Чынара Эсенгул: Борбордук Азияда суу жана чек ара маселеси бир топ чырмалышкан
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Казакстанга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Борбордук Азиядагы суу ресурстарын пайдалануу жөнүндө маселени талкуулашканы белгилүү болду. Эки өлкөнүн башчылары бул аймактагы суу байлыгына баардык өлкөлөр ээ экендигин белгилешти. Кабарчыбыз Абдыбек Казиев эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулга кайрылып, өзбек президентинин Казакстандагы сапарынын жыйынтыгы региондук суу-энергетикалык проблемаларды чечүүгө кандай мамилени көрсөтүп турат деп сурады.