Борбор Азия: Инерциядан интеграцияга

Борбор Азия лидерлери

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борбор Азия лидерлери
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Эксперттер ССCР кулагандан бери 30 жылга таяса дагы, Борбор Азия өлкөлөрүндө аймактык интеграция боюнча эч кандай прогресс болбогонун белгилеп жатышат. Өрөөндөгү өлкөлөрдүн орток мамилеси башка региондогу айрым мамлекеттердикиндей чыңалып, согуштук тирешүүгө жетпесе дагы, салкын экени байкалат.

Борбор Азия мамлекеттеринин интеграциясы үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар бар?

Бишкекте ушу күндөрү ЕККУнун Бишкектеги академиясынын Борбор Азиядагы коопсуздук темасына арналган жыйыны жергиликтүү жана чет элдик эксперттердин катышуусунда өтүүдө. Жыйында бүгүнкү бөлүгүндө Борбор Азия мамлекеттеринин интеграциясы: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар маселеси каралып, аймакка мүнөздүү маселелер көтөрүлдү.

Инерциядан интеграцияга

Эл аралык талдоочу Шайырбек Жураев Борбор Азия чөлкөмүндөгү Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн аймактык интеграцияга бара албай жатышынын себептерин атап өттү:

"Буга негизги себеп бул-ар бир мамлекет өтө жаш болуп, улутчулдук идеологияны баары туу тутушат. Көз карандысыздык дегенди алар башка мамлекеттер менен эч кандай мамиле болбосун дегенге такап коюшкан. Ар бир башкаруучу режим өлкө ичиндеги стабилдүүлүктү сакташ үчүн сырткы күчтөрдү, башка мамлекеттерди душман катары көрсөткөн нукка түшүп алышкан. Бул 1990-жылдардан бери инерция болуп келе жатат", -деди Шайырбек Жураев.

ЕККУнун Бишкектеги академиясынын Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси боюнча жыйыны

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ЕККУнун Бишкектеги академиясынын Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси боюнча жыйыны

Ошентсе дагы айрым өлкөлөрдө бийлик башы алмашып, жаңы президенттер кошуналар менен мамилени оңдоо, кызматташтыкты күчөтүү багытында аракеттенүүдө.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кызматка киришкени сырткы саясатта, ириде, коңшу мамлекеттерге басым жасап, активдүү регионалдык саясат жүргүзүп келет.

Кыска мөөнөт ичинде өзбек президенти Кыргызстан эле эмес, Тажикстан, Казакстан мамлекеттери менен мурунку авторитардык бийлик тушунда салкындап келген алаканы кызыта алды.

Өзбекстандык эксперт Бахтийор Алимжанов өзбек президенти Шавкатбек Мирзеёвдин кошуна Кыргызстан менен 2017-жылы чек аралар боюнча келишилген макулдашуусун, Түркмөнстан менен быйыл жетишилген Стратегиялык өнөктөштүк документин мисал тартты.

Ырыс алды ынтымак

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрү ич ара салкын карманган мамилеси карабай, бири-биринен өтө көз каранды экенин белгилеп жатышат.

Ошол эле суу ресурстарын мисалга алсак, Нарын дарыясы Кыргызстандан чыгып, Өзбекстан менен Казакстанга агып, таалаларын сугарат. Айрым учурда суу маселесинде коңшу өлкөлөр буга чейин кер-мур айтышып келгени белгилүү. Бирок бул кырдаал жогорку деңгээлде саясат алып барам деген мамлекет башчыларын аймак аралык интеграция жана кызматташтыкка түрткү бере турган жагдай.

Чек ара маселеси да чөлкөмдүн эң таалуу маселелеринин бири.

Тажик, өзбек жана казак президенттери Астанадагы Борбор Азия саммитинде

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тажик, өзбек жана казак президенттери Астанадагы Борбор Азия саммитинде

Жыйында Борбор Азия өлкөлөрүнө мүнөздүү башкы маселе катары коомдун ашкере диндешүүсү жана террордук коркунуч аталды.

"Ошол эле Афганистандагы же жакынкы Чыгыштагы кырдаал өзгөрүп кете турган болсо, биздин чек аралар аябай эле ачык. Канчалаган автоматчандар турбасын, ар кандай элементтер жеңил эле өтүп кете берет. Аны биз баңгизат маселенде көрүп турабыз. Канча деген миллиондогон акчаларды жумшап КППларды оңдоп жатабыз, автоматчандарды коюп жатабыз. Ошол эле маалда тонналап, трасса менен наркотиктер өтүп эле жатышат. Бул чоң маселе.

Албетте өлкөлөр кызматташтыгы бул маселени чечип койбойт. Бирок эгер чыныгы кызматташуу болсо, ушуга окшогон жалпы маселелерди чечкенге жеңилирээк болот",- деди эксперт.

Борбор Азия бирдиктүү базар боло алабы?

Аймактагы өлкөлөр жалаң гана чакырык жана коркунуч алдында эмес, экономикалык кызыкчылыктардан улам деле интеграцияга барчудай.

Теги кыргызстандык, соңку алты жылдан бери Казакстанда "Suncore Capital" инвестициялык консалтинг компанияны башкарып жаткан ишкер Жапар Үсенов буга чейин Бишкекте өткөн инвестициялык форумда борборазиялык бизнес палатаны түзүү сунушу менен чыккан. Анын себебин Усенов Би-Би-Сиге мындайча түшүндүргөн эле:

"Алты миллиондук Кыргызстан, он жети миллион эли бар Казакстан, 32 миллион калкы бар Өзбекстан өзүнүн потенциалдуу инвестициялык долбоорлору менен чет өлкөлүк ири компанияларга анчалык кызыктуу эмес.

Эгер бул чөлкөм чет өлкөлүк инвесторлорго бирдиктүү базар катары кабылдана турган болсо, анда элүү миллиондон ашык рынокко көпчүлүк кызыкмак. Борборазиялык бизнес палата түзүлсө, ал жерге чөлкөмдөгү бизнес долбоорлор чогултулуп, инвесторлор убактысын жана каражатын үнөмдөп, түз эле ошол аянтчага келмек. Мындай аянтча бизге абдан керек жана өтө маанилүү", -деген эле Жапар Үсенов.

Быйыл 15-мартта Борбор Азиянын лидерлери Астана шаарында саммитке чогулушүп, кошуна аралык чек ара, суу, коопсуздук маселесинде пикир алышкан. Саммитке чогулуу демилгесин Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери көтөргөн. Буга чейин беш мамлекеттин президенттери КМШ, ШКУ, ЕАЭБ биримдигинин алкагында эки тараптуу же үч тараптуу гана жолугушууларды өткөрүп келишкен. Кийинки БА лидерлеринин жолугушуусу Ташкентке өтөт деп макулдашылган.