Борбор Азия: Каримовдон кийин эмне өзгөрдү? Өзбек-тажик мамилеси

Тажистандагы базар

Сүрөттүн булагы, courtesy

Маркум президент Ислам Каримовдун башкаруусу учурунда Тажикстан менен Өзбекстандын мамилеси суу маселесинен улам курч болуп келген. Кырдаал ушунчалык оор экенин мындан билиңиз, убагында Ислам Каримов суу үчүн региондо жаңжал чыгып кетиши мүмкүн экенин дагы эскерткени бар. Бүгүнкү мамиле кандай?

Албетте, бүгүн баары өзгөрүп жатат. Азыркы тапта Тажикстанда Өзбекстан тарабынан каржыланган заманбап медициналык комплекс курулуп бүтүп калды.

Бул чоң имараттар Тажикстандын түштүгүндөгү Өзбекстандын Сурхандарыя облусу менен чектешкен Хатлон облусунун борбору Бохтарга салынды. Оорукана 350 орундуу.

оорукана

Сүрөттүн булагы, courtesy

Азыркы маалда Жапония жана Түркиядан келген адистер медициналык жабдыктарды орнотуп жатат деп жазат тажик басылмалары. Коронавирус менен күрөшүүдө тажиктерге коңшулаш Өзбекстанда жардамга дарыгерлер дагы келип кеткен.

Өткөн жылы Өзбекстан Тажикстанга 18 вагон гумжардам жөнөтүп, анда азык-түлүк жана башка керектелүүчү буюмдар берилген. Андан кийин атайын учак менен дагы жардам жөнөттү.

Көп өтпөй Өзбекстандын Damas үлгүсүндөгү "Тез жардам" унаалары берилген.

Пандемия башталган учурда тажик бийлиги эч кандай катаал карантин чараларына барган жок. Тажикстан формалдуу түрдө чек араларын жапкан жана эл аралык аба каттамдарын токтоткон. Соңку маалыматтарга караганда өлкөдө COVID-19 жуктуруп алгандар саны 13 308 киши, анын 99,3% айыгып чыкканы айтылган. Илдеттен 90 бейтап көз жумган.

Илгери үмүт

Бир учурда Тажикстан батыш коңшусу Өзбекстан менен мамилеси бузулуп, темир жолдору бөгөлүп калган учурлары болду. Тажик тарап коңшусун айыптап, өлкөнү гуманитардык кыйынчылыктарга алып келүүчү экономикалык блокадада калтырууга аракет кылууда деп кайрылууларды жасаган.

Өзбекстан Тажикстандын темир жол байланышын үзүп, газды бууганы боюнча кеңири деле түшүндүрмө берчү эмес. Эки өлкө оротосундагы мамиле Тажикстандагы гидроэлектрстанциясын куруу маселесине байланыштуу солгундаган. Өзбек тарап гидроэлектрстанциясын куруу айыл чарбасына кесепетин тийгизет деп чочулап келген.

учак

Сүрөттүн булагы, courtesy

Ислам Каримовдон кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёев үч жыл ичинде мамлекетти бүт бардык жагынан реформа кылууга аракеттенүүдө. Ошол эле маалда коңшу өлкөлөр менен бузулган мамилелерди оңдоого аракеттенип жатат.

Дүйшөмбүдөн 110 чакырым аралыкта Вахш дарыясында жайгашкан "Рогун" ГЭСинин курулушуна Өзбекстан катуу каршылык кылып келгени маалым. Мындан үч жыл мурун Мирзиеев: "Рогун боюнча олуттуу көйгөйлөр чечилди. Бул аялуу маселе болчу. Бирок биз мунаса таптык",-деп айткан эле. Президент Рахмон болсо Дүйшөмбү коңшу мамлекеттерге "эч кандай оорчулук жаратууну көздөгөн эмес жана келечекте дагы маселе чыкпайт. Биз коңшуларыбызды эч качан суусуз калтырбайбыз" деп жооп кылган.

Азыркы маалда пандемиядан улам тажик-өзбек чек арасы жабык. Чек ара тилкесиндеги миңдеген тургундар чек ара ачылып соода жанданышын күтүп келет.

Дүйшөмбү менен Ташкент ортосундагы аба каттамдарынын жанданышы илгери үмүттү жаратты. Тажикстандын транспорт министри Азим Ибрагим азырынча чек араларды ачуу туралуу сөз боло элек дейт. Бирок эпидемиологиялык кырдаал жакшырганда Өзбекстан менен чек ара ачылышы мүмкүн экенин айтты.

Өзбекстан Ислам Каримовду башкаруусу учурунда Кыргызстанда курулуп жаткан ири ГЭСтерге дагы каршы чыгып, эл аралык экспертиза жүргүзүлүшүн талап кылып келгени бар. Ошол учурда Тажикстан менен Кыргызстан суу башындагы өлкөлөр катары бирдей позицияда туруп, карым-катнашы дагы жаман болгон эмес. Бирок соңку жылдары Борбор Азиянын экономикалык жаткан чабал эсептелген ушул эки өлкөсүнүн ортосунда чек ара маселесинен улам мамиле мурдакыдай болбой калды.

Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапарынан кийин Өзбекстанга бара турганын жарыялады.

"11-12-март күндөрү Өзбекстанга сапарыбыз болот. Андан кийин Кытай жана Түркия мамлекеттерине пландар бар. Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди өтө жогорку деңгээлге жеткирүүгө болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Биздин саясат ушундай",-деди "Казинформ" маалымат агенттигине курган маегинде. Азырынча кыргыз бийлигинин ат башын Дүйшөмбүгө буруу планы жоктой.