Агрис Прейманис: Борбор Азия инвестициялык бир регион катары каралат

- Author, Гүлнара Касмамбетова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери
Европанын кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын Казакстан боюнча директору Агрис Прейманис Би-Би-Сиге берген маегинде интеграциялык-экономикалык байланыштар, инфраструктура, өлкөлөр ортосундагы соода-сатык боюнча бүтүндөй Борбор Азия региону боюнча келечектүү көп иштер жасалып жатканын айтты.
Би-Би-Си: Соңку жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнө карата инвестициялык саясатта кандай өзгөрүүлөр болду?
Агрис Прейманис: Борбор Азия үчүн соңку бир нече жыл абдан маанилүү болду. Буга Өзбекстандагы реформаларга байланышкан өзгөрүүлөр таасир этти. Ал бир эле Өзбекстан эмес, жалпы Борбор Азия чөлкөмүн камтыды. Интеграцияны жакшыртуу, экономикалык байланыштарды чыңдоо, инфраструктура, өлкөлөр ортосундагы соода-сатык боюнча бүтүндөй аймакта абдан көп иш жасалууда.
Менимче, мурда интеграциянын жоктугунан толук кандуу иштей албай келген регион азыр абдан ыкчам дал ошол багытта иштеп жатат. Борбор Азиянын интеграциясы, албетте, жалпы аймактын экономикалык өсүшүн жакшырта алат.Бул, ошондой эле, чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга абдан маанилүү фактор болуп берет. Казакстан сыяктуу чоң өлкөлөр бар болгону менен, чет өлкөлүк инвесторлор Борбор Азияны бир регион катары карайт. Андыктан, жалпы аймакта эмне болуп жатканы маанилүү.
Алсак, Казакстанга инвестиция болсо, ал жакта өндүрүлгөн продукцияны Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөргө экспорттоого болот. Мурда интеграция көйгөй болуп эсептелсе, азыр оң жагына өзгөрүүнүн факторуна айланууда.
Би-Би-Си: Өзбекстандын ачылып, либералдашуусу кандай роль ойнойт?
Агрис Прейманис: Акыркы 6-12 айда валюта конвертациясын ыңгайлаштыруу, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Өзбекстанда жасалып жаткан экономикалык реформаларды көрүп турабыз. Бир эле ал өлкөдө эмес, Өзбекстан-Казактан, Тажикстан-Кыргызстан, Түркмөнстан сыяктуу жалпы региондо соода-сатыкты, биргелешкен долбоорлорду, инфраструктураны жана кызматташтыкты жакшыртуу боюнча мамлекет башчыларынын деңгээлинде иш жүрүп жатат.
Ал эми Өзбекстан боюнча эки тараптан кароо керек. Өзбекстан башка өлкөлөргө бир жагынан ачык, кыйла реформаланган өнөктөш катары маанилүү. Экинчи жагынан, бул өлкөнүн ачылышы Борбордук Азия үчүн жылыш болуп калды. Ар кайсы өлкөлөрдүн компаниялары абдан тыгыз кызматташа баштады. Өкмөт, мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Чынында, Борбор Азиядагы мындай жагдай инвесторлор үчүн абдан маанилүү.
Көпчүлүк Өзбекстандагы оң жылыштар Казакстанга тескери таасирин береби деген суроону коюп жатышат. Мен мындай баа берүүдөн алысмын. Өзбекстандын экономикасы жакшырып, атаандаштыкка туруктуу боло баштаганы - Казакстанга да, башка коңшуларына да пайда алып келет.
Ооба, балким Казакстанга бара турган кайсы бир инвестиция Өзбекстанга кетиши мүмкүн. Бирок жалпы рыноктун кеңейишине бул абдан маанилүү. Казакстандык компаниялар Өзбекстанга көбүрөөк экспорттоп, ал тургай инвестициялай баштайт. Керек болсо, кээ бир инвесторлор Өзбекстанга товар экспорттоо мүмкүндүгүн алуу үчүн Казакстанга каражат жумшоого киришет. Демек, Өзбекстандагы оң өзгөрүүлөр -жалпы регион үчүн жакшы жаңылык.
Би-Би-Си: Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын докладында, 2018-жыл Казакстандын экономикасы үчүн жагымдуу болоору эмнеге негизделген?
Агрис Прейманис: Эгер Казакстандын экономикасынын өсүшүн карасак, ал жакында болгон кризистен ийгиликтүү чыгып кетти. Бул - өкмөттүн мамлекттик каражатты инфраструктура жана экономиканын башка тармактарына сарптоо сыяктуу абдан жакшы аракеттин натыйжасы. Биздин божомол боюнча, азыр өлкө экономикасы өсүп жатат. Анын бир жылдык өсүшү 3,5-4 пайызга барат. Бул жакшы деңгээл.
Бирок, Кыргызстан жана башка коңшулары, жалпы Борбор Азия үчүн Казакстандын мындан да тез өнүгүүсү маанилүү. Өлкө койгон максатына жетип, дүйнөнүн тез өнүккөн өлкөлөрүнүн бири болушу үчүн 5-6 пайыздык өсүш керек. Казакстанда мамлекеттик жана инвестициялык каражатты жумшоо менен инновация, санарипке өтүү боюнча көп иштер жасалууда.
Ошондой эле, Жибек жолу демилгесин да унутпаш керек. Ал Казакстан жана Борбор Азия, Кытай жана Европа ортосунда жайгашкан мамлекеттер үчүн абдан күчтүү интеграцияга жол ачат. Жибек жолу - бул, албетте, инфраструктура. Ал Казакстанга жана Борбор Азиянын башка мамлекеттерине транзит мүмкүндүгүн берет.












