Зарвон: тажик-өзбек чек арасындагы миналар жок кылына элек

Апта соңундагы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Өзбекстанга расмий иш сапары Борбор Азия чөлкөмү үчүн маанилүү жаңылыктардын бири болуп калды. Рахмон Ташкентке расмий иш сапары менен мындан 20 жыл мурун келген экен. Андан кийин эки коңшу өлкөнүн мамилеси кескин начарлап кетип, ортодо алака-катыш салкын болуп келген.

Шавкат Мирзиеёв менен Эмомали Рахмон

Сүрөттүн булагы, official

Шавкат Мирзиеёв менен Эмомали Рахмон ортодогу "тоңгон музду" ээрите турган кадамга бара алыштыбы?

Бул суроо менен Би-Би-Синин Перс кызматынын редактору Эхсон Зарвонго кайрылдык.

Эхсон Зарвон: Албетте, эки өлкөнүн ортосундагы бардык маселелер толук чечилди деп айтууга болбойт. Бирок, эки тараптын мамилесинин жакшырып баратканы байкалууда. Буга Өзбекстан менен Тажикстан жарандарынын бул өлкөлөргө визасыз кирип-чыгуусу, аба каттамы, поезд, автобус каттамдарынын кайрадан жанданышы сыяктуу чечимдер мисал болуп бере алат. Анткен менен тез арада чечилиши керек болгон маселелер бар. Алардын эң чоңу- чек аралардагы миналарды жок кылуу. Мурдагы президент Ислам Каримов маалында чек аралардагы миналарды басып алып, көптөгөн тажикстандыктар мерт кеткен. Дагы бир маселе - көтөрүлүшчү полковник Махмуд Худайбердиевдин Өзбекстан аймагында болушу эле. Жакында ал Өзбекстандан чыгып кетти деген маалымат тарады. Бирок, муну Өзбекстан дагы, Тажикстан дагы тастыктаган жок. Тажик тарап Худайбердиев маселесин эч качан күн тартибине койбогону менен, бул эки мамлекет алакасында негизги көйгөйлөрдүн бири болуп келгенин билебиз. Эгерде чындап эле анын Өзбестандан чыгып кеткени расмий түрдө тастыкталса, Ташкент менен Дүйшөмбү ортосундагы өз ара ишенимдин жанданышындагы дагы бир маанилүү кадамы болмок.

Би-Би-Си: Президенттердин жолугушуусунда Өзбекстан менен Тажикстан биргеликте 320 мегаваттык эки гидроэлектр станция кура турганы айтылды. Мына, учурунда Өзбекстан тажик бийлигинин Рогун ГЭСин куруу демилгесин кескин сындап, жүзүн тескери буруп келген эмеспи.

Би-Би-Синин Перс кызматынын редактору Эхсон Зарвон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин Перс кызматынын редактору Эхсон Зарвон.

Эхсон Зарвон: Тажикстан Рогун ГЭСнин курулушу коңшу мамлекеттерге эч кандай зыяны тийбейт деп башынан эле Өзбекстанды ишендирүүгө аракет кылып келет. Бирок, бул маселе эки тарапты тең түйшөлтүп келаткан. Акыркы сүйлөшүүлөрдө бул маселеге чекит коюлгандай туюлду. Себеби өзбек тарап аталган ГЭСтин курулушунда каржылык жардам бериши мүмкүн деп айтылууда. Ташкент бул маселеде Дүйшөмбүдөн кошумча кепилдиктерди алган болушу мүмкүн.

Би-Би-Си: Өзбекстандагы өзгөрүүлөргө Тажикстандын өзүндө кандай мамиле болуп жатат?

Эхсон Зарвон: Мирзиёевдин адам укуктары, жарандык эркиндиктер, орто жана чакан бизнестерди колдоо тууралуу кайрылуулары Борбор Азия, анын ичинде Тажикстанда чоң колдоого ээ. Айрыкча, Өзбекстандагы диний эркиндиктер, дин саясатынын өзгөрүп жатканы тууралуу маселеге тажикстандыктар кулагын түрүп турат. Алар бул саясаттын маркум Каримовдун дооруна карагандан кыйла жумшарганын айтып жатышат. Мирзиёев өкмөт башына келген учурда, анын теги тажикстандык деп, тажик маалымат каражаттарынын жазып чыгышканы бар. Бирок, убакыттын өтүшү менен тажикстандыктар Мирзиёевдин тегине эмес, анын баштаган иштерине, чакырыктарына көбүрөөк көңүл бура баштады.