Баткен: Тажикстанда кармалып тургандарды бошотуу талабы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баткендеги өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында бир нече киши митингге чыгып, "чек араны мыйзамсыз кесип өттү", "аткезчилик" деген айып менен кармалган беш кыргызстандык жаранды бошотуу талабы айтылды.
Баткенге жаңы эле дайындалган өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев жергиликтүү басылмаларга берген маегинде "Тажикстанда кыргызстандык үч жаран кармалып турганы" тууралуу маалыматы бар экенин билдирген. Такталбаган ар кандай маалыматтар тарап, кээ бир булактар 20дай киши кармалганын жазууда. Бирок муну расмий бийлик тастыктаган жок. Тажик тарап түшүндүрмө бере элек.
УКМКнын Чек ара кызматы билдирүү таратып, "беш кыргызстандык жаран Тажикстандан 900 кг металл, эки бодо мал, үч койду мыйзамсыз чыгарып бара жаткан жеринен тажик чек арачылары тарабынан 16-февралда кармалганын" ырастады. Айрым ЖМКлардагы "барымтага алуу" тууралуу маалыматтар жалган деди аталган кызмат.
"Чек аранын атайын белгиси жок. Абдан чоң айып пулду айтып жатышат. Менин иним дагы тиричилик деп барган болсо керек, ал дагы кармалып турат. Азыр беш киши деп такталып жатат",-деди митингге чыккандардын бири.
Алардын талабын өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев угуп, бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын түшүндүргөн. Тажик тарап чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөргө 250-300 миң сом айып пул салууда.
"Мен Самаркандектин тургуну Арзыгүл Назировамын. Менин иним дагы кармалып турат. Бийликтен аларды чыгарып берүүнү суранат элем. Айып пулду төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Инибиз өзү экинчи топтогу майып, энеси пенсионер. Эч кандай бизнеси жок, тиричилик деп өтүп кеткен. Өкмөт өкүлү сүйлөшөбүз деп гана койду. Чек арада белги жок, дайыны жок. Анан өтүп кетти деп, 300 миң сомдон айып такканы кандай?",-деди митингге чыккандардын бири.
Тажикстан менен чектеш Баткен облусунда чек ара конуштарындагы чыр-чатактар ырбап, эки тараптан тең нааразылыктар күч. Ошондон улам соңку жылдары Тажикстан менен чек ара чатагын жөнгө салуу улам оорлошуп барууда. Өткөн жылдын башында эле Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Андан кийин дагы ок атышуу менен коштолгон жаңжалдар болду.

Серепчилер чек ара чатактарынын экономикалык кесепетин дагы белгилейт. Бири-бирине тыгыз байланышкан чөлкөм болгону үчүн чек арадагы кырдаал, коңшу өлкөлөр ортосундагы мамиледен улам соода-алакалары, карым-катнаш кыйындап, тургундар болсо бири өндүргөн товарын экинчисине өткөрө албай убара тартууда. Ошондон улам ортодо мыйзамсыз соода жүгүртүү аракети күчөдү. Экинчи жагы, күйүүчү май сыяктуу ири аткезчилик өзүнчө чоң маселе. Буга жергиликтүүлөр өздөрү да каршы чыгып, керек болсо бир учурда аткезчилик менен күйүүчү май өткөрүлөт деген жерлерди өздөрү да кайтара баштаганы бар.
Мурда ушундай мыйзамсыз соода жүгүртүү көрүнүшү Өзбекстан менен курч болуп келген. Анткени өзбек тарап чек ара бекеттерин бир тараптуу жаап салган эле. Ошондон улам өзбек тарап чек араны мыйзамсыз өттү деп кыргыз жарандарына курал колдонгон окуялар катталган. 2017-жылы чек ара бекеттери ачылып, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда соода жанданды. Бирок тажик тарап менен карым-катнаш мурдагыдай болбой калды. (AbA)
















