, бирок негизги аталган экономикалык кубаттуулуктар локомотивге айланбай, атаандаштыкка туруштук бергидей товар чыгара албайт, алсыз.
Чөлкөмдүн бириккен ички дүң продуктысы 300 млрд доллар (салыштырыңыз: Францияныкы - 2,94 трлн. доллар, Италияныкы – 2,08 трлн доллар). Жогорку технологиялар долбоор деңгээлиндеги кеп, өкмөттүк форумдардагы ураан, асты реалдуулук эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Регионалдык интеграцияга таасир эткен жагдайлар
Чөлкөмдүн ич ара экономикалык байланышы бекем дешке болбойт. Түбөлүк коӊшу болуу тагдыры маӊдайына жазылган, тили, дили окшош, боордош, тагдырлаш этностор негизин түзгөн мамлекеттердин, КМШ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу регионалдык бирикмелерде өнөктөш Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда соӊку 30 жыл ичинде экономика менен саясатта достукту айкындаган, бекемдеген, жарк эткен учурлар, жагымдуу окуялар азыраак экен.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Соода-экономикалык байланыштар арбыбаптыр, маданий алакабыз деле алыс узабаптыр. Борбор Азия мамлекеттери бири бирине караганда тышкы мамлекеттер менен соода-экономикалык алакасы басымдуу. Алака дегенибиз чөлкөмдөн чийки зат тышка чыгарылат, тыштан товарлар жана кызматтар импорттолот. Борбор Азия өлкөлөрү бири бирине инвестиция кылгыдай деңгээлге чыга элек, чамасы чак.
Чамасы чактыгынан да, кубаттуу атаандаштар жол бергидей эмес. Маселен Тажикстандагы алтын-күмүш жана асыл таштардын 400дөн ашык ири кени бар, бүгүнкү күндө 100гө чукулу гана иштетилет. Аларга негизинен Кытай, Россия ээлик кылат. Россия жана Кытай ЕАЭБ, ЖККУ, Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу институттар, аларга тиешелүү ар кандай долбоорлор, түзүмдөр аркылуу Борбор Азиянын мамлекеттерин ар бирине таасир этип, көзөмөлдөгүсү келди. Региондун өлкөлөрүнүн да тышкы саясий багыты өзгөрүп, ар кандай жол менен кетти. Аңгыча лидерлер четинен алмаша баштады, мамиле сууп, бирде оңолуп, айтор регионалдык интеграция идея бойдон жашап келди.
Европа азырынча Борбор Азияны өздөштүргөнгө жетише элек. Эми кирише баштайт. Европа аттанганча, Кытай улам кулачын кенен жайууда, Россия колдон чыгаргысы келбей, араб дүйнөсү динди экспорттоо менен алек. Иран эми кайрадан аракет кыла баштады. Түркия маданий кызматташтыктан аскерий, саясий форматка өтө баштады. Калган оюнчулардын карааны алыс.
Ошол эле учурда Борбор Азияны бир бүтүндүк катары кароо тенденциясы байкалууда. Маселен, АКШ, Европа, Кытай, Жапония, Түштүк Корея “Х+ 5” форматында регулярдуу жолугушууларды өткөрүп келет. АКШ менен Европа Борбор Азиянын Россиянын орбитасынан чыгып, Кытайдын таасиринен оолак болушун көксөйт. Борбор Азияга умтулган субъектердин көбү ушулар биригип кетишин каалабайт. Биригип кетсе баарына тиш өтпөй калбасын деп, бирден кармап тургусу келет. Эмитеден эле орус басылмалары пессимисттик көз караштарды билдирип, булар кыйратпайт маанисинде кеп кыла баштады. Ал тургай Британия (демек башкалары да) жүргөн жерде тынчтык жок, Россия гана Борбор Азиядагы туруктуулуктун кепили деп кыйытты. Демек интеграцияга карай жол түйшүктүү, ички жана тышкы тоскоолдуктар арбын.
Борбор Азия мамлекеттеринин биримдигине тоскоолдук жараткан тышкы факторлор, объективдүү жагдайлардан кем эмес залакасын тийгизген терс таасир – бул лидерлик үчүн тымызын жана ачык күрөш. Албетте ар бир президенттин тарыхта орду бар. Бирок ушул маселеге келгенде баары ушул оорудан кутула албай келген. А лидерликке умтулганы жоопкерчиликти ала алган эмес. Айрым маселелерде ортого түшүп, кой-айга келип, кимдир бирөөсүнө тыштан кысым кылса тийбе, ага тийишкениң бизге тийишкениң, биз барбыз деп болушкудай болсо гана лидерлик легитимдүү. Ансыз лидерлик тентек балдардын мен кыйын деген эле оюну сымал.
Ички тоскоолдуктар демекчи, орток кызыкчылыктар менен катар чечилбеген проблемалар али арбын.
Жаңы форматтагы интеграция болобу?

Сүрөттүн булагы, president.kg
Төрт жыл мурда Астанада биринчи кеңешмеде интеграция деп аталбаса да мазмуну жаңыра баштады. Буга чейинки үзүл-кесил аракеттердин уландысы. Мамлекет башчыларынын консультациялык жолугушуусу туруктуу институтка айлана баштагандай. Канткен күндө да интеграцияга зарылдыкты аймактын эли да, лидерлери да түшүнгүдөй болду. Эң биринчи жолугушууда Борбор Азия мамлекеттери чөлкөм өзүн өз алдынча субъект катары эсептөө зарылчылыгын жарыялап, өз маселелерин ич ара, сырттан киши кийлигиштирбей чечебиз деген ураан ташталды.
