Борбор Азиядагы эгемендиктин 30 жылы: ким утулду, ким утту?

Элеанора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги журналисти

Борбор Азия лидерлери, 2021-жыл, август

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борбор Азия лидерлери, 2021-жыл, август

Ташкенттеги эл аралык Вестминстер университетинин окутуучусу, Норвегиянын эл аралык мамилелер (NUPI) институтунун илимий изилдөөчүсү Жавлон Жураев Би-Би-Сиге мурда СССРдин курамына кирген Борбор Азия республикаларынын эгемендигинин 30 жылына сереп салып берди.

Би-Би-Си:Борбор Азия өлкөлөрү эгемендиктин 30 жылдыгын удаалаш белгилеп жатышат. Бул жылдары аймактагы кайсы өлкө чың мамлекеттик түзүлүшкө ээ боло алды?

Ж.Жураев: Демократия боюнча Кыргызстан, албетте, алдыга кетти. Бул өлкөдө жарандардын саясий эркиндиги бар жана жарандык коомдун ролу да күчтүү болууда.

Мурунку казак президенти Нурсултан Назарбаев өз эрки менен бийликтен кеткени Казакстанда да алдыга жылыш байкалат.

Экс-президент Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин Өзбекстанда демократияга карай байкаларлык жылыштар болуп жатат. Өлкөдө ишкерлерге эркиндик көбүрөөк бериле баштады. Ал эми бизнес деген - бул экономикалык бийлик да, ишкерлер да саясий эркиндигин пайдаланганга өттү. Бирок Өзбекстанда дале ички тиреш бар, бирок бул жерде Кыргызстан жана Казакстандагыдай түндүк-түштүк эмес, андан да бытырандыланып, идеологиялык жана саясий ажырым көп.

Тажикстан менен Түркмөнстанда, тилекке каршы, эч бир өзгөрүү жок. Бул эки өлкө авторитардык бийлик чеңгелинен чыга элек.

Талашсыз, Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдө мамлекеттик башкаруу Советтер Союзунан мураска калган. Андыктан кайсы өлкөнү алба, бийликтин борборлошкон ыкмасы иштеп жатат.

Өзбекстанда соңку кезде мамлекеттик башкарууда өзгөрүүлөр байкалат, бул жерде парламенттин ролу жана салмагы өсүп жатат.

Ошол эле убакта парламентаризм Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдө анча сиңип кете алган жок. Аймактагы бардык мамлекеттердин Конституциясында «бийлик бөлүштүрүү» деген бар. Бирок иш жүзүндө андай принцип иштебей жатат.

Ашхабад, 2021-жыл август

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ашхабад, 2021-жыл август
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Борбор Азия өлкөлөрүнүн учурдагы экономикалык абалына кандай баа берет элеңиз?

Ж.Жураев: Бай жараталыш ресурстары менен Казакстандын экономикасы алдыга кетип, бул өлкөдө ИДӨнүн киши башына үлүшү 10 миң долларга чыгат. 2013-жылы бул көрсөткүч 13 миң долларга чейин көтөрүлгөн.

Түркмөнстанда дагы табигый байлык экономиканын өзөгүн түзөт. Бул өлкөдө ИДӨнүн киши башына үлүшү 6 миң долларга барат. Бирок Түркмөнстан табигый ресурстарын өндүрүп ошонун эсебинен эле жашап, экономиканын калган тармактарын өнүктүргөн жок. Экономисттердин тили менен айтканда муну «ресурстук каргыш» дешет.

Өзбекстандын жогорудагы эки өлкөгө караганда жаратылыш ресурстары азырак. Андыктан ИДӨнүн киши башына үлүшү 2 миң доллардан да аз. Мындай көрүнүштүн дагы эки себеби бар. Биринчиси, Өзбекстандын калкы көп, экинчиси, коррупция айынан колдо бар ресурстар натыйжалуу пайдаланылбай жатат.

