Борбордук Азия-Түштүк Азия: жаңы транспорттук коридор куруу демилгеси

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов өткөн аптада Түркмөнстан, Казакстан жана Тажикстанга иш сапар менен барып, регионалдык транспорттук-транзиттик долбоорлорду талкуулап, аталган өлкөлөрдүн башчыларына президент Мирзиёевдин атынан регионалдык кызматташтык боюнча Ташкентте боло турган эл аралык конференцияга чакыруу тапшырды.
"Борбордук Азия жана Түштүк Азия: регионалдык байланыштар: сыноолор жана мүмкүнчүлүктөр" деген темадагы конференция апрелде өтөт. Аны өткөрүү демилгесин Мирзиёев өткөн жылы ноябрда ШКУнун видеоконференция форматында болгон саммитинде жарыялаган эле.
"Бул өлкөнүн тынчтыкта туруктуу өнүгүшүнө Афганистандын регионалдык соода-экономикалык процесстерге тартуу өбөлгө түзөт деп ишенем. Ушуга байланыштуу биз ШКУ-Афганистан байланыш тобунун алкагында Афганистандын социалдык-экономикалык калыбына келтирүү боюнча практикалык чаралардын планынын эртерек иштелип чыгышына кызыкдарбыз. Транспорттук коридорлорду куруу демилгеси ШКУнун мамлекеттерине жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, бул Афганистанга анын Борбордук Азия менен Түштүк Азияны бириктирген көпүрө катары тарыхый ролун кайтарып бермекчи. Бул жана башка маселелерди 2021- жылы апрель айында Ташкентте Борбордук Азия жана Түштүк Азия: регионалдык байланыштар: сыноолор жана мүмкүнчүлүктөр деген темадагы конференцияда талкуулоону сунуш кылабыз",-деп сүйлөгөн өзбек президенти.
Түштүк багытында кызматташтыкты күчөтүү президент Мирзиеёвдин саясатындагы жаңы пункт болуп калды. Түштүк Азия менен кызматташтыкты өнүктүрүү жана Афганистандагы тынчтыкка көмөктөшүү ушул жылдын артыкчылыктуу багыты болуп жарыяланды.
Апрелде боло турган эл аралык конференция регионалдык кызматташтыкты комплекстүү өнүктүрүү маселелерин карап, жаңы транспорттук коридорду ачууга шарт түзүшү мүмкүн. Өзбекстан үчүн мындагы башкы максат дүйнөлүк океанга чыгуунун кыска жолдорун табууда жана 200 миллион калкы бар Пакистандын рыногуна кирүүдө турат.

Сүрөттүн булагы, official
Ошол эле учурда Пакистан, Ооганстан аркылуу дүйнөлүк океанга чыгууну айрым эксперттер тобокелдүү жол катары эсептеп, анын ишке ашарына көздөрү жетпей турат.
"Транзит Афганистан аркылуу мүмкүн эмес. Афганистанда жыл сайын 2500 теракт болот. Күнүгө алты-жети, кээде сегиз теракт. Пакистанда да ошондой. Бул өлкөлөр аркылуу транзит дээрлик мүмкүн эмес", -дейт регионалдык саясат боюнча эксперт Марат Мүсүралиев.
Кыргызстандын президентине бул конференцияга чакырык азырынча бериле элек, ошондой эле Ташкенттин өкүлү регионалдык транспорттук-транзиттик долбоорлорду расмий Бишкек менен талкуулаган да жок. Мунун ар кандай себептери болушу мүмкүн, бул иштер кийинчерек болушу ыктымал же бул конференцияга кыргыз тарапты чакырбай да коюшу мүмкүн дешет. Бирок буга азырынча расмий деңгээлде жооп жок.
Региондогу транспорттук-транзиттик долбоорлор дегенде, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу отуз жылдан бери ордунан жылбаган иш болуп келатат. Бул долбоор создуктурулган себептүү, кошуна Өзбекстан океанга чыгуунун башка транспорттук коридорлорун карап баштагандай. Ал эми Кыргызстан өзүнүн географиялык артыкчылыгын кандай пайдаланат, акыркы убакта бул жөнүндө сөз дагы болбой калгандай.













