Арал деңизин адам соолуткан, эми деңиз адамга илдет алып келди
Соолуган Арал деңизинин түбүндөгү химикат жана чаң абага көтөрүлүп, шамал аны Каракалпак аймагына алып келүүдө. Жергиликтүү тургундар ооруп, көз жумуп жатат. Өзбекстан соолуган деңизден кийинки чөлдү токойго айланткысы келет. Мындай кырдаалды Өзбекстанды амбициялуу долбоору өзгөртө алабы?
Арал деңизи 40 жылдын ичинде соолуду. Балыкчылардын кемелери, кайыктар бир учурда эле кумга башы сайылып, чөлдүн ортосунда калды.
Борбор Азиядагы эң чоң дарыялар - Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыя Арал деңизине куйган. Чөлкөмдү чыгышынан жана батышынан кесип өткөн дарыялар советтик пахта өндүрүшүндө сугатка бурула баштады.
Советтик лидерлер Борбор Азияны ири пахта өндүрүүчүгө айланткысы келген. Бул убактылуу ишке да ашкан экен. Айталы, 1980-жылдары Өзбекстан пахта өндүрүшүндө лидер болуп турган. Өзбекстан азыр деле дүйнөдөгү эң ири пахта өндүрүүчү беш өлкөнүн катарына кирет.
Акырындап Аму-Дарыянын чоң бөлүгү Арал деңизине жетпестен пахта талааларына бурулуп кете баштаган. Байыркы гректерге чейин Оксос деп белгилүү болгон улуу дарыя бир учурда, мындан беш жыл мурун Аралга куйбай калды.
Сыр-Дарыя дагы деңизге мурдагыдай көлөмдө агып кирбей, жайлап баштаган. Бирок 1980-жылы кабыл алынган эл аралык келишимдин негизинде Сыр-Дарыя дале деңизге куйуп жатат.

Деңиз акырындап соолуп, анын түбүндөгү айыл чарбасына колдонулган химикаттардан калган калдыктар балыктардын кырылышына алып келген. Туздардын жайылышы, Амударыя менен Сырдарыяда жер семирткичтер менен уу химикаттардын концентрациясынын көбөйүшү Арал деңизинин аймагын экологиялык курч абалга алып келген. Совет бийлиги пахтанын артынан түшүп алып, балыкчылыкты жок кылды, андан кийин Аралдын өзүнө чоң зыян алып келди.

Арал деңизи эки туздуу көлгө бөлүнүп кетти: түштүгү Чоң-Арал көлү Өзбекстан аймагында, Кичи-Арал көлү Казакстандын түндүгүндө. Арал маселесин чечүү боюнча көптөгөн аракеттер көрүлүп келүүдө. (AbA)