Кыргызстанга келсек, ИДӨнүн киши башына үлүшү 1 миң 300 АКШ долларды түзөт. Евразиялык экономикалык биримдикке киргени өлкөнүн экономикасы түшүп кетти. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр Россия, Казакстандан келген арзан товарлар менен атаандаша албай калды. Бул чакан экономикасын коргоо саясаты жок эле Бажы союзуна кирүүнүн кесепети болуп жатат.

Тажикстанды алалы, ИДПнын жан башына улүшү 900 доллар. Бул өлкө гидроэнергетикалык чоң кризисте. Саясий жана экономикалык факторлордон улам өз мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай келет.

Борбор Азияда суу талашы курчуп барат

Сүрөттүн булагы, Google

Би-Би-Си: Аймакта суу тууралуу ич-ара талаш-тартыштар курчуп барат, жакынкы келечекте бизди кандай перспектива күтөт?

Ж.Жураев: Аймактагы эки негизги дарыя трансчектүү деп эсептелет. Алардын башаты Тажикстан менен Кыргызстанда башталат да, этек жагы Өзбекстанга кетет жана Казакстанда Аралга барып такалат. Бул орток сууларды пайдалануу боюнча талаш-тартыштар бар. Тажикстан менен Кыргызстан суу башатыбыз деп, Сырдарыя менен Амударыяны гидро-энергетикалык ресурс катары көрөт. Ал эми Казакстан менен Өзбекстан үчүн - бул орток суу ресурстары. Калкы көп Өзбекстандын айыл-чарбасы суудан абдан көп көз каранды. Бул - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна да тийиштүү маселе.

Азыр суу талашын дипломатиялык жол менен чечүү аракети байкалат. Мындай демилге менен Казакстан менен Өзбекстан чыгып жатканы да түшүнүктүү.

Маселени кантип чечсе болот: сууга көз каранды өлкөлөр айыл-чарбадагы суугаруу иштеринде заманбап ыкмаларга өтүүсү керек. Аймактагы энергетикалык желени жакшыртуу зарыл. Инфраструктура чабалдыганан көп электр энергиясы аймакта жөн эле коромжу болуп жатат. Өлкө аралык соода алакасы күчөсө жана мамлекет аралык экономикалык көз карандылык болсо, бул талаштуу маселе боюнча мунаса табуу жеңил болот.

Би-Би-Си: Афганистандагы соңку окуялардан улам, Бобор Азия өлкөлөру үчүн кандай чакырыктар жана мүмкүнчулүктөр күн тартибине чыкты?

Ж.Жураев: Афганистан дегенде биз дале коркунучту кабылдайбыз. Афганистан тууралуу парадигманы өзгөртүү керек. Афганистан коңшуларына коркунуч жараткан өлкө эмес, ал коңшу-колоң өлкөлөрдүн жардамына муктаж коомчулук.

Бидин мамлекеттерден чыккан радикалдуу топтор Афганистандагы бейстабилдүү абалдан пайдаланып, ал жакта машыгып, күч топтошту. Бул өлкөнүн башкы көйгөйү - жөндөмдүү бийлик болбой жаткандыгында. Учурда Талибандын өлкөдө бийлик орнотуу аракетин көрүп жатабыз.

Талибан

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибан

Афганистанда абал тынчыса, андан Борбор Азиядагы бардык мамлекеттер утмак, себеби Афганистанда чоң экономикалык потенциалдар бар. Бул өлкөдө сейрек минералдардын 1-3 миллиард долларга тете запасы бар делет. Афганистанда стабилдүүлүк болушуна Өзбекстан өзгөчө кызыкдар, себеби туштүк порттор аркылуу деңиз соодасына чыксам дейт.

Эми бийликке келген Талибан, мурункудай эле өлкө башкарам десе, Афганистанда жакын арада тынч жашоо болот деп күтпөй эле койсо болот. Бирок Талибан да соңку жылдары өзгөрүүлөргө туш болду, мурункудай радикалдуу болбойт деген үмүттөмүн.