"Рогун" ГЭСи ишке кирди, региондогу суу-энергетикалык баланс кандай болот?

"Рогун" ГЭСи

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Рогун" ГЭСи
    • Author, Алмаз Чороев & Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Тажикстан өткөн аптада 3.9 миллиард долларга бааланган "Рогун" ГЭсинин алгачкы агрегатын ишке киргизди.

"Рогун" ГЭСи өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштыкты чечет деп айтылууда. Андан тышкары кыш мезгилинде ашыкча электр энергиясын коңшу мамлекеттерге сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Алгачкы агрегаттын ачылышы Эмомали Рахмондун туулган күнүнө туш келди. 26 жылдан бери Тажикстанды башкарып келе жаткан президент Рахмон 66 жашка чыкты. Тажикстанда лидердин керт башына сыйынуу кеңири жайылган. ГЭСтин салтанаттуу ачылышына уулу менен келген президентти, алдына гүл төшөп тосуп алган кадрлар коомдук сайттарда кызуу талкууга түшүүдө.

Айрымдар болсо "Рогун" ГЭСине Рахмондун атына ыйгаралы деп сунуштап дагы жиберишти.

"Рогун" ГЭСи

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images

"Рогун" ГЭСи канчалык кубаттуу?

"Рогун" ГЭСи өлкөнүн баш калаасы Дүйшөмбүдөн 110 чакырым аралыкта, Вахш дарыясында жайгашкан. Вахш Борбор Азия аймагындагы чоң дарыялардын бири.

"Рогун" ГЭСи 3,600 мегават электр кубатын иштеп чыгууга кудуреттүү. Демек, "Рогун" бир эле Тажикстан эмес, Борбор Азиядагы электр таңкыстыгын жаба алат дейт эксперттер.

Электр станциясында алты генератор болот. Ар бири 600 мегават электр кубатын иштеп чыгат. Суу сактагычтын бийиктиги 335 метрге чамалайт. Мунусу менен "Рогун" дүйнөдөгү эң бийик электр станциясы болуп калды. Кытайдагы эң ири эсептелген "Цзиньпин-1" ГЭСинен (305 метр) жана Тажикстанда совет доорунда курулган "Нурек" ГЭСинен 35 метрге бийик. "Рогундун" экинчи агрегаты 2019-жылдын апрель айында ишке кирет деп күтүлүүдө.

Долбоор 1970-жылдары эле даярдалган экен

Сүрөттүн булагы, Yuri Mashkov/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Долбоор 1970-жылдары эле даярдалган

Долбоор 1970-жылдары эле даярдалган. 1976-жылы курулуш иштери башталып, бирок толук бүткөнгө чейин СССР тарап, курулуш токтоп калган. Андан кийин өлкөдө жарандык согуш тутанып, экономикалык каатчылыктар болду. Энергетикалык оор кризиске кабылып, Тажикстан көп жылдар бою курулушту соңуна чыгара албай калган.

1994-жылы Тажикстан менен Орусия курулушту кайра жандантуу боюнча келишимге жетишкен. Орусия ишти шыр баштап кетпей, кийин Тажикстандын парламенти келишимди бир тараптуу жокко чыгарды. 2004-жылы Тажикстан кайрадан Орусиянын "РУСАЛ" компаниясы менен келишим түзгөн. Бирок бул компания дагы курулуш иштерине киришпей коюп, Дүйшөмбү кайра эле келишимден чыгууга аргасыз болот.

Каршылыктардын алдында курулган ГЭС

Борбор Азиядагы суу башы эсептелген Кыргызстан менен Тажикстандагы гидроэнерегетикалык курулуштарга төмөндө жайгашкан өлкөлөр - Казакстан менен Өзбекстан ар дайым каршылык билдирип келди.

"Рогун" ГЭСинин курулушуна өзгөчө Өзбекстан катуу каршы турду. Ташкент "Рогун" ГЭСи айлана-чөйрөгө жана айыл чарбасына олуттуу коркунуч туудурат деген жүйөө келтирген.

Өзбекстандын каршылыгынан улам 2014-жылы Дүйнөлүк Банк атайын экономикалык, экологиялык жана техникалык иликтөө жүргүзгөн. Уюм Тажикстандагы "Рогун" ГЭСинин курулушу эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурбайт деген тыянак чыгарган.

