Мирзиёевдин региондогу лидерлерге жолдогон каты, түркмөн-өзбек мамилеси

Президенттер

Сүрөттүн булагы, President.uz

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Түркмөнстандын тышкы иштер министрин ушул жылы Ташкентте өтө турган "Борбордук жана Түштүк Азиядагы өз ара кызматташуу: коркунучтар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аталышындагы эл аралык конференцияга чакырган.

Өткөн аптада Ашхабадга Өзбекстандын тышкы иштер министри жумушчу сапары менен барды. Абдулазиз Камиловду түркмөн президент Гурбангулы Бердымухамедов өзү кабыл алды. Тышкы иштер министри өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин түркмөн лидерине жолдогон катын тапшырган.

Камиловдун жумушчу сапарынан бир аптадан кийин өзбек президентинин катына түркмөн президенти жооп берген.

Өзбекстандын тышкы иштер министри ушундай эле жумушчу сапары менен Казакстан, Тажикстан жана Ооганстанга барып, аларга дагы президенттин катын тапшырган. Белгилүү болгондой Абдулазиз Камилов Индияга дагы барат.

Өзбек президенти эмне үчүн региондогу лидерлерге кат жолдоп жатканы белгисиз.

Президент Мирзиёев чөлкөмдөгү чек ара маселесинен тарта соода алакаларына чейинки коңшу өлкөлөр ортосундагы көп жылдык көйгөйдү чечүүгө умтулуп келүүдө. Узак жылдан бери өзбек-түркмөн чек арасы дагы жабык турат. Көпчүлүк регионалдык аналитиктер азырынча Түркмөнстанды региондогу Өзбекстандын негизги стратегиялык өнөгү катары көрбөйт. Бирок коопсуздук жана экономикалык жагынан алганда Түркмөнстан Өзбекстан үчүн өтө маанилүү.

Биринчи кезекте өзбек бийлигин түркмөн-ооган чек арасындагы кырдаал тынчсыздандырат. АКШда бийлик алмашкандан кийин "Талибан" менен сүйлөшүүлөрдүн тагдыры белгисиз болуп турат.

Экономикалык жагынан алганда Түркмөнстан аркылуу Өзбекстан дүйнөлүк базарга чыгуунун эң кыска жолун көрүп тургандай. Өзбекстанда деңиз аркылуу жол жок экенин билебиз. Ошол эле маалда Казакстандан кийинки эле орунда турган региондогу энергоресурстарга бай мамлекет.

Ашхабад

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Түркмөнстан президенти апта ичинде эки жолу өлкөдөгү өзбектер тууралуу сөз кылды. Өзбекстан президенти Мирзиёевдин катына расмий жазган жообунда дагы муну эске салды",-деп жазат Би-Би-синин Өзбек кызматы.

Түркмөнстанды мекендеген өзбектердин саны канча экени белгисиз. Ар кандай эсептөөлөр боюнча жалпы калктын 10 пайызын түзөөрү айтылып жүрөт. Алар негизинен Өзбекстан менен чектеш аймактарда отурукташкандар. Түркмөнстан калкынын саны боюнча региондогу эң чакан өлкө - 2019-жылы калкынын саны 6 млн. чамалап калганы көрсөтүлгөн.

Региондогу бүдөмүк жүргүзгөн саясатына карабастан маркум президент Ислам Каримовдун учурунда деле Өзбекстан менен Түркмөнстандын мамилеси жакшы болуп келген. Бирок Каримов башкарып турган чейрек кылымда Ташкент чет жактардагы өзбектердин абалына көп деле кызыккан эмес. Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин деле айрым Батыш басылмалары Түркмөнстандагы этникалык азчылыктарга салынган тыюулар тууралуу жазып келишкен. Кайсыл тилди үйрөнүүдө, кандай баш кийим кийет, кайсыл телеканалдарды көрөт деген чектөөлөр. Бирок бул айтылгандардын аныгына жетип, иликтөө мүмкүн болгон эмес.

Чет жакта Түркмөнстанды "дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири" катары эсептешет. Бирок жакында бул өлкө кыска аралыкта өзүнүн регионалдык жаңы саясаты менен дүйнөгө таанылган президент Шавкат Мирзиёев көп каттаган мамлекет болуп калышы мүмкүн.

Түркмөн президентине келсек, эмнеге өзбектер тууралуу акыркы учурларда көп сөз кылганы түшүнүксүз. Буга чейин мындай болгон эмес. Расмий булактардан алынган маалыматтарга таянсак, түркмөн президенти Өзбекстандын тышкы иштер министринин көңүлүн "Дашогуздагы өзбектердин эң чоң диаспорасына" буруп, түркмөндөр менен ийиндешип, достукта жашап жатканын айткан экен.

"Алар өз жумуштарын аткаруу менен өлкөнүн өнүгүшүнө дагы чоң салым кошууда",-деген түркмөн президенти. Мисал катары өткөн жылы Дашогуз облусундагы Сапармурат Ниязов атындагы район "Жылдын мыктысы" деп табылганын айтат. Түркмөнстанда жыл сайын өткөрүлүп туруучу бул атайын сынактын жеңүүчүсүнө бир миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү сыйлык берилет.

"Түркмөнстан хроникасы" жазгандай Өзбекстандын тышкы иштер министринин Ашхабадга сапары мына ошол сыйлыкты тапшыруу аземине туш келди. (AbA)