Сырткы акторлордон эркин мамиле улам кийинки жолугушууларда бекем айтыла баштады. Ушул тезис Ашхабадда да биргелешкен билдирүүдө кайталанды. Регионалдык интеграциянын бекемделишине өбөлгөлөр да, ички потенциал да жетиштүү. Буга чейинки регионалдык жана глобалдык уюмдар азыр кризиске туш болду. Ич ара ырк кетип, уюмга кирген мамлекеттердин кызыкчылыгы корголбой, уюм ага мамлекеттерди жаралган проблема менен жалгыз калтырып кетиши Борбор Азия мамлекеттерин тагдырлаш элдер, эң жакын кошуналар катары биригүүгө мажбурлап отурат. Тышкы экономикалык, саясий-дипломатиялык шарттар бир эсептен Борбор Азия мамлекеттеринин интеграциясына оңтойлуу кырдаал жаратты.
Россия-Батыш кармашы убайга салып, санкциялар тушагы эч кимисин кыйгап өткөн жок. Азык-түлүк тартыштыгы, энергетикалык кризистин илеби чөлкөмдүн мамлекеттерин ички ресурстарды пайдаланууга, өз ара соода-алакасын чыңдоого түртүүдө. Демек тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Андан тышкары, Москва, Бээжин, Вашингтон же башка патронго таянып иш кылуу булардын ар бирине жана баарына бирдей зыян экенине көзү жеткендей болду. Буга ыктасаң тигил кыйшаят, жетегинде болгон соң билгенин кылат. Жетектин иши жетек, эрксиздик, күнкорлук, акыры жакшы эмес.
Борбор Азия элитасынын эң башкы кемчиликтеринин бири тигил же бул патрондун көзүн кароо, ага таянуу эле. Ушул кесепеттүү көшөкөрлүктүн инерциясынан эртерээк кутулганы утат. Дипломатияда маселелерди ачык, чын ниеттен сүйлөшүп алган оң, эч кимди көпкө чейин алдай албайсың.
Эки тараптуу мамиле начарласа аймактык биримдикке, интеграциялык институтка шек келет, анын жарамдуулугуна доо кетет, уюмга болгон ишеним азаят. Эгерде буга чейинки консультациялык жолугушууларда декларациялар, биргелешкен билдирүүлөр менен чектелсе, Чолпон-Атадагы бул жолку кеңешмеде маанилүү документке кол коюла турганы кабарланды. Ушул жолку саммитте биринчи ирет достук жана ынак кошуналык тууралуу регионалдык келишим түзүлөт. Кол коюла турган келишимде кол койгон тараптар бири-бирине кол салып, күч колдонуудан баш тартып, сырттан коркунуч болгондо биргеликте каршы туруу жөнүндө өзөктүү жоболорду камтыйт.
Чөлкөмдө жалпы коркунучтар жана эксклюзив проблемалар жетиштүү. Бирок ошол коркунучтар конкреттештирилмеги абзел. Абстрактуу түшүнүктөр мамилени чыңдабайт, аракетти арбытпайт, маселени чечпейт. Баланчасы көңүлдө деп арифметиканы мектепте окуткандай тышка жарыяланчы маселелер, жарыянбай турган, бирок көңүлдөгү макулдашууларга жетишүү зарыл. Көңүлдөгү маселелердин анабашы ич ара дооматтар жана таарынычтар. Андай өз ара дооматтар аз эмес. Орус-украин жаңжалынан сабак алышыбыз керек. Тарыхы орток, тамыры бир, тагдырлаш, киндиктеш элге бир тууганы кол салды, жерин тартып алды. Демек мамлекеттер өз кызыкчылыгы үчүн эч нерседен кайра тартпай турганы кечээки тарых эмес, ушул жана азыр реалдуулук, келечектеги чакырык экенин жадыбыздан чыгаруу бери болгондо кенебестик. Чатакты болтурбоо, жаңжалга жол бербөө мамлекеттер ортосунда мамиленин негизги максаты болууга тийиш. Чолпон-Атада кол коюлчу келишимдин долбоорунда эбактан бери айтылып келген чакырыктарга бирге туруу маселеси, буга чейин декларациялык мүнөздөгү идеялар жаңы мазмунда актуалдаштырылды. Чолпон-Ата кеңешмеси, анда жетишилген макулдашуулар, албетте, тышкы чөйрөдө саресеп талдоого алынат.
Чолпон-Ата саммити биздин өлкө жана баарыбыз үчүн кызматташууну чыңдоого карай жолдогу эң мыкты шанс. Эгер ушул жолку кеңешме декларациядан ишке айланса, анда чөлкөмдүн калкынын ишеними артат, тышкы чөйрө эсептешүүгө аргасыз. Кеңешме биз үчүн сыноо, анткени кабыл алган тараптын жоопкерчилиги чоң. Маселелердин коюлушун иреттөө, талкуунун жүрүшүн жөнгө салуу, жагымдуу маанай жаратуу, макулдашууларга жетишүү, идеяларды, демилгелерди чаргытпай нукка салуу, терс пикир жаратчу сөздөргө жол бербөө – мына ушунун баары биздин мойнубузда.
Алмаз Кулматов, тарыхчы
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.











