“CASA-1000” долбоорунда Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Синин Оштогу кабарчысы

Тажикстан баш калаасы Дүйшөмбүдө “CASA-1000” долбоорунун ачылышына катышуу үчүн Ооганстан, Пакистан, Кыргызстандын жетекчилери чогулууда.

Кыргызстандын атынан катышып жаткан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тажикстанда эки күндүк иш сапары менен болот деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

Дүйнөлүк банк демилгелеп, эл аралык каржы уюмдары колдоого алган “CASA-1000” долбоорунун наркы 1,17 млрд доллар деп айтылган болчу. Долбоорго ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандан Пакистан менен Ооганстанга электр энергиясын экспорттоо жагы каралган.

"Биригүү символу"

Ооганстан президенти Ашраф Гани тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуусунда бул долбоорду кубаттоого алып, келечегинде долбоор чөлкөмдөгү мамлекеттерди бириктирет деген ишенимин билдирди.

“СASA символго жана үлгүгө айланды! Биздин эркибизди көрсөтүп, өз алдынча жүргөн Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттерди бириктирди. Эми электр энергиясын иштетүү системасы регионду бириктирет. Демек CASA линиясынын ар бир метри Тажикстан, Кыргызстан, Ооганстан, Пакистан жана келечекте Индияны байланыштырат. Бул кубаттуу электр энергиясын жаратуу системасы - чөлкөмдүн бакубаттуулугуна салым кошот”-деди Ашраф Гани.

Долбоорго ылайык, төрт өлкө биригип электр энергиясы өтө турган линия курушу керек. Айрым басылмалар курулган электр линиялары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 477 чакырымды, Тажикстандан Ооганстан-Пакистанга чейин 750 чакырымды түзөрүн жазышууда. Долбоорго каралган каржаттардагы чыгымдар болжолу Тажикстанга 314 миллион, Кыргызстанга 209, Ооганстанга 354, Пакистанга 209 миллион доллар деп бөлүнгөн.

Долбоор өзүн кантип актайт?

“Бул долбоордун негизинде 1300 MВт электр энергиясы өтө турган линия курулат. Муну төрт өлкө биригип курушу керек. Маселен баасын айтсак, Кыргызстан менен Тажикстан Пакистанга 9,4 центтен сатат. Бул баа инфляцияга карата өзгөрүп турат. Ошонун эсебинен алган насыялар жабылышы керек. Кыргызстан өз аймагына 450-500 чакырымдай электр линиясын курат. Мунун 5-10 жыл ичинде акчасы төлөнүп, Кыргызстандын менчигине өтөт. Бул жерде мамлекеттик казынадан же баа наркын көтөрүү менен долбоорлор эч качан каржыланбайт. Сатылган электр энергиясынан түшкөн каражаттан гана долбоор өзүн өзү актап чыгат. Келишимде алып жаткан тарап кокустан акчасын төлөй албай калса, ортомчу банктар ал акчаны калыбына келтирип берүү кепилдиги да каралган”,-деди бул долбоорду жакындан билген мурдагы энергетика министри, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев.

Долбоорго кирген Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азияда суу башы эсептелгени менен соңку жылдары энергетикалык каатчылык өздөрүнүн да шаштысын алып жатканы, бул маселеде көптөгөн талаш пикирлерди жаратты. Маселен, Кыргызстан быйыл эле коңшулаш Казакстандан 218 миллион киловатт саат электр энергиясын сатып алууга мажбур болууда.

“Мындан эки жыл мурун Кыргызстандагы абал такыр башкача болчу. Нарын каскадында Орусия тараптын колдоосу менен ГЭС курула турган болсо, Кыргызстандын экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгү артат деп күтүлүп жаткан. Тилекке каршы ал эмне менен бүткөнүн көрдүк. Ошол эсеп менен энергетика тармагындагы эски жабдыктарды оңдоо, абалды жакшыртуу үмүтү бар эле. Азыркы кезде суу энергетикалык рессурстун ондон бир гана бөлүгүн пайдаланып жатабыз. Ѳзүбүздүн ички керектөөбүзгө да жетпей, сырттан сатып келип жатабыз. Ошондуктан бул долбоордогу милдеттерин Кыргызстан аткара алабы деген суроо бар”,-дейт экономика тармагы боюнча адис Эркин Абразаков.

Инвестор келет деген ишеним

Бирок бул долбоор Кыргызстанга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берип, анын арты менен курулбай калган ГЭСтерге да инвестор тартсак болот дейт депутат Осмонбек Артыкбаев:

“Биздин ички нарктын төмөндүгүнө байланыштуу ГЭС куруу үчүн инвесторлор келбей жатпайбы. Бул долбоор ишке кирип баштагандан кийин ГЭС куруу экономикалык жактан пайдалуу болуп, курулбай жаткан ГЭСтерге инвесторлор келет деген ишеним бар. Бишкекте ТЭЦ курулуп жатат, Камбар-Ата-2 курулса мүмкүнчүлүктөр ачылат. ”

Коңшулаш Тажикстанда Кыргызстанга караганда жай мезгилинде электр энергиясын сыртка сатууга мүмкүнчүлук бар деп айтылып жатат. Былтыр Кыргызстан Тажикстандан да электр энергиясын сатып алууга аргасыз болгон. Ошого карабастан кыргыз расмийлер эл аралык каржылык уюмдар тарабынан каржыланып жаткан “CASA-1000” долбооруна үмүт артып турушат.