2014-жылы Дүйнөлүк Банк экономикалык, экологиялык жана техникалык иликтөө жүргүзгөн

Сүрөттүн булагы, Nozim Kalandarov\TASS via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2014-жылы Дүйнөлүк Банк экономикалык, экологиялык жана техникалык иликтөө жүргүзгөн

Ошону менен бирге Дүйнөлүк Банк "Рогун" ГЭСин курууда эл аралык келишимдердин бардыгы аткарылса, анда Тажикстанды электр энергия менен эле камсыз кылбастан, кургакчыл жылдары коңшу өлкөлөргө кошумча суу берүү аркылуу дагы пайдалуу болушу мүмкүн деп билдирүү тараткан.

Бирок ага карабастан Ташкент Тажикстанды экономикалык блокадага алып, Дүйшөмбү оор кыйынчылыкка кептелди.

2016-жылы июль айында италиялык "Салини Импрегило" компаниясы "Рогун" ГЭСин куруу боюнча тендерди утуп алды. Ошентип баш аягы 40 жылдан кийин - 2016-жылдын 29-октябрында Рогунда кайрадан курулуш жанданды.

Курулуш иштеринин жандуу башталган учуру Өзбекстандын лидери Ислам Каримов каза болгондон кийинки учурга туш келет. Анткени Өзбекстандын бийлигине Мирзиеев келгенден кийин мурда талаштуу делген көп маселелер боюнча орток пикир табууга жол издеди. Айталы, ГЭСтин курулушуна мурдагы маркум президент Каримов сыяктуу катаал позицияны карманган жок. Тескерисинче, Ташкент 1.5 миллиард киловатт электр энергиясын Тажикстандан алып, ордуна газ берип жатат.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Региондо абал өзгөрдүбү?

Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер 1993-жылдан бери суу ресурстарын бөлүштүрүү маселесинде орток пикир таба алган эмес. Буга Кыргызстан менен Тажикстан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө, ал эми Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын ирригациялык максатта гана колдонууга кызыкдар болуп жатканы себеп.

Март айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Тажикстанга расмий иш сапары менен келип, эки тарап суу ресурстарын туура колдонуу боюнча мунаса тапканын жана келечекте ири долбоорлорду чогуу ишке ашырууга макул болушканын жар салган.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

"Рогун боюнча олуттуу көйгөйлөр чечилди. Бул аялуу маселе болчу. Бирок биз мунаса таптык",-деп айткан Мирзиеев.

Президент Рахмон болсо Дүйшөмбү коңшу мамлекеттерге "эч кандай оорчулук жаратууну көздөгөн эмес жана келечекте дагы маселе чыкпайт. Биз коңшуларыбызды эч качан суусуз калтырбайбыз" деп айткан.

Август айында президент Рахмон иш сапары менен Ташкентке барып, Өзбекстан менен Тажикстан Зарафшан дарыясынын боюна 320 мегаваттык эки гидроэлектр станция куруу боюнча келишимге жетишти.

Өзбекстандын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык курулуштарга мамилеси кандай болуп жатат?

Буга чейин "Рогун" ГЭСиндей эле, Ташкент "Камбар-Ата" ГЭСинин курулушуна каршылыгын билдирген.

2017-жылы сентябрь айында өзбек лидери иш сапары менен Кыргызстанга келгенде, "Камбар-Ата" ГЭСин чогуу куруу боюнча Бишкектин сунушун дагы колдогон. Анда мурдагы президент Атамбаев өлкөдөгү ГЭСтер "Өзбекстандын катышуусуз курулбайт" деп айтыканы бар.

"Камбар-Ата-2" ГЭСинин биринчи агрегаты

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Камбар-Ата-2" ГЭСинин биринчи агрегаты

Дүйнөлүк жана жергиликтүү адистер чөлкөмдөгү суу Борбор Азия мамлекеттерине жетиштүү экенин баса белгилешүүдө. Түпкү максат - аймактагы суу ресурстарды натыйжалуу, үнөмдүү жана туура пайдалануунун жолун табууда турат.

Мисалы, жалпы баасы бир миллиард доллардан ашкан CASA-1000 долбоору боюнча бирдиктүү иштер он жылдан бери уланып келатат. Ага ылайык, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы ГЭСтерден Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын алып баруу үчүн 1,3 чакырымдык линияларды куруу каралган.

CASA-1000 долбоору

Куруу иштери бүткөн соң электр энергиясы Кыргызстандан Тажикстанга (447 чакырым) жаңы жогорку чыңалуудагы линиялар менен андан ары Ооганстан менен Пакистанга (750 чакырым) кетет.

CASA-1000 мурдагы СССРдин экономикасы чабал өлкөлөрү Кыргызстан менен Тажикстандын ички керектөөлөрүн гана чечпестен, электр энергиясын сатуусуна дагы мүмкүнчүлүк берет.