Тажикстандын Кытайга жолдогон нааразылык нотасы, чек ара боюнча билдирүүсү

Президент Рахмон

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бир катар кытайлык басылмалар жарыялаган макалаларга жооп кылып, Кытайга нааразылык нотасын жолдоду. Тажик тарап кытайлык басылмалардагы маалыматты "чагымчылдык" деп атаган.

Эске сала кетсек, айрым кытайлык басылмаларда "Азыркы Тажикстандын аймагы мурда Кытайдын бир бөлүгү болгон" деген мазмундагы макала жарыяланган. Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин басма сөз жыйынында нааразылык нотасы дал ушул маселе боюнча жолдонгонун ырастады.

"Бул чагымчыл материалдар чыгып кеткенден кийин биз зарыл болгон иштердин баарын алып бардык. Кытайга нааразылык нотасын жолдоп, биздин элчилик КЭРдин Тышкы иштер министрлиги жана бул өлкөнүн көз карандысыз ЖМК өкүлдөрү менен жолукту. Жыйынтыгында бардык макалалар сайттан өчүрүлдү",-деди Сироджиддин Мухриддин.

Би-Би-Синин Өзбек кызматына макала жарыялаган тажикстандык көз карандысыз журналист (ысымы айтылган эмес) "Тажикстан Кытайга жерлерин өткөрүп берүү демилгесин көтөрүп, Памир тоолорундагы мурдагы жоготкон жерлер мыйзамдуу ээсине кайтарылды" деген макала Кытайда өзгөчө популярдуу болгонун жазды. Кытайлык басылмага жарыяланган макалада 2011-жылы Тажикистан Кытайга 1158 кв. метр жерди бергени айтылат.

Тажик расмийлери нааразылык нотасынан кийин Кытай тарап "мындай мазмундагы макалалар көз карандысыз ЖМКларга чыкканын жана расмий Бээжиндин позициясын билдирбей турганын" айтты деп билдирген.

Оzodi сайты "Взгляд" басылмасына шилтеме берип, СССР ыдыргандан кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен чек ара тактоодо Тажикстан эң көп чегинүүгө барып, Кытайга 1,1 миң кв. км жер бергенин жазган. Бул Тажикстандын бүтүндөй аймагынын 0,77 пайызын түзөт. Расмий маалыматтарга караганда Казакстандан талаштуу делген тилкердин Кытайга 407 кв. километри өткөн. Ошондой эле аталган басылма Кыргызстан тарабынан чек ара тактоодо Үзөңгү-Кууштун өткөнүн дагы белгилеп, 161 кв. км жер өткөн деп жазган.

Тажикстандын Кыргызстанга карата билдирүүсү

чек ара жаңжалы

"Өткөн аптада Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын премьер-министри Улугбек Мариповдун талаштуу тилкелер тажик тарапка өтүп кеткен деген билдирүүсүнө жооп берди",-деп жазат тажик журналисти Би-Би-Синин Өзбек кызматындагы макаласында.

"Такталбаган маалыматты таратуу чек ара райондорундагы дагы абалдын туруктуулугун бузушу ыктымал",-деп айтылган билдирүүдө.

Расмий Дүйшөмбү чек ара тилкесиндеги талаштуу тилкелер боюнча Кыргызстанды кандайдыр бир билдирүүлөрдү жасообого чакырган. Кеп бул жерде Төрткүл суу сактагычынын башаты тууралуу жүрүүдө. Февралдын башында премьер-министр Улукбек Мариповдун талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатканда, ал "суу сактагычтын башын дагы алдырыптырбыз" деген мааниде сүйлөгөн. Кийин Марипов расмий видеокайрылуу жасап, анын сөзү бурмаланып кеткенин айтты.

Соңку учурда эки өлкөнүн чек ара тилкелериндеги конуштарда тургундар ортосунда чек арага байланыштуу жаңжалдар катталып келүүдө. Кээде жер, суу талаштан чыккан чатактан кишилер каза тапкан учурлар бар. Буга эки тараптан чек арачылар дагы аралашып кетет.

Кезектеги жаңжалдардын биринде кыргыз тарап Тажикстан жарандары күч колдонуп, өз жаранынын өмүрүнө коркунуч жаратканы боюнча айыптоолорун билдирген. Алардын айрымдарына Интерпол аркылуу издөө жарыяланган.

Буга ылайык Тажикстандын Ворух айылынын тургуну 45 жаштагы Фуркат Абдуфаттоев Орусия аймагынан кармалды. Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Орусияга бул боюнча кат жөнөтүлгөнүн билдирип, ишти көзөмөлдөп жатканын айтат.

Кыргыз тарап берген документке ылайык, Фуркат Абдуфаттоев 2019-жылдын 13-мартындагы чек арадагы башаламандыкка аралашып, кыргыз тарапка ок аткан. Бирок Абдуфаттоевдин адвокаттары ошол күнү ал Орусияда болгонун айтып жатышат.

Москвага иш сапары учурунда премьер-министр Гохир Расулзода тажик жаранынын кармалышы боюнча тынчсыздануусун билдирген. Басма сөз жыйынында Тажикстандын тышкы иштер министрине ушундай эле чаралар кыргыз жарандарына карата колдонулабы деген суроо жолдошкон. Министр эки тараптан тең тиешелүү органдар бул суроону талкуулап жатканын билдирген.

"Биз Тажикстандын Согдий жана Кыргызстандын Баткен облустарынын укук коргоо органдарынын ортосунда биргелешкен жумушчу тобун түздүк. Кылмыш иштери козголуп, иликтөө башталган",-деди Сирожиддин Мухриддин.

Башкортостандын Кугарчин райондук соту Фуркат Абдуфаттоевди Кыргызстанга экстрадициялоо үчүн 2-мартка чейин камакта кармоо өкүмүн чыгарган. Абдуфаттоев чек арадагы жаңжал учурунда айылда болбогонун жана Кыргызстанга экстрадицияланса кыйноого алынышы мүмкүн деп коркуп жатканын айткан. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Абдуфаттоев Кыргызстанга өткөрүлбөйт деген пикирин билдирген. Ошол эле маалда Согдий облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода тажиктер менен кыргыздар кылымдар боюу жакын кошуналык мамиледе жашап келгенин айтты. Конуштар ортосундагы келишпестикерге дыйканчылык башталган учурдагы жол, көпүрө, жер, суу талаш сыяктуу маселелер себеп болуп каларын белгилейт. Раджаббой Ахмадзода бир карыш тажик жери башкаларга берилбейт жана Тажикстанга дагы башкалардын бир карыш жери керек эместигин айтты деп жазды Би-Би-Синин Өзбек кызматына тажикстандык журналист.