CASA-1000 Борбор Азия менен Түштүк Азияны бириктирет

Сүрөттүн булагы, BBC Farsi

    • Author, Анора Саркорова
    • Role, Би-Би-Синин Дүйшөнбүдөгү кабарчысы

Тажикстан жана Кыргызстан Афганстан менен Пакистанга жылына беш миллиард киловатт саатка чейин электр энергиясын берип тура алат. Ал үчүн бейшембиде Дүйшөмбүдөн 60 чакырым алыстыктагы Турсунзаде шаарында ачылышы өткөн региондор аралык CASA-1000 долбоору ишке ашыш керек.

Долбоорду Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), АКШнын мамлекеттик департаменти, Британиянын эл аралык кызматташтык министрлиги (DFID) жана Австралиянын эл аралык өнүктүрүү агенттиги колдоду.

Жалпы баасы бир миллиард доллардан ашкан CASA-1000 долбоору боюнча бирдиктүү иштер он жылдан бери уланып келатат. Ага ылайык, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы ГЭСтерден Афганстан менен Пакистанга электр энергиясын алып баруу үчүн 1,3 чакырымдык линияларды куруу каралган.

Бул төрт өлкөнүн өкүлдөрү билдиргендей, долбоор кызыктар тараптар үчүн, анын ичинде Өзбекстанга да ачык. Өзбекстан да аймакта электр энергиясын экспорттоочулардын бири.

Бир нече жыл мурда Өзбекстан Борбор Азиянын бириккен энергетика системасынан чыгып кеткен. Бул баарыдан мурда Кыргызстан менен Тажикстанга таасир этип, кышкысын электр энергиясы тартыш болууда.

Пайдалуу кызматташуу

Куруу иштери бүткөн соң электр энергиясы Кыргызстандан Тажикстанга (447 чакырым) жаңы жогорку чыңалуудагы линиялар менен андан ары Афганстан менен Пакистанга (750 чакырым) кетет.

CASA-1000 мурдагы СССРдин экономикасы эң эле артта калган өлкөлөрү деп айтылып келаткан Кыргызстан менен Тажикстандын жайкысын ашыкча электр энергиясын сатып гана тим болбостон, кышкы маселелерин да чечет.

“Тажикстандын суу ресурстарынын өндүрүштүк кубаттуулугу 527 миллиард киловатт саат, бирок анын беш пайызы гана өздөштүрүлгөн. Жай айларында биз башка мамлекеттерге пайдасын бере ала турган беш млрд киловатт саатты жоготобуз. Андан сырткары бул долбоор биз абдан муктаж болуп турган өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жетүүгө көмөктөшөт”, - деди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Ачылыш аземинде Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф жана анын кесиптештери Афганстан менен Кыргызстандын өкмөт башчылары Абдулла Абдулла жана Сооронбай Жээнбеков келишти.

Мурдараак Кыргызстандын расмий делегациясын президент Алмазбек Атамбаев жетектери кабарланган. Анын Тажикстанга расмий сапары учурунда тажик президенти менен чек ара тууралуу келишимге кол коёт деп күтүлгөн. Бирок ал келген жок.

Би-Би-Синин орус кызматына кыргыз дипломаттары билдиргендей, тараптар талаштуу маселелер боюнча орток пикир таба алган жок жана бул кыргыз лидеринин Тажикстанга барбай калышына себеп болду.

Экологиялык таза энергия

Сүрөттүн булагы, BBC Farsi

“Пакистан менен Афганстан Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭСтеринде өндүрүлгөн экологиялык таза энергия менен камсыз болот. CASA-1000 – бул, регион өлкөлөрүнүн кызматташууга болгон эркин жарыялоо”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Дэниел Розенблюмдун айтымында, CASA-1000 өлкөлөрдүн бир гана техникалык маселелер эмес, саясий маселелер боюнча да сүйлөшө алыша турганын далилдеп жатат. АКШ бул долбоорго 15 миллион доллар инвестиция салды.

“АКШ суу-энергетикалык маселелер боюнча талаш-тартышка арачы болууга кызыктар эмес. Биз мамлекеттер бул маселени бир үстөлгө отуруп, чечип алат деп үмүт кылабыз. Бирок АКШ Борбор Азия мамлекеттери менен АКШнын ортосунда ошол эле экономика, айлана-чөйрө тууралуу сүйлөшүүчү топ түзүү сунушу менен чыкты”, - деди ал.

Коңшулардын реакциясы

Сүрөттүн булагы, bbcuzbek.com

Ал арада долбоордун ишке ашуусуна коңшу Казакстан менен Өзбекстан көз салып турган учур.

Акыркы он беш жылда Тажикстан электр энергиясынын тартыштыгынан жапа чегүүдө. Үзгүлтүксүз электр жарыгы Дүйшөмбүдө, Тоолуу Бадахшан автоном облусунда жана райондук борборлордо гана берилет. Республиканын башка бөлүктөрү, айрыкча айыл жерлери жыл сайын 7-8 айдан суткасына 12-16 сааттан жарыксыз калат.

Тажикстандагы Рогун ГЭСин бүтүрүүгө инвестиция табуу Өзбекстан курулушка уруксат бергенде жеңил болот. Өзбекстан дагы Тажикстан аркылуу агып чыккан дарыяларга көз каранды. Бирок өзбек бийлиги Кыргызстандагы жана Тажикстандагы суу-энергетикалык демилгелерге каршы чыгып келет.

Өзбекстан жаңы гидрообъекттери олуттуу экологиялык проблемаларды жаратып, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда ичүүгө жана сугарууга суу тартыш болуп калат деп чочулайт.